بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Аллахтын шариаты өкүмдар болбосо, эч качан түптөн өзгөрүү болбойт!
Мусулмандарды жана бүткүл адамзатты Аллахтын шариаты гана куткарат
Дүйшөмбү күнү Хизб-ут-Тахрир–Ирак вилаяты билдирүү жарыялады, билдирүүдө мындай делет:
«Иракка баскынчылык кылып кирген Америка өлкөнү көзөмөлдөө үчүн бир топ коррупциячыларды бийликке алып келип, аларды партиялар жана полицейлерден турган мафия менен коргоду.
Бу демонстрациялар жаңылык эмес. Ондогон жылдардан бери нааразылык демонстрациялары токтобой келе жатат. Ал эми, улам алмашып жаткан өкмөттөр ооз ачышкан жок». Билдирүүдө минтип кошумчаланат:
«Мусулман өлкөлөрүндөгү проблемалар – бийликти Батыштагы кожоюндарынын долбоорлорун жүзөгө чыгаруудан жана өлкөдө бузгунчулукту жаюудан башка нерсени билбеген бир ууч жуундукор кылмышкерлер ээлеп алганынын табигый натыйжасы. Ошону менен бирге, капиталисттик түзүмдү колдонуунун табигый жемиши». Билдирүү минтип жыйынтыкталат:
«Демонстрацияларда ыплас капиталисттик түзүмдү оңдоп түзөө талабы эмес, түпкү чечимдер талап кылынышы зарыл. Адамдарды гана өзгөртүү ар күнү коррупциянын ачуу натыйжаларын көрсөтүүдө. Ал эми, түпкү чечим – Аллахтын шариаты өкүмдар кылынбаса – эч качан ишке ашпайт, ушул шариат гана бүткүл адамзатты куткарат».
Роя гезити, №256, 2019–жыл, 16–октябрь.