بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Хизб-ут-Тахрир Тунис вилаяты чет өлкөлөрдүн элчиликтери Тунистеги саясий турмуштун ар бир ишине аралашуусун каралайт
Хизб-ут-Тахрир чет мамлекеттердин элчиликтери Тунистеги саясий турмуштун ар бир ишине мурдун салып жатканын, бетпактык жана акаараттоо менен аралашып жактанын каралады. Тунистин убактылуу президенти Мухаммад Насирдин АКШ депутаттарынын делегациясын кабыл алышы да чет элдик аралашуунун бири болуп эсептелет. Делегацияга төрагалык кылган АКШ өкүлдөр палатасынын мүчөсү Алсее Хэйстингс берген бул билдирүү, анын өлкөсү батышча демократиялык илманий долбоорлорду сунуштоо менен Исламды башкарууга жакындатпоого умтулуп жатканы көрүнүп турат: «Делегациябыздын сапарынан максат – өлкөбүз Тунистин демократияга өтүшүнө абдан кызыгууда, Тунистин терроризмге каршы күрөштөгү ийгилигин, өнүгүп жаткан демократия сыпатындагы стратегиялык ролу бүтүндөй региондо туруктуулукту камсыздоого жана бекемдөөгө кызмат кылышын мамлекетибиз жогору баалайт».
Буга карата Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаятынын маалымат бөлүмү өз билдирүүсүндө ушуларды баса белгиледи:
«Бул сыяктуу билдирүүлөрдөн көрүнүп тургандай, бүгүн Батыш өз кызыкчылыгы жана Исламды бийликке алып келбөө үчүн өлкөлөрүбүздө айла-амал жана бузгунчу оюнду – демократия оюнун алып барууда. Батыштын Тунис калкынын шайлоолордо катышуусун өтө каалаганынын сыры ушунда, ал өз системасын бекемдөөдө жана цивилизациясын коргоодо Тунисти регион мамлекеттерине үлгү кылып көрсөтмөкчү. Мындан регион калктары Ислам негизинде түп тамырынан натыйжалуу өзгөрүүгө карай козголбостугун камсыздоо көздөлгөн». Билдирүүнүн соңунда Тунис калкына кайрылуу жасалды:
«Аллах Таала силерди диктатор режимдерге каршы козголгон биринчи калк болуу бакытына жетиштирди. Силер баштаган козголоңдун оту региондо дагы эле өчкөн жок жана дагы эле колонизаторлордун тынчын бузууда. Ошондой болгон соң, баштаган козголоңуңарды Ислам менен аяктагыла, таза шариятты колдонуу, демократиялык режимди жана колонизаторлукту бекемдеген шайлоону жокко чыгаруу аркылуу Аллахка жардам бергиле, ошондо, Аллах силерге нусрат-жардам берип, кадамыңарды бекемдейт. Биз, силердин Хизб-ут-Тахрирдеги боордошторуңар, биргеликте аракет кылууга жана бизге нусрат берүүгө чакырабыз. Нусрат баарыбыз эзилип жаткан залим падышалык замандан кийин Аллах Субханахунун убадасын жүзөгө чыгаруу үчүн Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи Халифалыкты кайра тартуу кылсын.
﴿وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنْكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُمْ فِي الْأَرْضِ…﴾
«Аллах силерден ыйман келтиргендерге жана жакшы амалдар кылгандарга жер жүзүндө халифа кылууну… убада кылды» [24:55]».
Роя гезити, №255, 2019-жыл, 7-сентябрь.