Кыргызстан дары-дармек импортун көбөйттү
Кыргызстанда мурунку жылдарга салыштырмалуу дары-дармек импорту өстү. Бул тууралуу статистика комитетинин маалыматында айтылды.
Маалыматка ылайык, 2018-жылы жалпысынан 148 млн. 385 миң 100 долларга 5 миң 536 тонна дары-дармек импорттолгон. 2019-жылдын алты айында эле 5 миң 130 тонна дары-дармек 95 млн. 780 миң 100 долларга сатып алынган.
Ал эми дары-дармек алынган өлкөлөрдүн сап башында Индия турат. Бул өлкөдөн 2018-жылы 18 миллион доллардан ашык суммага дары-дармек сатып алынган. Быйылкы жылдын 6 айында бул сумма 12 миллион 586 миң 400 долларды түздү.
Белгилүү болгондой капитализм пайдага гана негизделгендиктен, дары-дармек бизнеси дүйнөдө алдыңкы кирешелүү тармактардын бирине айланды. Алдыңкы 3 компаниянын эле кирешеси 2018-жылы 138 млрд доллардан ашкан. Мындан да жаманы, капиталисттик системада дарылар ооруну түп тамырынан жок кылууга эмес, убактылуу токтотууга гана каратылган. Анткени, оорулар жоголуп кете турган болсо, жогорудагы ишканалар банкротко учурайт. Ал эми капиталисттик система ушул ишкерлерге таянып өмүр сүргөндүктөн, алардын банкротко кабылышына жол бербөөгө бүткүл күчүн сарптайт.
Ал эми Исламдагы медициналык система ооруларды түп тамырынан айыктырууга багытталат жана бекер жүргүзүлөт. Анткени, бул тармак үммөттүн зарурий муктаждыгына кирет. Мунун тафсилатын билүү үчүн Ислам түзүмүндөгү медициналык тармакка кайрылууңуздарды сунуштайбыз.
Мумтаз Маверанахрий