“Ала качуу кылмыш экенин коомчулук толук түшүнө элек”

780
0

“Ала качуу кылмыш экенин коомчулук толук түшүнө элек”

Социалдык тармактарга көшөгөдөн чыгып кетүүгө аракет жасап ыйлаган кыз, аны күчкө салып отургузууга аракет кылган аялдар, кыздын үнүн басуу максатында бакырып ырдап жаткан жаштар тууралуу тасма тарады. Тасманын алдына окуя Талас аймагында болгондугу жана 16 жаштагы кызды өзүнөн жыйырма жаш улуу адамга ала качып келишкени жазылган.

Бул боюнча Талас облустук Ички иштер башкармалыгы тасма кайдан тартылгандыгын тактап териштирип жаткандыктарын маалымдашты.

Биз аталган жагдай боюнча «Сезим» кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова менен маек курдук.

— Саламатсызбы? Айтсаңыз, интернетке тараган тасма эмнеден кабар берет?

— Мыйзам кабыл алынды. 10 жылдан бери бир топ коомдук уюмдар айтып, талкуулап келүүдөбүз. Бурулайдын окуясы да көп талкууланды. Дагы канча кыздын тагдыры талкаланышы керек? Биздин жарандарыбыз мыйзамды тыйынча көрбөй калганбы? «Ала качкан гана эмес, ага көмөктөшкөндөр да соттолот», — деп айтылып эле жатат. Бирок коомчулуктун жагдайына эмне дээримди билбейм.

— Мыйзам кабыл алынганын айтып өттүңүз. Ага карабай мындай фактылар катталып жатса, ал иштебей жатабы? Же жетишсизби?

— Жок, атууга кетирүүдөн башкасы жетиштүү эле. Мыйзамда зордоп ала качкан адам 5-7 жылга чейин камалары жазылган. Мен айтып өткөнүмдөй, ар бир адам муну кылмыш деп кабыл алышы керек… Булак, “Марал” радиосу.

Коментарий:

Чектелген акылдан келип чыккан куфр  мыйзамчылыгы адамзаттын жашоосун тартипке салуунун ордуна, тескерисинче жардын жакасын көздөй түртүп барууда.

Жогорудагы пикирлерди окуп чыкканда “даяр эрежелер, өкүмдөр турганда, ушунча адам баш оорутуп мыйзам чыгаруунун эмне кереги бар” деген ойлор келет! Бул мыйзамдар жараксыз экендигине өздөрү деле күбө болуп жатышат, анткени чыгарган мыйзамдары тез эле эскирип, көйгөйлөрдү чечүүгө жарабайт. Бир топ депутат отуруп бири ал десе, бири башканы айтып өзүнүкүн макулдайт. Эгерде катардагы адам пикирлебесе өзүнө гана зыян жеткирет. Ал эми жетекчилер туура пикирлөөнү билишпесе анда элдин баарына зыяны тийет.

Жогорку Кеңеш да социалдык көйгөлөрдү мыйзам жолу аркылуу чечүүгө аракет кылууда. Бирок мунун баары пайдасыз. Себеби, бири-бирине шайкеш келбеген эрежелерден турат. Мисалы жогоруда айтылгандай, бир тараптан кыз ала качуу үчүн жаза дайындалса, экинчи тараптан 18 жашка чейин никеге турууга тыюу салып коюшту.

Негизи Расулуллах с.а.в.: “Кыздарыңар балагатка жеткенде аларды узатууга шашылгыла,  антпесеңер бузукулук көбөйөт”, – деген.

Бир гана ушул шаръий эрежеге амал кылбаганыбыз себептүү, көчөлөрдө денесин саткан кыздар көбөйүп, андан тышкары социалдык тармактарда да өздөрүн жарнама кылган кыздар жайнап кетти.

Шариятын ар бир өкүмүндө хикмат бар.  Илманий  режим болсо проблеманын чечимин чектелген акылдардан издейт. Кыздарыбыздын мектептерде эркек балдар менен аралаш окуусу бир көйгөй болсо, алардын кийинүү эркиндиги, жубай тандоо эркиндиги жөнүндө сөз кылуунун кажети жок. Кээ бир кыздар көчөлөрдө кумарын кандырып жүрсө, башкалары көчөдөн эр тандап ата-энесине тааныштырганы алып келет. Үй-бүлөдөгү атанын орду, валийлик укугу, анын ыраазылыгы эч кимди кызыктырбайт. Шарият көз карашынан туруп иш кылмайынча, бул проблемалар чечилбестен, тескерисинче чиелеше берет. Буга ал тургай, фасык ата да ыраазы болбойт.  Дилинде перзентине карата тынчсыздануу, нааразылык пайда болот.

Перзенттин акы-укугу, ата-эненин орду, никеге туруу эрежелеринин  бардыгын Шарият анык кылып белгилеп койгон. Бирок, андан алыстаган сайын абалабыз начарлап барууда.

Чындыгында бул илманий (светтик) түзүм уулуу бир өсүмдүк сыяктуу болуп, ал жалаң гана залалаттан азыктанат. Анын кээ бир жерлерине напсибизге ылайык келген шаръий өкүмдөр менен жамак салбастан, түп-тамыры менен сууруп таштап, анын ордуна Жаратуучубуз ыраазы боло турган тартиптеги жашоо таризин, башкача айтканда Исламды турмушка алып келели. Аталардын макамын өз ордуна коёлу, кыздарыбызга зулум кылбайлы. Кыздарыбыз – ар-намысыбыз. Аларды коргоп, көздүн карегиндей сакташыбыз, таза бойдон турмушка узатышыбыз важиб.

Мунаввара Азиз

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here