Кыргызстандагы даректүү тасмалар фестивалы балдардын укугун коргоого арналат

577
0

Кыргызстандагы даректүү тасмалар фестивалы балдардын укугун коргоого арналат

Быйыл “Бир дүйнө – Кыргызстан-2019”  фестивалындагы даректүү тасмалар балдардын укугун коргоо темасына арналат. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары маалымдашты.

Кабарда келишинче, фестивалда 10 өлкөдөн келген 20дан ашуун даректүү тасма көрсөтүлөт.

Фестиваль 11-ноябрдан 15-ноябрга чейин өтөт. Иш чаранын алкагында балдардын укуктары, балдарды коргоо боюнча 15 семинар, талкуулар өтөт.

12 жыл аралыгында фестивалда 450даө ашуун даректүү тасма көрсөтүлгөн. Ар жылы иш чарага 5 миңден ашуун адам катышкан.

Комментарий:  Дүйнөдөгү адам укуктарын коргоо, анын ичинде жаш балдардын укуктарын коргоо да куфр дүйнө карашы негизинде ишке ашырылат. Ката негизге курулган бул коргоо, мамлекеттерде демографиялык (калктын саны азайып кетүүсү) проблеманы пайда кылат.

Укук коргоочулар алгач үй-бүлөнү пландаштырууга үгүттөшөт. Төрөлө элек бала үчүн толук шарт түзүү, ар бир балага өзүнчө бөлмө, эмерек даярдоо, ата-эненин балдарды камсыздай ала турган мүмкүнчүлүгү болушу сыяктуу талаптар үй-бүлөнү пландаштыруу иштеринен. Кийинчерээк бул үгүт талапка, андан соң мамлекеттик мыйзам аркылуу катъий талапка айланат. Натыйжада, баласына мыйзам талап кылгандай шарт түзө албагандар ата-энелик укугунан ажыратылат. Мунун натыйжасында, жарандар төрөлүүнүн санын азайта башташат. Буга демократиянын анабашы болгон Европа мамлекеттерин мисал келтирүүгө болот. Бүгүнкү күндө аларда жумушка жарактуу жарандардын саны азайып, мигранттарга муктаждык күчөп барууда.

Жогорудагы тыюу жана талаптар о.э. демократиянын негизи (акыйдасы) болгон эркиндик түшүнүктөрү европалыктарды көп балалуу болуудан тыйып койду. Балдарына мамлекет талап кылгандай шарт түзүп берүү жана алардын тарбиясына да мамлекеттин аралашуусу сыяктуу машакаттар алардын балалуу болуусуна тоскоолдук кылууда. Балдар үйлөрү тартып алынган же ата-энеси таштап кеткен балдарга толуп, алардын саны өсүп барууда. Баарынан жаман жери, ушунча мээнет менен багып чоңойткон балдары ата-энелерин таштап кетишет. Өнүккөн мамлекеттерди карасаңыз, балдар үйлөрү менен бир катарда карылар үйлөрү да көбөйүп барууда. Анан ушулар келип бизге бала тарбиялоону үйрөтүшөт имиш!

Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here