Түрк тилдүү лидерлер Бакудагы саммитке чогулат

390
0

Түрк тилдүү лидерлер Бакудагы саммитке чогулат

Президент Сооронбай Жээнбеков Түрк тилдүү өлкөлөрдүн жетекчилерин бириктирген саммитке катышуу үчүн Азербайжандын борбору Баку шаарына жумуш сапары менен жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабар таркатты.

Маалыматка ылайык, Жээнбеков иш сапардын алкагында азери президенти Илхам Алиев, Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев жана Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен өз-өзүнчө жолугушууларды өткөрөт. Андан соң, Бакуда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин кезектеги саммитине катышат. Бул жолку саммитте Өзбекстан уюмдун мүчөсү болуп кабыл алынат. Учурда кеңешке Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия мүчө. Венгрия уюмда байкоочу макамына ээ.

Белгилүү болгондой, экинчи дүйнөлүк согуштан кийин дүйнө жүзүн беш ири мамлекет (АКШ, Улуу Британия, Франция, Орусия жана Кытай) бөлүп алган. Алар бири-бири менен түз согуш алып барбаса дагы, таасири астындагы мамлекеттерди тартып алуу үчүн аракеттерди кылышат. Маселен, АКШ Борбор Азия өлкөлөрүн Орусиядан тартып алуу үчүн экономикалык, саясий жана сакафий чабуулдарды алып барууда. Алардын бири катары Түрк Кеңеши түзүлгөн. Бул Кеңешке Түркия агалык кылат жана АКШ кызыкчылыгы үчүн сакофий, экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга аракет кылып барат. Андыктан, биз мусулмандар, бүгүнкү эл аралык майдандагы эч бир уюмду тан албашыбыз керек. Анткени, алардын баары жогорудагы империалист мамлекеттердин же алардын биринин кызыкчылыгы үчүн түзүлгөн. Демек, алардын баары кандай гана иш алып барбасын, түпкүлүгүндө катага негизделген. Тескерисинче, биз бул уюмдардын ордуна, мусулмандарды эле эмес бүткүл адамзатты империализм зулматынан Ислам нуруна алып чыга турган мамлекетти тикелөөгө аракет алып барышыбыз шарт!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here