Кыргызстан “Ыйман” фонду үчүн Түркиядан акча сурады

363
0

Кыргызстан “Ыйман” фонду үчүн Түркиядан акча сурады

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркия Дин иштери боюнча башкармалыгынын төрагасы Али Эрбаш менен жолугуп, «Ыйман» фондун өнүктүрүү үчүн 5 млн. АКШ долларын сурады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, бул каражат «Ыйман» фондунун 2019-2022-жылдары Кыргызстандагы диний кырдаалды изилдөө, медреседеги диний билим берүүнү реформалоо боюнча долбоорлорго бөлүнүүчү түрк грантынын экинчи траншы болуп эсептелет. Буга чейин 2015-2019-жылдарга карата түрк тарап 5 млн. доллар бөлгөн. Ал каражаттар имамдарды окутууга, алардын билим жана потенциалын көтөрүүгө, стипендияларга, Insan.KG маалыматтык порталды түзүүгө коротулган.

Али Эрбаш өз кезегинде, каражат Түркиянын президенти бекиткенден кийин чечилерин белгиледи.

Кыргызстанда “Ыйман” фонду буга чейин Мусулмандар Диний Башкармалыгына караштуу имамдарды аттестациядан өткөргөн. Натыйжада жалаң исламга карата салттуу көз караштагы диний кызматкерлер тандалып алынган. Ал эми, аттестациядан өткөн кызматкерлер “Ыйман” фондунан стипендия ала турган болушту.
Бул аттестация талаптарында светтик көз караштагы шарттар көп камтылгандыктан, айрым имамдар аттестацияга катышуудан баш тартышты. Бирок, алардын баш тартуусун Диний иштер боюнча мамлекеттик комиссия четке какты. Негизи, 2008-жылы эле аттестациядан өткөн имамдардын 93%ы талап кылынган билимге ээ экендиги жарыяланган. Ал эми 2015-жылдагы аттестациялык комиссиянын төрагасы Абдулла Асыранкулов: “Бардыгы жакшылап билип коюшсун, бизде ханафий мектеби таанылат жана ал көпчүлүк мусулмандар үчүн салттуу болуп саналат. Башка агымдар, мисалы вахабизм, биз үчүн жат”, – деп билдирүү жасаган. Бирок бардык өткөрүлгөн аттестацияда светтик жогорку билимге ээ болуу, мамлекеттик мыйзамдарды жакшы билүү шарттары негизги критерий болуп калган. Натыйжада, 2,5 миң имамдардын ичинен 800ү гана аттестациядан өтө алды. Калгандарынын ордуна светтик жогорку билимге ээ, мамлекеттик светтик мыйзамдарга кыңк этпей баш ийе турган, мамлекет уруксат берген көлөмдө гана ханафий мазхабын биле турган кадрлар тандап алынды. Диний окуу жайларынын мугалимдеринин 42%ы аттестацияга катышууга укугу жок болуп чыкты. Анткени, алардын светтик жогорку билими жок болчу. Ошентип көптөгөн имам жана мударристерибиз “ылайыктуу исламдын” (умеренный) курмандыктары болуп калышууда.    Ушул долбоордун алкагында, “Ыйман” фонду ИИМ жана УКМК кызматкерлерине “экстремизмге каршы” сабактар өтө башташты. Бул сабактарга “Сирияга кеткендерди кантип токтотобуз, “ИМ” тобуна  кантип каршы турабыз” деген темалар шылтоо кылып алынды. Негизи буга чейин, калкты Исламдан чоочутуу үчүн, мамлекеттик атайын кызматтар Сирияга баруучуларды парда артында уюштуруп, алардын ал жаккка кетүүсүнө атайын шарттарды түзүп беришкен эле. Эгер чындап көзөмөлдөй турган болсо, чегарадан “чычкан да жөргөлөп өтө албайт”. Түпкүлүгүндө, бул тренингдер Исламды мабда катары көтөрүп чыккан мусулмандарга каршы каратылган.

Ал эми, “салттуу ислам”, “ылайыктуу ислам” деген долбоорлор – биздин үстүбүздө байлыктарыбызды тоноп, акимдерибизди малай кылып жаткан колонизаторлордун долбоорлору. Маселен, “Салттуу ислам”, дин турмуштан ажыратылып, кээ бир шаръий өкүмдөр калкыбызда салт катары калыптанышын максат кылат. Нике, жаназа, намаз, орозо, ажылык сыяктуу. Бул өкүмдөргө “кыз ала качуу”, “кырктык”, “тушоо кесүү” салттары сыяктуу каралат.

Ал эми “Ылайыктуу ислам” мусулмандардын саясатка исламий көрүнүштө аралашууларын тосуу үчүн ойлоп табылган. Анын шарты боюнча, эми мусулмандар саясатка аралашса болот, бирок ал үчүн, “демократия баалуулуктарын” тан алып, саясатка шарият негизинде эмес, демократия негизинде катышуулары керек болот. Мисалы, парламентке партия аркылуу баруу сыяктуу. Демек, капырлардын Исламга каршы күрөшүүдөгү айла-амалдары баскычма-баскыч колдонулуп келүүдө. Качан бири ийгиликсиздикке учураса, экинчисин тыгыштырууда. Бирок, мына ушул “ылайыктуу исламы” алардын акыркы айлаларынан. Урматтуу мусулман бир туугандар, биз баарыбыз биргеликте, куфрдун мындай куулук-шумдуктарынын акыйкатын түшүнүп жетип, ал долбоорлордун таш-талканын чыгарууга бүткүл мүмкүнчүлүгүбүздү жумшашыбыз шарт!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here