Имран Хан ортомчулук кылуу үчүн Иран жана Саудияга барат

471
0

Имран Хан ортомчулук кылуу үчүн Иран жана Саудияга барат

Пакистандын тышкы иштер министрлиги:“Пакистандын премьер-министри Имран Хан Жакынкы Чыгыштагы тирешип жаткан атаандаш мамлекетти жараштыруу үчүн 13-октябрда Тегеранга, андан кийин Саудияга барат”, – деп кабарлады.

14-сентябрда Саудиянын нефть кендерине уюштурулган чабуулдан кийин АКШ президенти Дональд Трамп Имран Хандан эки мусулман өлкөнүн ортосундагы мамилени жумшартууда ортомчу болууну суранган эле.

Вашингтон, Эр-Рияд жана башка араб өлкөлөрү бул чабуулда Иранды айыптап жатышат, Тегеран болсо муну четке кагууда.

Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд өткөн аптанын башында: “Саудия – стратегиялык өнөктөшүбүз, ал эми Иран болсо, досубуз жана кошунабыз. Биз эки мусулман мамлекеттин ортосундагы түшүнбөстүктөрдү сүйлөшүүлөр жолу менен чечүүгө аракет кылып жатабыз”, – деген.

Тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, Имран Хандын демилгеси “Пакистан премьер-министринин аймакта тынчтыкты камсыздоо жолундагы иш-аракеттеринен болуп эсептелет”.

Ирандын маалымат каражаттары кабарлашынча, 11-октябрда Кызыл деңизде “Собитий” танкерине Саудия аймагынан тышкарыда чабуул кылынган. Бул окуя Кызыл деңиз жана Перс булуңундагы танкерлерге каршы чабуулдардын акыркысы.

Бул иштер Ямандагы согушка кыйыр түрдө аралашып жаткан атаандаш эки мамлекет ортосундагы мамилени ого бетер курчутушу божомолдонууда.

Комментарий: Эл аралык саясатты багыттап туруучу ири мамлекеттер алсыз жана колония өлкөлөрдү өз таасири астында кармап туруу максатында алардын ортосунда атайылап жаңжал чыгарышат. Колонизатор кырдаалды болушунча курчутуп, андан соң ортомчулук кылуу менен проблеманы чечүү аркылуу эки тараптын көз карандылыгын күчөтөт.

АКШ акыркы он жылдыкта Жакынкы Чыгышта жырткычтык иш-аракеттерди ишке ашырууда. Ал Сирияны урандыга айлантып, Яманды гуманитардык  кризиске дуушар кылууда. Иран менен Саудиянын колдоосу жана кызматташтыгы болбосо АКШ бул иштерди ишке ашыра алмак эмес. Мусулмандар зулумду сезип калып, куфрга каршы биригүү менен, бардык душмандыгын дүйнөлүк куфр башкаруу системасына каратышынан чалгытып, мазхабдар аралык (шиъа – сунний) жаңжал жана соргуштарды пайда кылуу менен куфрга жардам берип жатышат! Исламий өлкөлөрдүн дээрлик бардыгында ушундай абал.

Дүйнө жүзүндө мына ушундай ыплас, кыянат жана алдоо негизиндеги саясат өкүм сүрүүдө. Алгач мусулмандар ортосунда катуу көзөмөлдөнүүчү, жабык чек араларды пайда кылышат. Андан соң, мекенчилдик, улутчулдук жана мазхабчылык туйгуларын күчөтүү үчүн болгон мүмкүнчүлүгүн пайдаланып, аймактарда атайылап кырдаалды курчутушат. Натыйжада, ар бир исламий өлкөдө куфрга ыңгайлуу абалдар пайда болот. Ири мамлекеттер ушундай абалдан пайдаланып, мусулмандарды бири-бирине каршы багыттоо менен өз максаттарын ишке ашырып алышат.

Шиъалар аймагын же мечитин жардыруу, чек араларда атайылап провокация уюштуруу иштери ушулар түркүмүнөн.

Абдураззак Муъмин

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here