АКШ Өзбекстандын билим берүү системасына жаңылык киргизүүдө

342
0

АКШ Өзбекстандын билим берүү системасына жаңылык киргизүүдө

Өзбекстан менен АКШ ортосундагы билим берүү тармагындагы кызматташтыктын алкагында амеркалык беш адис Өзбекстанга келди. Алар билим берүү министрлигиндеги кесиптештери менен биргеликте башталгыч класстардын окуучуларынын математика жана окуу боюнча көнүгүүлөрүн баалоо методикасын иштеп чыгышат.

АКШ элчиканасынын маалымат кызматы кабарлагандай, эки өлкөнүн адистери кызматташтыкта математика жана окуу боюнча сегиз тилде (өзбек, орус, каракалпак, казак, тажик, кыргыз, түркмөн жана англис) тест түзүшөт. Алардын негизинде Өзбекстандагы окуучулар жалпы билимдерди канчалык деңгээлде өздөштүрүп жатканы изилденет. Ушундай көрүнүштө окуу жараянындагы кемчиликтер жана назик чекиттер аныкталып, билим берүү стратегиясы өркүндөтүлөт.

 “Бул Өзбекстанда ишке ашырылып жаткан биринчи эл аралык изилдөө болуп, ал башталгыч класстарда окуунун натыйжаларына анык баа берүүгө шарт түзөт. Бул болсо, министрликтин билим берүү тармагын өнүктүрүү жолунда жаңы методология иштеп чыгуусуна өбөлгө болот”, – деди билим берүү министри Шерзод Шерматов.

Баа берүү жана изилдөө жараянына “RTI International” уюуму да тартылган. Аталган уюм Өзбекстандын билим берүү министрлиги менен биргеликте EGRA жана EGMA системаларын сыноодон өткөрөт. Мамлекеттик масштабдагы изилдөөлөрдү 2020-жылы уюштуруу пландаштырылган. Эл аралык баа берүү ыкмалары АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) жардамында киргизилүүдө.

 Комментарий: Колонизатор мамлекеттер бере турган карыз жана гранттардын эң кооптуусу билим берүү тармагына бөлүнүп жаткан каражаттар. Кооптуу деп айтышыбыздын себеби, ал мамлекеттер билим берүү тармагына карыз берип жатып, карыз алып жаткан мамлекетке билим берүү программасын кандай түзүү керектигин о.э. өсүп келе жаткан жаш муунга кайсы предметтен сабак берүү жолдорун көрсөтүп берет. Билим берүү тармагын көзөмөлдөө сакафий колония кылуунун эң ыңгайлуу жана ишенимдүү жолу.

АКШ тарабынан ишке ашырылып жаткан окуучулардын билим деңгээлин баалоо түзүмү – бул жакшылап ойлоп чыгылган жана келечекте өз сакафаты менен сугарылган кадрларды пайда кылуу үчүн кылынган аракеттердин бири. Мындан көздөлгөн максат, Өзбекстанды Россиянын сакафий колониясынан чыгарып, өзүнүн сакафий таасири астына алуу. Бул максатын ишке ашыруу үчүн табигый түрдө Батыш сакафаты менен сугарылган интеллигенттер катмарын пайда кылышы керек болот.

 АКШ бийлиги ушундай максатта алдыдагы беш жылдын ичинде Өзбекстандын билим берүү тармагын колдоого 50 миллион доллар бөлүп бере турган болду.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here