Казакстанда кытайлык жумушчулар менен жергиликтүү тургундар мушташты

370
0

Казакстанда кытайлык жумушчулар менен жергиликтүү тургундар мушташты

“7-октябрь,  дүйшөмбү күнү Алма-Ата облусунун Аксу районунда жол куруу иштери учурунда казакстандык жана кытайлык жумушчулар ортосунда мушташ чыкты. Ага жергиликтүү тургундар да аралашты”, – деп кабарлады аталган облустун полиция департаменти.

Полициянын маалымат кызматы кабарлагандай, мушташтын башталышына кытайлык төрт жарандын ортосундагы келишпестик себеп болгон. Алардын бардыгы “Citic Construction” компаниясынын кызматкерлери.

“Эртеси күнү жергиликтүү калктын өкүлдөрүнөн жана “Citic Construction”дун казакстандык жумушчуларынан турган топ “окуянын маанисине түшүнбөстөн” жана “муну шылтоолоп” кытайлык жумушчуларды таяктаган”, – деп кабарлады полиция департаменти.

 Жаңжалдын натыйжасында Кытайдын төрт жараны  ооруканага жеткирилди, полиция тергөө иштерин жүргүзүүдө. О.э. шектүүлөрдүн өздүгү аныкталып, кармалышты.

“Citic Construction” компаниясында жүргүзүлгөн текшерүү учурунда миграциялык мыйзамдарды бузган 33 адам аныкталып, аларды өлкөдөн чыгаруу маселеси каралууда.

 Комментарий: Кытай Чыгыш Түркстанды басып алууда колдонгон ыкмасын бүгүнкү күндө Борбор Азия өлкөлөрүнө карата колдоно баштады. Кытай мамлекети алгач “жакырчылыкты жоюу” шылтоосу менен Чыгыш Түркстанга хань кытайларын көчүрүү саясатын жүргүзгөн. Алгач зыянсыз жана мээнеткеч көрүнгөн хань кытайлары убакыт өтүп мусулман уйгурларды өз мекенинен сүрүп чыгара башташкан. Кытай колония кылмакчы болгон өлкөгө алгач жумушчу жана соодагерлерин жөнөтөт. Алар көптөгөн жылдар бою сабыр жана итааткөйлүк менен кызмат кылып, ал мамлекеттин жана жергиликтүү калктын ишенимине кирүүгө умтулушат. Ошону менен бир учурда Кытай өкмөтү ал мамлекетке инвестиция жаткыруу жана карыздарды берүү менен, аны төлөй албай турган деңгээде карызга батырат. Кытай экономикалык жактан көз каранды кылып алган мамлекеттердин жетекчилиги карыздан кутулуу же бирер жеңилдик алуу ниетинде анын ар кандай шартын аткарууга даяр болгондон кийин, Кытай мамлекети да, анын жоош-момун болуп көрүнгөн жумушчу жана ишкерлери да чыныгы жүзүн көрсөтө башташат.

 Кыргызстанга инвестор көрүнүшүндө кирип келе жаткан кытай жарандары да чыныгы жүзүн көрсөтө башташты. 2018-жылдын июлунда Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан ОсОО “Тянь — Шань Керамик” заводунун кытайлык башкы директору мас абалында кол астындагы кыргыз жумушчуну акаарат кылып, таяктаган. А бирок, кытайлык инвесторго каршы эч кандай чара көрүлбөдү.

Кийинчерээк дагы бир кытайлык инвестор кол астындагы кыргыз жумушчуларды түштөнүү учурунда тик туруп тамактанууга мажбурлап, аларга күч колдонду…. Казакстан менен Кыргызстандын бийликтери болсо, өз калкынын кызыкчылыктарын коргоонун ордуна Кытай менен алаканы күчөтүүгө аракет кылууда.

 Абдурахман Адилов.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here