Кыргызстанда алтын казууга жана изилдөөгө 471 лицензия берилген

237
0

Кыргызстанда алтын казууга жана изилдөөгө 471 лицензия берилген

Өнөржай, энергетика жана жер ресурстары боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орунбасары Карыбек Ибраев Кыргызстанда кен иштетүү жана чалгындоо үчүн жалпысынан 2415 лицензия берилгенин айтты.

Анын Жогорку Кеңештин жыйынында берген маалыматына караганда, анын ичинен 471 лицензия алтынды казууга, изилдөөгө жана чалгындоого, 102 лицензия башка металлдарга, анын ичинде уранга, көмүр боюнча 337 лицензия, ал эми курулуш материалдарына байланыштуу 1039 лицензия берилген.

Ал алтын казуу жана чалгындоо боюнча лицензиянын көбү чет өлкөлүк компанияларга берилгенин, учурда лицензияларды инвентаризациялоо болуп атканын кошумчалаган. Булак, “Азаттык” радиосу.

Комментарий: Жогорудагы расмий билдирүүгө ылайык, 471 лицензиянын көбү жеке менчик компанияларга берилген. Анын да көбүрөөк бөлүгү чет өлкөлүк компанияларга тийиштүү. Бирок, булардын Кыргызстанга тиешелүүлөрү да чет өлкөлүк компаниялар менен кызматташтыкта иштетилет же аларга ижарага берилген. Себеби, Кыргызстандын алтын казып алуучу жабдыктарды чыгаруучу оор өнөржайы жок.

Мындан тышкары, эл аралык уюмдар эл аралык мыйзамдарды кыргыз ишкерлеринин эмес, эл аралык инвесторлордун кызыкчылыгы негизинде иштеп чыгышат. Эл аралык мыйзамдар Кыргызстанды өз байлыктарын өзү иштете албай, чет өлкөлүк ишканалар менен инвесторлорго көз каранды кыла турган негизде иштелип чыгат. Ошондуктан, кыргыз бийлиги эл аралык саясатты ыраазы кылуу үчүн, жергиликтүү байларды жана олигархтарды коррупцияда айыптап,алар  ишке ашырмакчы болуп жаткан ар кандай долбоорлорду кысымга алуу негизинде иш алып барат.

Натыйжада, Кыргызстандын жарандары байлыктарын жашырууга, чет өлкөгө алып чыгып ошол жакта бизнес кылууга аракет кылышат. Кыргызстанда калгандары да, байлыгын сактоо үчүн бийлик менен кызматташууга же канча акча кетсе да депутат болууга аракет кылышат. Бул депутаттардын өз кызыкчылыгын коргоо үчүн элдин кызыкчылыгына кыянат кылышы табигый көрүнүш. Алар өтө сабатсыз, кайратсыз болгондугунан тышкары, бийликке көз, жогорку даражалуу саясатчылар жана жетекчи көзкаранды.

Кыргызстанда калыптанып бара жаткан ушул бузук башкаруу механизми капитализмге негизделген дүйнөлүк башкаруу системасынын кесепитенен келип чыгууда. Башкача айтканда, жетекчи мамлекеттер эл аралык саясаттын кубатынан пайдаланып, алсыз мамлекеттердин өнөржайын өнүктүрбөстүк негизинде иш алып барып жаткандыгынан келип чыккан! Алар дүйнөдөгү бардык мүмкүнчүлүк жана ыйгарым-укуктарын өз кызыкчылыктарын жүзөгө чыгаруу үчүн колдонушат. Биздин жетекчи топтор да болгон мүмкүнчүлүк жана ыйгарым-укуктарын алардын кызыкчылыгын ишке ашырууга пайдаланышат. Антпесе, жетекчи мамлекеттердин басымына дуушар болору анык. Кызматтан кетери менен буларды да мурунку жетекчилердики сыяктуу тагдыр күтүп турат!

Ошондуктан, жергиликтүү башкаруу системасын өзүнчө оңдоо мүмкүн эмес. Албетте, дүйнөлүк башкаруу системасынын таасиринен чыга алуучу, аны четке кагуучу башкаруу системасына өтүшүбүз керек. Бул проблеманы башка жол менен чечүү мүмкүн эмес. Булар “революция кылдым” деп бир катар адамдарды бийликтен кетирип, бир аз убакыт өткөндөн кийин мурункулардын катасын уланта беришет!

Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here