Кыргызстан “терроризмге” каршы БУУнун кербенине кошулат

414
0

Кыргызстан “терроризмге” каршы БУУнун кербенине кошулат

10-октябрдан 21-октябрга чейин Кыргызстанда “Зомбулуксуз жашоо” деген ураан менен маалымат кербени өтөт. Анын алкагында, 21-октябрга чейин ар кыл тармакта алектенген лидер аялдардын баяндары жана флешмобдор уюштурулат. Өнөктүктүн максаты – “экстремизмдин жана радикалдашуунун алдын алуу” болуп эсептелет.

Маалыматка ылайык, иш-чараны өкмөт Бириккен Улуттар Уюмунун аялдар программасы менен бирге уюштуруп жатат. Ага жалпысынан 500дөй адам тартылат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда Өкмөттүн 2017-жылдын 21-июнундагы №394 токтому менен экстремизмге жана терроризмге каршы 2022-жылга чейинки улуттук программа иштелип чыккан. Президент Сооронбай Жээнбеков БУУнун трибунасында сүйлөп жатып, бул программанын ишке ашуусуна каржылык колдоо көрсөткөнү үчүн уюмга ыраазычылык билдирип, мындан аркы дагы колдоосуна үмүттөнөөрүн айткан эле.

Кыргызстан экономикалык жактан гранттар жана кредиттерге таянып жашаган мамлекет. Мындай кырдаалды, албетте, кафир державалары өз кызыкчылыктары жолунда пайдаланууга аракет кылат. Алар ушундай максаттары алкагында, “диний экстремизмге каршы күрөшүү” сыяктуу шылтоолор астында, Исламга каршы күрөшүү үчүн өлкөгө каражаттар бөлүп берүүдө. Анткени, Батыштын колонизаторлук кызыкчылыктарына өлкө ичиндеги исламий чөйрө коркунуч жаратып келет.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here