Казакстан жарандар жөнүндө маалымат чогултууда Кытайдын тажрыйбасын колдонот
Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев жарандар жөнүндөгү маалыматтарды санариптештирүү боюнча Кытайдын тажрыйбасынан пайдаланмакчы болууда. “kursiv.kz” басылмасынын кабарына таянсак, борбор калааны өнүктүрүүгө арналган жыйында президент ушундай көрсөтмө берген.
Токаевдин билдиришинче, Кытайга сапары учурунда “Hikvision” компаниясынын офисине барганда аталган компаниянын ишмердүүлүгүнөн аябай таасирленген.
“Аларда техника аябай өнүгүп кеткен. Канчалык өнүгүп кеткенин түшүндүрүп отурбайм. Экранды бассаң, ошол адам жөнүндөгү бардык маалыматтар чыгат. Анын институтту качан бүтүргөнү, бош убактысында кайда барышы жана кандай кредиттери бар экендиги жөнүндөгү маалыматтар чыгат. Биз ду ушул багыт менен кетишибиз керек”,- деди президент.
Кытай бийлиги Шинжаңдагы уйгур, казак жана кыргыздарды “кайра тарбиялоо лагерлерине” камоодо дал ушул байкоочу камералардан пайдаланып келди. Бүгүнкү күнгө келип мушрик өкмөт Шинжаңда колдонгон тажрыйбасын Борбор Азияга да алып кирүү аракетин баштады. Кыргызстанда “коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырган болсо, Өзбекстанга “акылдуу камераларды” орнотууга 1 миллиард доллар бере турган болду. Эми болсо өз тажрыйбасын Казакстанда да ишке ашырууга киришүүдө. Эгерде ушундай боло берсе, жакынкы келечекте кыргыз, казак жана өзбек мусулмандар жөнүндөгү бардык маалымат жана далилдерди Кытайдын атайын кызматтары көзөмөлдөй баштайт. О.э. кийинчерээк бул далилдерди өзүбүзгө каршы пайдаланып, курулушу мүмкүн болгон “саясий лагерлерге” камалуучу мусулмандарды терип ала баштайт.
Абдурахман Адилов