Кытайда уйгурлар ички органы үчүн кескиленүүдө
Адам укуктарын
коргоочу “The China Tribunal” уюму БУУнун
адам укуктары боюнча кеңешинин жалпы жыйынында Кытай өкмөтүн катуу каралап
чыкты. Аталган уюмдун билдиришинче, Кытайдын бардык аймагындагы диний жана
этностук азчылыктардын өкүлдөрүнүн ички органдары тирүүлөй бойдон кесип
алынууда.
“Islam News”маалымат
агенттиги “Business Insider” сайтына таянуу менен: “Ошону менен бир катарда
мусулман уйгурларга жана фалунгун маданиятын карманган адамдарга ушундай
операциялар жүргүзүлүүдө”, – деп кабарлады.
укук коргоочу Хамид Саби БУУга берген отчётунда:
“Кытай тирүү, эч бир күнөөсүз жай тургундарды атайылап кескилеп жүрөк жана
башка ички органдарын алып жатат. Сөз уйгур тилдүү калктын (өлүк донор эмес) жүрөк,
бөйрөк, өпкө жана башка мүчөлөрү жөнүндө болуп жатат. Бул операция Кытай
өкмөтүнө “жакпаган” башка улут жана дин өкүлдөрүнө карата массалык кыргын
катары бааланат. Кесип алынган ички органдар мыйзамдуу түрдө сатыкка коюлат”, –
деди.
Сабинин айтымында, бул сыяктуу операциялар
кеңири масштабда ишке ашырылып, жүз миңдеген адамдардын ички органдары алынган.
Комментарий:
Кытайдын мусулмандарга карата жырткычтыгынан бүт дүйнө кабардар болду. Ошону билип туруп да, эшигибизди бутпарас кытайларга кеңири ачып, аларга кыздарыбызды берип, ишканаларга башчы кылып, алардын кол астында жумушчу болууга ыраазы болуу – бул пикирий төмөндүктүн белгиси. Биз бир үммөт болгон соң Кытайдын жийиркеничтүү иштерине кайдыгер болбошубуз керек. Уйгур боордошторубуз да буга чейин кытай өкмөтүнүн кысымдарына сабыр кылып, ошол абалына шүгүр кылып жашашкан. Негизи, шарият бизге дин душмандары жөнүндө кабарлап, качан алардын динине кирмейинче алар бизден ыраазы болбостугун эскертүүдө. Натыйжада, уйгур боордошторубуздун диний ишенимине карата кескин аракеттер башталды. Ал аракеттер дүйнөлүк коомчулуктун сүкүт сактоосу астында чокусуна чыкты. Мына эми болсо мусулмандардын дене мүчөлөрү сатылууда. Негизи, шарият адамдын ар бир мүчөсүн жогору баалаган жана ага карата зулумга атайын жазаларды белгилеген. Бүгүнкү күндө шарият менен өкүм чыгаруучу мамлекеттик түзүм жоктугу себептүү айланабыздагы кимселер үммөттү кордоп жатат.
Куфр биздин арабызды бузуу максатында илманийлик, динсиздик, сионисттик сыяктуу илдеттерди жабыштырууда. Бизди бул илдеттен Халифалык мамлекети гана куткара алат. Ошондуктан, мусулмандар биригип, адилеттүү Халифалык мамлекетин тикелөөбүз важиб.
Мунаввара Азиз