Өзбекстанга 40 мамлекеттен 93 блогер чакырылды
Өзбекстанда 40 мамлекеттен келген 93 блогерге 5 күндүк тур уюштурулду.
Туризм боюнча консультация берүүчү “Maximum Exposure Limited” компаниясынын негиздөөчүсү Софи Ибботсон: “Бул сыяктуу турлар буга чейин Грузия, Индия сыяктуу бир топ мамлекеттерде уюштурулган. Өзбекстан Азия жана Жакынкы Чыгыштагы белгилүү блогерлерди чогулта алды”, – деди.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзияев август айында Самаркандда эл аралык фестивалга келген жергиликтүү жана чет өлкөлүк блоггерлер менен жолугушуп: “Акыркы жылдарда Өзбекстан дүйнөгө ачылууда жана эл аралык коомчулукка акыйкатты жеткирүүгө умтулуу бар. Эң маанилүүсү, талкуулоо жана сындоо мүмкүн”, – деген.
Өзбекстан эл аралык коомчулукка өлкөдө демократиялык реформалар жүрүп жатканын көрсөтүү максатында маалымат каражаттары менен бир катарда социалдык тармактардагы расмий эмес блогерлер кызматынан да пайдаланмакчы болууда. Бүгүнкү күндө интернеттеги социалдык тармактарда жайылып жаткан маалыматтар расмий маалымат каражаттарынан бир топ озуп кетти. Аларда расмий маалымат каражаттарындагы сыяктуу цензура жана жоопкерчилик дегендер дээрлик жок. Ошондуктан социалдык тармактар маалымат таратууда бардык расмий маалымат каражаттарынан өтүп барууда. Мамлекет башчылар да бул тармакка кызыгып, андан өз максаты жолунда пайдаланмакчы болуп жатышканы бул пикирибизге далил боло алат.
Интернет – бул Аллахтын неъматы. Куфр жана анын кызматчылары бул неъматтан өнүмдүү пайдаланууга аракет кылып жатышат. Мирзияевди социалдык тармактагы миллиарддаган адамдардын пикири кызыктырууда. Себеби, эл аралык саясат да, жергиликтүү мамлекет башчылары да коомдук рухтан таасирленишет. Ушул коомдук рух ыйманий мухитти пайда кылса, коом исламдашат. Ислам менен куфр ортосундагы күрөш, дал ушул коомдук пикир үстүндө, аны өзү тарапка тартуу максатында болот! Ошондуктан, биз мусулмандарга даъват фарз болгондуктан, анын эң бир пайдалуу тараптарына көңүл буруу, ыкма жана пайдалуу тактикаларды пайда кылуу жөнүндө пикирлөө, даъват үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү да даъватка тиешелүү иштерден болуп эсептелет.
Демек даъват фарз болгону сыяктуу эле, шаръий коидага ылайык ага алып баруучу бардык ыкмалар да фарз. Ошондуктан, интернетте социалдык тармактагы пикирий жетекчиликти куфрга же аны коргоп жаткан сарай блогерлерине тапшырып коюудан этият бололу! Алардын максаты – кожоюндарын о.э. куфрдун мыйзам жана баалуулуктарын коргоо үчүн Ислам нусустарын таъвил кылып (бурмалап), мусулмандарды куфрга ылайыкташтыруу.
Даъват – бул Аллахтын динин үстөм кылуу үчүн болгон мүмкүнчүлүктөн пайдалануу. Мүмкүнчүлүктөрүбүз – Аллахтын уруксаты менен – жетиштүү. Даъват алып барууда соцтармактар эң бир пайдалуу тармак болуп барууда, андан пайдалануу жөнүндө пикирлебей коюу мусулман үчүн жаиз эмес!
Абдураззак Муъмин.