Чавушоглу яхудийлердин чектен чыгышында Ислам Үммөтүн айыптады

259
0

Чавушоглу яхудийлердин чектен чыгышында Ислам Үммөтүн айыптады

(Израил)дин премьер-министри Бенямин Нетаньяху Батыш жээектеги айрым калктуу пункттарды жана Иордан өрөөнүн аннексия кылууну жарыя кылгандан кийин Саудиянын Жидда шаарында Ислам Кызматташтык Уюму жыйын өткөрдү. Жыйынга Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу катышты. Жолугушуудан кийин билдирүү берген Чавушоглу (Израил)дин чектен чыгышында Ислам Үммөтүн айыптады.

“Эгерде Ислам Үммөтү биригип аракет кылганда жана бирге туруп каршылык көрсөткөндө, Израиль да, Америка да бул региондо өзүм билемдик менен пландарды түзө албайт эле”, – деди Чавушоглу.

Чавушоглу учурдагы абал үчүн мусулман каклтарды айыптап, бирок ушул мусулмандарды биригүүдөн тосуп жаткан жетекчилер жөнүндө ооз ачпады. Негизи, исламий өлкөлөрдү жасалма чек аралар менен бөлүп, биригүүсүнө тоскоолдук кылып жаткандар ошол саткын акимдер эмеспи?Табиятынан коркок болгон яхудийлер да Исламий өлкөлөрдүн башчыларынын кыянаты себептүү өздөрүн асртан сезип жатышат.

Чавушоглу ушундай абал үчүн мусулман калктарды айыптаганы менен, бул нерсе турмуш чындыгына туура келбейт. Ислам үммөтү Палестина жерин жана Ал-Акса мечитин яхудийлерден куткаруу үчүн бардыгына даяр. Эгерде саткын акимдер мусулмандарга тоскоолдук кылышпаганда, мусулмандар биригип яхудийлерди ыйык жерден кууп чыгуу камырдан кыл сууругандай жеңил болмок. Буга мисалдар өтө көп. Мисалы, 1967-жылы мусулмандар менен яхудийлер ортосунда болуп өткөн кыянат согушунүн алдында – Мисирдин президенти Жамал Абдуннасир Палестина жана ыйык жерлерди азат кыларын айтып чыккандан кийин – Ислам үммөтү анын айланасына биригип, аны элдик баатыр катары кабыл алды (а бирок,  бул операцияга катышкан акимдердин кыянаты себептүү Үммөт жеңилгенден кийин, бул согуш кыянат согушу деп аталып калды). Иорданиянын королу Хусайн ошол кезде яхудийлерге каршы согушка кирүүнү каалабайт эле, анын өз бийлигин сактап калуудан башка дарты жок эле. А бирок, Иорданиядагы мусулмандар да Жамал Абдуннасирди колдой баштаганын көргөн король Хусайн Израилге каршы согушка кирүүгө мажбур болду. Мисирге барып, Жамал Абдуннасир менен жолугушуп, Израилге каршы бирге аракет кылууга келишти. Бул окуя маалымат каражаттарына чыгып, король Хусайн өлкөсүнө кайтып келгенде, аны жүз миңдеген мусулмандар алкыштар менен тосуп алды. Ал тургай, автомобили менен бирге көтөрүп сарайга чейин алып барууну сунушташты. Дагы бир мисал: Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган яхудийлердин премьер-министри Шимон Переске “Ван минут” “сиздин кимдигиңизди жакшы билебиз” деген сөзү үчүн гана Ислам Үммөтү аны кандай деңгээлге көтөргөнү да буга ачык-айкын мисал боло алат. Демек, проблема Үммөттө эмес, акимдердин кыянатында!

Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here