АКШда С5+1 жолугушуусу болуп өттү

403
0

АКШда С5+1 жолугушуусу болуп өттү

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков башында турган делегация С5+1 деп аталган АКШ менен Борбор Азия мамлекеттеринин Тышкы иштер министрлеринин жолугушуусуна катышты.

Жолугушуунун катышуучулары чет өлкөлүк согушкерлер менен күрөшүү чөйрөсүндө кызматташуу, коопсуздук жаатында аймактык кызматташтыкты илгерилетүү жана аймактык экономикалык өнөктөштүктү жана өнүгүүнү күчөтүү маселелерин талкуулашты. Түпкүлүгүндө, АКШнын “С5+1” форматын уюштуруудан көздөгөн максаты Борбор Азия өлкөлөрүн Ооганстан аркылуу дүйнөлүк базарларга алып чыгуу жана ушул аркылуу бул региондогу саясий-экономикалык кызыкчылыктарга жетишүү. Мына ушул кызыкчылыктарга жетүү үчүн АКШ аймакта Кытайга каршы маанайды күчөтүүгө жана Орусиянын таасирин чектөөгө катуу урунууда. Маселен, жолугушууда сүйлөгөн АКШ мамкатчысы Майк Помпео дүйнө өлкөлөрүн Бээжиндин талабы менен уйгурларды Кытайга өткөрүп бербөөгө чакырды. Анын айтымында, “Кытайдын Шинжаң аймагындагы мусулмандарды кармап-камоолор терроризм менен эч кандай байланышы жок, бул болгону аз элдердин маданиятын жана динин тыптыйпыл жок кылуу аракети”. Муну Помпео мусулмандарга күйгөндүгү себептүү айткан жок, тескерисинче, Шинжаңдагы маселени аймактагы Кытайга каршы колдонуучу рычагдардын бири деп билгендиктен айтууда. Болбосо, АКШ менен Кытай Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштө бир позицияда турат.

Жолугушуунун соңунда Айдарбеков менен Помпео эки тараптуу кыска сүйлөшүү өткөрдү. Бул жолугушуунун алкагында Кыргызстан менен АКШнын алакасы, кызматташтык тууралуу эки тараптуу макулдашуунун долбоорун даярдоонун жүрүшү талкууланды. Бул долбоор Атамбаевдин президенттик доорунда Орусия кысымы менен жокко чыгарылган эле. Учурда бийлик Орусияга мурункудан да көз каранды болгону менен экономикалык жактан башка державалардын колдоосуна абдан муктаж. Ошондуктан, АКШ менен Кытайдын финансылык жардамдарына үмүт артууда. Алар болсо өз кызыкчылыктарына ылайык талаптарын коюп келет.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here