Кыргызстанда бир жылда 239 адам “экстремизм” менен соттолгон

508
0

Кыргызстанда бир жылда 239 адам экстремизм менен соттолгон

Кыргызстанда 2018-жылы 239 адам экстремизм менен айыпталып соттолгон. Бул тууралуу акыйкатчы Токон Мамытов  билдирди.

Анын айтымында, 239 адам диний-экстремисттик материалдарды сактоо жана жайылтуу, террорчул уюмдарды атрибуттарын колдонуу боюнча күнөөлүү деп таанылган. “Колония жана түрмөлөргө 50 адам жөнөтүлгөн. Дагы 13 киши айып төлөө менен кутулса, калган 176 адам шарттуу түрдө соттолгон.

Мамытов парламенттеги сөзүндө жашы жете элек балдарды өздөрү тарабынан жасалган кылмыш иштеринин өсүшү туруктуу бойдон калып, өлкөдө кылмыштардын саны тынымсыз өсүп жатканын кошумчалады. Тагыраагы, эки жыл аралыгында кылмыш иштери 28,4 пайызга жогорулаган.

Түпкүлүгүндө, бул 239 адам өз диндерине толук амал кылууга аракет кылганы үчүн соттолууда. Алардын арасында Роббим Аллах дегени үчүн гана камакка алынган муслима энелерибиз, эжелерибиз да бар. Мындай зулумдукка кабылууларынын эң негизги себеби болсо, үстүбүздө өкүмдарлык кылып жаткан эл аралык уюмдардын гранттары жана талаптары болуп эсептелет. Анткени, алар туу кылып көтөрүп жаткан демократиянын былыктарын мына ушул мусулмандар элге ачып таштоодо. Алар бузук коомду калыптандырып жаткан демократиялык системанын ордуна чыныгы бактылуу коомду калыптандыруучу Ислам менен жашоого чакырууда. Анткени, Ислам менен гана күн санап өсүп жаткан кылмыштарды, адилетсиздикти тамыры менен кыркуу мүмкүн.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here