Тажикстан Тышкы иштер министрлиги кыргыз тарапка нааразылык нотасын тапшырды
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 17-сентябрда Кыргыз Республикасынын Тажикстандагы иштериндеги ишенимдүү өкүлү эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон чатакты талкуулаш үчүн чакырылганын билдирди. Жолугушууда тажик тарап кыргыз тараптын аракеттерине нааразылыгын билдирип, «такталбаган чек ара тилкесинде объектилерди сала баштады» деп айыптаган. Булак: “Азаттык” үналгысы.
Кыргызстан өкмөтү болсо чек ара проблемасы себептүү козголгон элди бастырып, бул проблеманы дипломатиялык жол менен чечүүгө аракет кылууда. Бул тууралуу Кыргызстандын расмий маалымат каражаттары аркылуу өкмөттүк расмийлер жана УКМКнын маалымат бөлүмү кабарлады. Мындан тышкары, УКМК чек ара жаңжалына тиешелүү бардык маалыматтарды блоктоп жатат.
Тажикстан тарапка бул проблеманын кандай пайдасы болушу мүмкүн. Биздин билишибизче, Тажикстан тарап деле тактала элек жерлерге мыйзамсыз курулуштарды куруп жатат. О.э. тажик тарап бул ишке агрессивдүү жандашып, кыргыз тарапка басым өткөрүү негизинде иш алып барууда. Мындан тыянак чыгара турган болсок, Тажикстандын артында эл аралык саясатта таасири бар күчтөр турат. Бир катар көз карандысыз эксперттер да ушундай маанидеги пикирлерин билдиришти.
Тажикстан тарап чек ара жаңжалынын артынан маалыматтык чабуул уюштуруп, Кыргызстанга басым өткөрүүгө аракет кылып жатканынан тыянак чыгарсак, анын артында көбүрөөк Россиянын кызыкчылыгы тургандыгы белгилүү болот. Ушул иштин артынан Бишкек жана башка шаарларда чек ара жаңжалынан жараат алган жарандардын жакындары козголуп, бир катар нааразылык акцияларын уюштурушту. Кээ бир нааразылык акцияларында “Россиянын Канттагы аскер базасын Баткенге көчүрүү керек, же базаны экиге бөлүп Россиянын дагы бир базасын ачуу керек” деген маселе козголду. Кыргызстан күч түзүмдөрү аларды күч менен таратууга аракет кылышты.
Жогорудагы окуялардан тыянак чыгарсак, Тажикстандын Кыргызстанга басым өткөрүү аракеттеринин артында Россиянын кызыкчылыгы жатканы белгилүү болот. Россия Кыргызстандын түштүгүнө ЖККУнун атынан дагы бир аскерий база курмакчы болууда. Бул аракеттери бир жылдан бери ишке ашпай келет. Ошондон бери Баткен жакта тынымсыз чек ара жаңжалы уюштурулууда. Элдин өзү эч качан бири-бири менен жаңжалдашпайт. Бул тастыкталган саясий эреже! Элдер жана улуттар – улутчул провокатор күчтөр жана жетекчи топтун таасири астында гана козголот.
Орто Азиядагы өлкөлөрдүн ортосундагы чек аралар жана талаштуу аймактар колонизатор мамлекеттер тарабынан атайылап пайда кылынган. Бул талаштуу аймактардын эки тарапка тең кереги жок! Колонизатор мамлекеттер өз кызыкчылыгын жүзөгө чыгарып алууда ошол талаштуу аймактардан пайдаланат. Ал үчүн боордош, диндеш эки элдин ортосундагы куфр сызып берген чек арадан жана ошол чек араны тааныган түркөйлүгүбүздөн пайдаланат! Алар тарыхий документтерде чек ара сызыктарын бир нече түрдүү кылып белгилеп, эки тараптагы саткын акимдер жардамында арзыбаган маселеден принципиалдык келишпестиктерди пайда кылышат. Элди козгоо максатында улутчулдук жана мекенчилдик пикирлеринен пайдаланышат. Мунун натыйжасында, элде өз жерин коргоо гарыйзасынан келип чыккан менталитет пайда болот.
Демек, биз мусулмандар ар бир ишибизде акыретти эстен чыгарбастан, коомдо исламий мухит, менталитет пайда кылуу үчүн даъват ишин күчөтүшүбүз керек. Себеби, баарыбыз түшүнүп тургандай, куфр өз кызыкчылыгы үчүн мусулмандар арасында кагышууларды пайда кылмакчы болууда! Бул жийиркеничтүү мухиттен исламий боордоштукту бекемдөө негизиндеги ыйманий мухиттен келип чыккан менталитет гана сактап калат. Мындан башка бардык жолдор батыл болуп, алар кырдаалды ого бетер чиелештире берет!
Абдураззак Муъмин.