Президент Жээнбеков “Убактылуу Өкмөтчүлөр” менен жолугушат
14-сентябрь, ишемби күнү президент Сооронбай Жээнбеков Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн жолугушууга чакырды. Бул тууралуу саясатчы Азимбек Бекназаров “Марал” радиосуна айтты.
Анын айтымында, 10-сентябрда Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү жолугушуу өткөргөн. Алар абактан чыккан Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду куттуктап, коомдо болуп аткан окуяларды, Текебаевдин Акмандагы сүйлөгөн сөзүн талкуулашкан.
Жолугушууга Убактылуу Өкмөттүн 11 мүчөсү: Исмаил Исаков, Роза Отунбаева, Дүйшөнкул Чотонов, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Элмира Ибраимова, Эмилбек Каптагаев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Абдыганы Эркебаев катышкан. Ал эми Иса Өмүркулов менен Топчубек Тургуналиев уюштуруучулар тарабынан чакырылбай калган.
Эсиңиздерде болсо, Орусия президенти Путин мурдагы президент Атамбаев менен Кремлде жолуккандан кийин саясий элитаны Жээнбековдун айланасына чогулууга чакырган. Демек, бул толугу менен Путиндин кызыкчылыгына дал келет.
Демек, Убактылуу өкмөт менен Жээнбековдун жолугушуусу учурдагы бийликти алдыдагы шайлоодо колдоо максатында өткөрүлүүдө. Башкача айтканда, ички саясатта соода жүрүүдө, ал эми тышкы саясатта болсо, орусиячыл саясий чөйрөнү сактап калышмакчы. Бул саясий чөйрө – америкачыл кадр болобу, европачыл кадр болобу, айырмасыз – Россияга радикалдуу каршы чыкпоо багытына келишишкен саясатчылар тобу.
Орусия үчүн туруктуулук маанилүү. Анткени, Россия менен Кыргызстан ортосунда орусия кызыкчылыгындагы келишимдер көп. Путин мына ушул келишимдердин тоскоолдуксуз ишке ашышына кызыктар.
Бүгүнкү күндө мусулман үммөтүнүн негизги көйгөйү – мына ушундай саясий чөйрөлөрү өз кожоюндарынын кызыкчылыгы үчүн иш алып баруусунда. Андыктан, үммөт “чийилген диск” сыяктуу колонизаторлук системанын сызыгында айланып жүрө берет. Андан кутулуу үчүн, үммөт анын ордуна адамдардын акылын канааттандырган, табиятына туура келген жана жүрөктөрүн тынчтыкка бөлөгөн Ислам системасын алып келүүгө бүткүл күч аракетин жумшашы керек.
Мумтаз Маверанахрий