Калыс журналисттерге, интеллигенттерге, белгилүү кишилерге, аракеттегилерге жана коом иштерине кам көргөндөргө…

637
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Калыс журналисттерге, интеллигенттерге, белгилүү кишилерге, аракеттегилерге жана коом иштерине кам көргөндөргө

Кадырлуу боордоштор, ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух:

Убакыт өтө электе козголоңуңардын кемесин сактап калгыла. Себеби, кеменин тешиги улам кеңейип барууда… Шейиттериңердин курмандыгын жана төгүлгөн кандарды Женева, Астана жана Сочидеги саясий сойкулук жана кылмыш базарларында сатылышынан мурда куткаргыла.

Кандай абалга түшүп, кандай коркунучта калганыбыз силерге ачык-айкын. Эгер, кыла турган ишибизди билбесек, эрежелерди бекем кармабасак, козголоңубуздун багытын оңдобосок, Роббибиз арканын бекем кармабасак, ал Заттын буйругун аткарбасак жана шариятын колдонбосок, бизди кандай келечек күтүп жатканын көрүп турасыңар.

Айла-амал жана тил бириктирүүлөр бизди ар тараптан чулгап алды, жакын жана алыстагылар бизге иттердей ташталды. Перзенттерибиз кылып жаткан ар кандай туура жана садык амалга чекит коюу үчүн алар өлтүрүлүүдө, көчүрүлүп жиберилүүдө жана өлкөлөрүбүз ойрон кылынууда, булардын баары тил бириктирүү жана сүйлөшүүлөр аркылуу ишке ашырылууда. Максат – куфр менен өкүм жүргүзүү, мурда болгондой зулум, зомбулук жана басым менен кыйноо үчүн бизди кайра кылмышкер режимдин коргонуна кайтаруу.

Биздин кайдыгерлигибиз жана унчукпай карап турушубуз себептүү шейиттердин каны сатылышына жана ушунча курмандар бекер кетишине карап тура беребизби? Же Роббибиз буйругандай акыйкатты айта турган, аны бекем карамана турган, Аллах буйруган маъруфка буйруп, мункардан кайтаруу вазыйпасын аткара турган, залим, саткын жана душмандар менен тил бириктирген кишилерди кайтара турган рижалдардан болобузбу? Эгер, биз Аллахтын буйруктарын аткарсак, Расулуллах ﷺ кабар берген шейиттердин саййиди Хамза ибн Абдулмутталиб менен бирдей мартабага ээ болобуз. Эгер, унчукпай турсак жана кайдыгерлик кылсак, бизди чоң азап күтүүдө.

Душмандарыбыз шаар жана айылдарыбызды бутага алып, ойрон кылып жатканын жана адамдарды өлтүрүп жатканын көрүп турасыңар. Алар бизди тил бириктирүүлөр аркылуу чыгарган токтомдоруна жана бизге милдет кылып жатышкан жалган коопсуздуктарына көндүрүшмөкчү. Мына, Астанадагы кезектеги конференцияда алар буфер зона жана кеңири көлөмдүү келишим сыяктуу мурда кабыл алган келишимдерди кайра зордоп тыгыштырып жатат. Ушул аркылуу калыс козголоңчуларды тар жана чектелген регионго камап коюшмакчы. Бул иш аларды жок кылуу үчүн таштала турган кезектеги кадам.

Биз т.а. өз калкына жалган сүйлөбөгөн Хизб-ут-Тахрирдеги боордошторуңар, силерге насаатчы боордоштой кайрылуу жолдойбуз. Себеби, насааткөй боордош Роббисинин ыраазылыгына жана пайдалуу ишке чакырат.

Биз силерди зулум жана зомбулук менен тартып алынган эркиңерди, кайратыңарды кайтарууга чакырабыз. О.э. маъруфка буйруп, мункардан кайтаруу вазыйпасын аткарууга, келишүү жана тил бириктирүү аркылуу курмандарыбыздын жана балдарыбыздын канын сатып жаткан бардык кишилерди жана залимдерди токтотууга чакырабыз.

Биз силерди жана айланаңардагыларды «Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык» долбооруна жардам берүүгө чакырабыз. Себеби, биз бир гана Халифалык менен азиз болобуз, бул дүйнө жана ахиретте ийгиликке жетишебиз. Халифалык биздин саптарыбызды бириктирет жана бытырандылыгыбызга чекит коёт. Халифалык бизди чыныгы коопсуздукту жүзөгө чыгаруу жана бизди кыйнап жаткан зулумдан азат болууга багытыбызды оңдойт. Себеби, биз азаттыкка Американын кулу болгон регионалдык мамлекеттер аркылуу эмес, өз аракетибиз аркылуу жетишебиз…

Душмандарыбыз бизди жок кылуу үчүн чогулду. Биз Роббибиздин арканын бекем кармоо менен гана нажат табабыз. О.э. ар бирибиз өз вазыйпабызды аткарып, бар күчүн ишке салалы, салтанатыбызды кайтарып алуу жана жолубузду оңдоо үчүн элибизди жана боордошторубузду жамдайлы. О.э. кыянаттык конференциясы токтомдору жана кыйратуучу келишимдер каршысында бекем коргон болуп туралы жана «колдоп-кубаттоочу» мамлекеттердин кишендеринен азат болуп, алар сызган кызыл сызыктарды жок кылалы.

Биз силерди Роббиңерди ыраазы кыла турган рижалдардын позициясын карманууга чакырабыз. Ошондо силер Аллахка берген убадасында бекем турган Саъд ибн Муаз жана Саъд ибн Убада сыяктуу рижалдарга айланасыңар. Эч кимиңер «Бул иш мага байланыштуу эмес, мен бул ишти аткара албайм» деп айтпагыла. Себеби, иш өтө маанилүү, айла-амал болсо күчтүү. Баарыбыз бир кемедебиз, баарыбыз өлөбүз же баарыбыз нажат табабыз.

Тогут түзүмдү өзгөртүп, Ислам башкаруусун тикелөө – ар бир мусулманга важиб. Аллахтын уруксаты менен көздөлгөн максатка жеткичекти ушундай кылуу зарыл. Жолдун ортосунда токтоп, мунаса чечим издөө – каталык, акыбети жаман. Мисир жана Тунисте жүз берген иштер биз үчүн сабак болот.

Ошондуктан, душмандарыңардан сак болгула, алардын мындай фитна конференцияларында чыгарган токтомдорун кабыл албагыла. Салтанатыңарды тартып алган, токтомдоруңардан куру калтырган жана силерге жардам берүү туурасында соодалашып жаткан кишилерди колунан кармап, токтотуп калгыла. Силер боордошторуңардын насаатына кулак салгыла жана Роббиңер каалагандай болгула. Себеби, жеңиш, ийгилик жана нажат мына ушунда.

يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُواْ اسْتَجِيبُواْ لِلّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُم لِمَا يُحْيِيكُمْ وَاعْلَمُواْ أَنَّ اللّهَ يَحُولُ بَيْنَ الْمَرْءِ وَقَلْبِهِ وَأَنَّهُ إِلَيْهِ تُحْشَرُونَ

«Эй момундар, Аллах жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге даъват кылганда, аны кабыл алгыла жана билип койгула, шек-күмөнсүз, Аллах ар бир киши менен анын дилинин ортосун ээлеп турат. Албетте, Анын алдына топтолосуңар»  [8:24]

Хизб-ут-Тахрир Сирия вилаяты

22-зул-хижжа, 1440-х.

23-август, 2019-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here