Эл аралык саясаттагы маанилүү аймак

568
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Суроожооб

Эл аралык саясаттагы маанилүү аймак

Суроо:

Ассаламу алайкум рохматуллохи уа баракаатуху.

Аллах жакшылык иштерди аткарууга сиздин жана биздин колубузга күч кубат берсин, туура жолдогу экинчи Халифалыктын шаттыгы менен бизди шаттандырып, анын аскерлеринен кылсын.

Иш алып барган мамлекеттер жана ири державалар өздөрүнүн кызыкчылыгын жүзөгө чыгаруу үчүн артыкчылык берген «маанилүү аймак» аталышындагы бир аймакты белгилеп алат. Ошондой эле Хизб дагы Исламий мамлекетти тикелөө үчүн белгилүү бир аймакты мажал (орун) кылып белгилеп алат.  Суроо: Аллахтын жардамы менен тикелене турган келерки Халифалык да Исламды даават жана жихад менен дүйнөгө жаюу үчүн артыкчылык бере турган өзүнө маанилүү аймакты белгилеп алабы? Аллах ыраазы болсун. (Мухаммад Аяд).

Жооб:

Алайкуму салам рохматуллоохи уа баракаатуху.

Бизге дуа кылганыңыз үчүн Аллах сага да береке жакшылыктарын берсин…

Сен  сурооңдо айтып өткөн «Маанилүү аймак» термини эл аралык майданда иш алып барып жаткан ар кандай мамлекет үчүн зарыл. Халифалык мамлекетти – мабдаий мамлекет. Ал жергиликтүү эмес, дүйнөлүк мамлекет. Анын акыйдасы инсан үчүн акыйда болгондуктан дүйнөлүк акыйда. Анын түзүмү инсан үчүн болгондуктан дүйнөлүк түзүм болуп саналат. Аллах айтат.

وَمَا أَرْسَلْنَاكَ إِلَّا كَافَّةً لِلنَّاسِ بَشِيراً وَنَذِيراً

«Биз сени (Мухаммад) баардык адамдар үчүн сүйүнчүлөөчү жана эскертүүчү кылып жибердик» [Сабаъ 28]

Жаабир бин Адиллахи G айтты: Пайгамбар A айтты:

«أُعْطِيتُ خَمْساً لَمْ يُعْطَهُنَّ أَحَدٌ مِنْ الْأَنْبِيَاءِ قَبْلِي نُصِرْتُ بِالرُّعْبِ مَسِيرَةَ شَهْرٍ وَجُعِلَتْ لِي الْأَرْضُ مَسْجِداً وَطَهُوراً وَأَيُّمَا رَجُلٍ مِنْ أُمَّتِي أَدْرَكَتْهُ الصَّلَاةُ فَلْيُصَلِّ وَأُحِلَّتْ لِي الْغَنَائِمُ وَكَانَ النَّبِيُّ يُبْعَثُ إِلَى قَوْمِهِ خَاصَّةً وَبُعِثْتُ إِلَى النَّاسِ كَافَّةً وَأُعْطِيتُ الشَّفَاعَةَ»

«Мага менден мурдагы Пайгамбарларга берилбеген беш нерсе берилди. Бир айчалык аралыктан коркуу сала турган нусрат менен нусратталдым. Баардык жер мечит жана таза  кылынып берилди. Үммөтүмдөн кайсы адам кайсы жерде намаз окууну кааласа, ошол жерде намаз окуй берет. Олжолор адал кылынды. Пайгамбарлар өз коомуна жиберилсе, мен бүткүл адамзат үчүн жиберилдим. Шафаат берилди». (Бухари).

Ошону менен биргеликте Халифалык бүткүл дүйнөгө назар салат жана анын баардык ордун саясаты, иш аракети үчүн орун катары карайт. Пайгамбар Aдын хадисинде келгендей, Савбан G айтты: Пайгамбар A айтты:

«إِنَّ اللَّهَ زَوَى لِي الأَرَضَ فَرَأَيْتُ مَشَارِقَهَا وَمَغَارِبَهَا، وَإِنَّ مُلْكَ أُمَّتِي سَيَبْلُغُ مَا زُوِيَ لِي مِنْهَا»

«Мага жердин батышы да, чыгышы да көргөзүлдү. Сары же кызыл жана ак байлыгы да берилди. Тактап айтканда, алтын, күмүш. Мага айтылды: Сенин мүлкүң сага көргөзүлгөн жерге чейин». (Ибн Мажа, Сунан). Бирок, бул дегени Халифалык тышкы саясат планын койгондо баардык мамлекеттерге карата койот дегенди билдирбейт. Ошондой эле, дүйнөгү баардык аймактарга көңүлүн бирдей буруп карайт дегенди билдирбейт. Балким, Халифалык дааватка, экономикалык,  саясий жана аскерий кызыкчылыгына жараша маанилүү аймакты белгилейт. Ошол белгилген маанилүү аймакта күчүнүн барынча өз саясатын ишке ашырууга аракет кылат. Бул маанилүү аймак даават кызыкчылыгына жараша өзгөрүп турат…

Пайгамбар Aдын жана анын сахаабаларынын сиросуна назар салынса, Пайгамбар A Мадина мунавварда мамлекетти тикелгенден кийин араб жарым аралын маанилүү аймак кылып белгилегени ачык көрүнөт. Кийин көп өтпөстөн араб жарым аралындагы жеңиштерген жеткенден кийин маанилүү аймак кеңейип Шам, Ирак жерлерин камтыды. Кийин Хулафаи Рошидиндер келди, мамлекеттин маанилүү аймагы андан да кеңейип Шам, Ирак, Фарс, Мисир, Түндүк Африканы ж.б. камтыды. Мына ушундайча Халифалык белгилеген маанилүү аймак Халифалыктын жеңиштерге жетүү аркасынан жана кырдаалдардын өзгөрүүсү менен  өзгөрүп кеңейип бара берет…

Ушуга негизделип Аллахтын жардамы менен туура жолдогу тикелене турган экинчи Халифалык – Аллахтын каалоосу менен – биринчи Ислам мамлекетинин сиросун кайра кайтарат. Мамлекет даават кызыкчылыгына жараша жана кырдаалга байланыштуу стратегияны белгилеп, план иштеп чыгат жана ага жараша маанилүү аймакты белгилейт. Ал белгилеген маанилүү аймак алкагында Исламды дүйнөгө жаюу үчүн услуб, ыкмаларды ишке салат. Даават кызыкчылыгына жана кырдаалга байланыштуу бул маанилүү аймакты кайрадан карап да чыгат. Ислам мамлекети китебинин «Мамлекеттин тышкы саясаты» бабында мамлекет өз саясатына жетүү максатында планындагы ыкмаларды карап чыгуусу жана учурдагы кырдаалды эсепке алаары айтылган:

«Ушуга негизделип Ислам мамлекетинин башка эл жана мамлекеттер менен боло турган саясий алакасы Исламды жаюуга жана аларга дааваты көтөрүп чыгууга гана негизделет. Анын ишке ашыруу жолу – жихад. Бирок, мамлекет тарабынан ишке ашыруу үчүн план жана ыкмалар иштелип чыгып жолго койулат. Мисалы, Пайгамбар A Мадинга келиши менен кээ бир иштерди кылгандай, мамлекет кээ бир душман өлкө менен  жакшы кошуна келишимдерин кылуусу жана башкалары менен согуш алып баруусу, же Абу Бакр G бир убакта эле Шам жана Ирак өлкөлөрүнө аскердерди бет алдырганы сыяктуу, мамлекет баардык душмандарына согуш жарыялоосу, же Пайгамбар A Худайбия келишимин түзгөндөй дааватка болгон жалпы пикирди бекемдеп алуу үчүн убактылуу тынчтык келишимин түзүү сыяктуу… Мамлекет даават кызыкчылыгына жараша  бир мамлекет менен соода келишимин түзөт, башкасы менен түзбөйт. Даават кызыкчылыгына жараша бир мамлекет менен мамиле алака кылат, башкасы менен кылбайт. Кээ бир мамлекеттер менен даават ыкмалары негизинде иш алып барса, кээ бир мамлекеттепр менен пландарды ачуу үчүн суук согуш негизинде иш алып барат. Мына ушундайча мамлекет даават кызыкчылыгына жана иштин түрүнө жараша пландарды иштеп чыгып, жолго койот. Бирок, мунун баары жихад жолу менен Исламды жаюу үчүн гана белгиленет». (Цитата бүттү).

Мамлекет үчүн маанилүү аймакты белгилөө бул китепте айтылып өткөндөн алыс эмес.

Бурадарыңар Ато ибн Халил Абу Рушта

25-зул-хижжа, 1440-х.

26-август, 2019-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here