Британия: Жонсон саясаты

377
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Британия: Жонсон саясаты

Устаз Аднан Хан

Борис Жонсон 2019-жылы 23-июлда шайлоолордо жеңишке жетишип, жакында болуп өткөн жалпы шайлоолордо жеңип чыккан Консерваторлор партиясына төрага болду, муну менен Британия премьер-министрине айланды. Ал үч жыл ичинде болгон премьер-министрлердин үчүнчүсү. Бул кимсе көп ийгиликсиздиктерге учурашына, чет кагылган адам болгонуна, жаңжалдарга себеп болгон билдирүүлөргө жана кылмыштарга адаттанганына карабастан, акыркы жыйырма жылда коомчулуктун көңүл борборунда турду, Консерваторлор партиясында эң колдоосу көп саясатчыга айланды.

Борис Жонсон саясат жана журналистика тармагында чоң тажрыйбага ээ болуп, көп убакыт массалык маалымат каражатынын мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланды. Анын ата теги Усманий Халифалыкта жашаган. Анын чоң атасы Камал Али Усманий мамлекеттин журналисттеринин бири болуп иштеген. Камал Али Халифалыкка ачык каршы чыгып, күч топтогон жана түрк көз карандысыздык согушуна кирген улутчулдар кыймылына мүчө болгон. Мына ушундай либерал көз караштары себептүү султан Абдулхамид аны сүргүн кылган. 1922-жылы Камал Али өлтүрүлгөндө перзенттери Британияда жашашкан. Камал Алинин уулу Усман Камал таятасынын фамилиясына өтүп, (Усман) Уилфред Жонсон болду. Кийин ал Арин Уильямска үйлөндү. Дагы бир уулу Стэнли Жонсон айлана чөйрө жана калк тармагы боюнча эксперт болду, 1979-жылдан 1984-жылга чейин Консерваторлор партиясынан парламенттин мүчөсү болуп турду. Стэнли үй-бүлөсүнүн алты перзенти болгон. Алардын чоңу Борис Жонсон т.а. бүгүн Британия премьер-министри болгон кимсе. Жонсондун Жозеф Жонсон деген иниси парламентте Консерваторлордон депутат. Бористин карындашы Рашел Жонсон да саясатка байланган жана улуттук маалымат каражаттарында бат-бат көрүнүп турат.

Борис Жонсон үй-бүлөсү жүз жылдан ашуун саясий турмушта аралашты. Борис саясатка киришүүдөн мурда маалымат жана журналистика тармагында эмгектенди, аракетин Британия императорлугу жана мекемеси колдоп-кубаттаган Таймс гезитинен баштаган. Бирок, жалганчылык айыбы менен жумуштан бошотулган. Кийин Дейли Телеграфка журналист болуп орношот. Ал Консерваторлор колдоп-кубаттаган бул гезиттин Брюсселдеги кабарчысы болуп иштейт.

Жонсондун негизги этибары Европа Союзунан маанисиз жана жаман нерсе гана келет деген түшүнүккө негизделген. Ал Европа Союзуна тиешелүү маселелерде түрдүү жалган сөздөрдү айтканына карабастан, ушул союзга каршылыгы менен Британияда аты чыкты. Маскарапоздук табиятына ээ Жонсон «Менде сен үчүн жаңылыктар барбы» деген юмористтик телешоудо ат салышып келди.

Ал Майкл Хезелтайн пенсияга чыккандан кийин 2001-жылы парламентке кирди. Сегиз жыл депутат болуп, кийин парламенттен бошотулду жана Лондон мэри кызматына өттү. Бул учурда өтө аз ийгиликке жетишти жана өкмөттө айтоорлук роль аткарбады. Мамлекетте финансылык алдамчылыкты көзөмөлдөө комитетине төрага болуп иштеди. Көптөгөн партиялык жолугушууларга катышпады, парламенттеги добуш берүүлөрдүн жарымынан кемине катышты. Адаттагыдай, партиянын жолун колдоп-кубаттады жана Иракка каршы согушка башында каршы чыккан болсо да, кийинчерээк аны да колдоп-кубаттады.

Дэвид Кэмерон Консерваторлор партиясына төрага болгон соң, жаштыгында бирге окуган Борис Жонсонго өкмөттөн орун бербеди жана Бористин ийгиликке жетишүү мүмкүнчүлүгү түгөнгөндөй болду. Бирок, Лондон мэри ага Консерваторлор партиясынан өкүл болууну сунуш кылды жана 2008-жылы кампаниядан кийин Лондон мэрине айланды.

Жонсон парламентке кайтты жана 2015-жылы парламенттен Аксбриж жана Уайтинсвилл орундарын ээлөөгө жетишти. Эң үрөй учурганы, Тереза Мэй аны тышкы иштер министри кызматына өткөрдү, негизи, алардын ортосундагы душмандык баарына ачык ачык-айкын эле. Бористин эң чоң катасы адепсиз сөзү болду жана ушул сөзү себептүү Иран камагында жаткан ирандык-британиялык Нозанин Зогарий-Рэтклиффтин камак мөөнөтү дагы узартылды. Муну менен Жонсон тарыхта тышкы иштер министрлеринин эң жаманына айланды.

Ал ар дайым Европа Союзуна каршы турган жана бул нерсе анын кесиптик жашоосунда негиз болгон. Анын атасы Европарламенттин мүчөсү жана Еврокомиссиянын мүчөсү катары Брюсселде иштеген. Борис Жонсон Брюсселде туруп Европа Союзу долбоорлору жана талкуулары туурасында жалганга толуп ташкан макала жазды. 2009-жылдан баштап, Борис Британиянын Европа Союзундагы мүчөлүгүнө каршы референдум өткөрүүгө чакырып келди. Ал Британиянын ЕСке мүчөлүгү анын «түпкү» калкынын маянасы басым астында калышына алып келгенин баса белгилеп: «Европа Союзу эң ири малекетке айланууну жана Британияны эгемендүүлүгүнөн куру калтырууну каалайт», – деди. 2019-жылы Жонсон – келишим болушу же болбошуна карабастан – Британия Европа Союзунан ушул жылдын октябрында шексиз чыгат деди.

Жонсон «Британия АКШ менен жакын алакада болушу керек, себеби, бул нерсе Британия кызыкчылыгына кызмат кылат» деп ар дайым айтып келет. Трамп да Жонсон жөнүндө оң пикир билдирген, айрыкча, премьер-министр болгондон бери. Жонсон Британия Европа Союзунан сыртта дүйнөдө жаңы чоң күчкө айланышын ар дайым баса белгилеп келди. Ал Британиянын өнүгүүсүнө Европа Союзу тоскоолдук кылып жатат деп билет. Анын стратегиясына ылайык, Британиянын эч кандай келишимсиз Европа Союзунан чыгышы Европа Союзун Британия үчүн эң жакшы келишимди сунуштоого мажбур кылат. Туура, Британия премьер-министри парламентти өзгөрттү, Европа Союзу өзгөрүүсүз кала турган болду, Британия парламенти Европа Союзунан бөлүнүүгө каршы чыкты. Бирок, Консерваторлор партиясы кичине партия менен коалиция түзгөн өкмөттө көпчүлүтү түзүшөт. Ушул көз караштан алганда, өзүнүн деңгээлин бекемдөө үчүн шайлоолор өткөрүлүшү мүмкүн. Жонсон болсо, күчтүү жетекчи эмес… Брекситтин белгиленген мөөнөтү аяктаса, Жонсон сыноодон өтөт жана маселе аны алмаштырууга барып такалышы мүмкүн.

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here