Алжир: улуттук диалог чечимби же көз боёмочулукпу?!

433
0

Алжир: улуттук диалог чечимби же көз боёмочулукпу?!

Абу Хамза Хутваний

Өткөн аптада Алжир президентинин кызматын аткаруучу Абдулкадир ибн Салих калктын өзгөрүү талаптарын тизгиндөө максатында кезектеги саясий айла-амалды ишке ашырууга киришти. Ал улуттук диалог үчүн жаңы демилге менен чыкты. Бул демилге «улуттук адамдар» тизмеси туурасында кеңешмелерди өткөрүүнү талап кылат. Бул тизмедегилер ушул «улуттук диалог» деген нерсеге жетекчилик кылышат. Алар ушундай жол менен бүткүл өлкөнү өз баткагына тарткан саясий кризистен чыгууну, Алжирди бир аз туруктуулукка алып барат деп көрүлгөн саясий чечимге жетишүүнү көздөшкөн. Ибн Салих: «Президенттик шайлоо жалгыз реалдуу жана алгылыктуу демократиялык чечим болуп калууда. Мамлекетибиз улуттук диалог аркылуу бардык талап кылынган шарттарды кепилдейт», – деди. Ал алжирликтерди анын демилгесин кабыл алууга чакырып, бул демилгеде «бардык жеке жана партиялык кызыкчылыктар каралышын» баса белгиледи. Ибн Салих Кеңешме мүчөлөрүнө чынчыл улуттук адамдарды тандоо ыктыярын беришин, бул адамдар улуттук форумду көзөмөлдөшүн, шайлоолор өкмөттүн жана аскерий мекеменин административдик аралашуусу жок өтүшү үчүн көз карандысыз жогорку комиссия түзүүгө баш болушун айтты.

Ко-ош, негизи бул кандай диалог? Ага ишенсе болобу? Козголоңдун талаптарын аткарууга кудуреттүүбү? Же ал козголоң талаптарын тизгиндөө аракетинен башка нерсе эмеспи?! Ушул демилге кандай даражада ийгиликке жетишет? Алжирде өнөкөт уланып жаткан башкаруу кризисине чекит коё алабы?

Бул демилгени колдонуу үчүн диалогдун жаңы баскычы башталат, бул баскыч ушундай баскыч, анда бийликке өтө өч партиялар, канчалык кымбатка түшсө да кызмат күрсүлөрүнө олтурууга умтулган «саясий адамдар» менен бирге аракет жасалат.

Жарыя кылынгандай, демилге Алжирдеги оор саясий кризисти чечүүгө каратылган, ага көз карандысыз деп айтылган 500 адам катышат. Алар: түрдүү саясий күчтөрдөн турган, оппозициялык партиялар, сот өкүлдөрү, студенттик уюмдар, жарандык коомдогу активисттер… Алардын ичинде көзгө көрүнгөн негизги фигуралар бар, мисалы, мурдагы өкмөт төрагасы, учурда Эркиндик Жаштары партиясынын жетекчиси Али ибн Флис, Тынчтык Коому кыймылынын төрагасы Абдураззак Мукри, Адилет жана Өнүгүү Фронту партиясынын төрагасы Абдуллах Жабуллах, Жаңы Муун партиясынын төрагасы Абдулкадир ибн Карина, Интеллигенттер Кыймылы клубунун басма сөз катчысы Аммар Жайдал…

Демилгенин негизи болгон ушул диалог улуттук диалог клубу деген шылтоо астында өткөрүлөт. Андан мурда эки демилге ийгиликсиздикке учурады. Экөөсүн тең Ибн Салих мүмкүн болушунча тезирээк президенттик шайлоону өткөрүү үчүн көтөрүп чыккан. Себеби, конституциялык кеңеш 4-июлга белгиленген шайлоону бекер кылууга мажбур болду. Башкача айтканда, козголоң аны жокко чыгарды.

«Бардыгы эркин жана таза шайлоого барууга ыраазы» деген ураан астында форум иш баштады. Форумду мурдагы министр Абдулазиз Рахабий башкарып: «Конференциябыздын катышуучулары шайлоону жана анын эгемендүүлүгүн камсыздоо үчүн улуттук комитет түзүү маселесин талкуулашты», – деди. Ал бул форумдун максаты «кеңири көлөмдүү сүйлөшүү үчүн калк менен бийликке чөйрө болгон саясий демилгени түзүү» экенин баса белгиледи. Форум катышууулары улуттук диалог форуму элдик кыймылдын бардык талаптарын, өзгөчө, Бутефлика режиминдеги бардык эски жетекчилерди кетирүү жөнүндөгү талаптарды колдоп-кубаттоо үчүн түзүлгөнүн айтышты.

Ар кандай зирек саясий адам үчүн жаркын көрүнүп турган нерсе ушул: диалог катышуучуларынын көпчүлүгү Бутефлика режиминин бир бөлүгү болгон «улуттук» жана «исламий» партияларды түзөт. Баары «президенттик шайлоонун эркин жана таза өтүшүн кепилдеген өкмөт түзүлүшүн, эски режим доорундагы коррупцияга аралашкан бардык жетекчилердин иштен бошотулушун» талап кылышты, козголоңдун жана анын талаптарынын тарапкерлери экендиктерин айтышты. Алардын айтымында, форум кеңешчилеринин корутунду сунуштары боюнча Нуриддин Бадавий өкмөтү таркатылышын талап кылуу керек, анын ордуна алар айтып жаткан жөндөмдүү өкмөт түзүү керек о.э. президенттик шайлоо өткөрүлүшү үчүн бүгүнкү кризисти тизгиндөө укугу ушул өкмөткө гана берилиши шарт. Элдик Кыймылынын жасакерленүүсү козуп, Алжир диалог тобунун координатору Карим Юнус ушул кыймылдын туткундарын азат кылуу, коопсуздук күчтөрү тынч демонстрацияларды урматташы, демонстранттарга зомбулук колдонуунун ар кандай түрүнө чекит коюу – бардык тараптар келишишкен талаптар экенин билдирди.

Ошентип, форум катышуучулары президенттин милдетин аткарган Абдулкадир ибн Салих айткан нерселерди колдоп-кубаттоого чечим кылышты. Алар «диалогду башкаруу комитетин» түзүүгө, президенттик шайлоону жарыя кылуу укугуна ээ көз карандысыз улуттук комитет түзүү зарылдыгына келишишти. Алардын сөздөрүнө ылайык, бул улуттук диалогдун ушул жолу президенттин кызматын аткаруучу Ибн Салих демилгесине эмес, саясий реформаларды талап кылып жаткан массалык нааразылык демонстрацияларына чыныгы мааниде жооп берет.

Шек-күмөнсүз, бул диалог козголоңду да, козголоңчуларды да көөдөлөнтпөйт. Себеби, анын катышуучулары ушул эски режимди сактап калууга салым кошушкан. Ал тургай, алардын арасында мурдагы өкмөт төрагасы Али ибн Флис сыяктуу Бутефлика режиминин тарапкерлери, ошол режимди дагы эле колдоп-кубаттап жаткан министрлер жана жетекчилер бар. Арийне, диалог өз ишенимин жоготууда жана анда эски режимдин бардык жүздөрүнөн кутулуу каалоосу жок. Мындан тышкары, Тынчтык Коому кыймылынын төрагасы Абдураззак Мукри, Адилет жана Өнүгүү Фронту партиясынын төрагасы Абдуллах Жабуллах сыяктуу Бутефликанын мунафык шериктеринин аты ушул диалогдогу аттардын негизги бөлүгүн түзөт.

Алардын козголоң толкунун тизгиндеп алып жатышканына келсек, албетте, бул адашууга жетектөөчү ыплас саясий кыймыл. Алардын максаты – арзыбаган оңдоо иштерин кылып, түпкүлүгүндө, режимди мурдагы англистер тарапкери болгон жана Британия менен анын адамдарынын өкмөттөгү таасирин кепилдей турган режим катары сактап калуу.

Франция адамдарынын иштен алынышына келсек, муну англистер адамдарынын басымы астында Франция төлөп жаткан кун десе болот. Британия франциячыл генералдардан турган саясатчыларды – алардын алсыздыктары көрүнүп, жасаган иштери козголоң алдында ачылып калгандыктан – курман кылды. Демек, Британия адамдары калктын канкор Фаранция адамдарын жаман көрүшүнөн пайдаланып, бийликти жеке өздөрү монополия кылып алышты. Алжирлик журналисттердин бири мындай деди: «Бардыгы ушуну жакшы билет, калк өткөн кылымдын токсонунчу жылдарындагы кандуу доорун унуткан жок. Ошолор Франция офицерлери болуп, алжирликтер эң көп жаман көргөн топ ушулар болот жана алар токсонунчу жылдары мамлекеттик кызматтарга жеке акимдик кылышканы баарына ачык-айкын».

Ошентип, бул диалог – козголоңго каршы тил бириктирип жаткан жана бийликти алууну каалап жаткан, жеке акимдик менен өлкөдөгү англистердин таасирин сактап калууга аракет кылып жаткан малай саясий күчтөрдүг диологу. Мындай диалог албетте кыйроого учурайт. Ошондуктан, биз, Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү, козголоң жетекчилеринен жана күч-кубат ээлеринен чыныгы өзгөрүү долбоорун кабыл алууну суранабыз. Ушул жалгыз улуу исламий долбоор гана колонизатор Батыштын таасиринен азат болууну кепилдейт, бүткүл дүйнөгө татыган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу адамдарга Ислам өкүмдөрүн жана адилетин колдонот.

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here