“Кумтөр”гө 16 миң гектар жер кайтарып берилди

365
0

“Кумтөр”гө 16 миң гектар жер кайтарып берилди

 “Центерра Голд Инк” компаниясы менен түзүлгөн жаңы келишим боюнча, Ысык-Көл облусундагы “Сары-Чат – Ээр-Таш” мамлекеттик коругуна киргизилген 16 миң гектар жер чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн “Кумтөр”гө кайтарып берилди. Бул маалыматты “Кыргызалтын” ААКнын башкармалыгынын төрагасы Алмаз Алимбеков тастыктады.

 Миңдеген гектар жер 2009-жылдагы жеңилдетилген шарттар негизиндеги келишим боюнча “Кумтөр голд” компаниясына” алтын казып алуу үчүн кошуп берилген жана ошонун эсебинен Кыргызстандын “Кумтөр”дөгү акциялары көбөйтүлгөн. Бирок, 2012-жылы коомчулуктун басымы астында өкмөт мамлекеттик коруктан бөлүп берилген жерди кайтарып алган. 

 Жаңы келишимге ылайык, корук жерлерди мамлекетке кайтаруу боюнча 2012-жылы кабыл алынган өкмөттүн токтому жокко чыгарылды. Эми 2009-жылы түзүлгөн келишимдеги жер бөлүп берүү шарттары толук аткарылат.

 “2009-жылдагы келишим боюнча “Кумтөргө” 26 миң гектар жер кошумча бөлүнүп берилген. Бирок, 2012-жылы өкмөт ал жерди 10 миңге азайткан. Жаңы түзүлгөн келишим боюнча ошол 2009-жылкы келишимдин негизинде “Кумтөргө” 16 миң гектар берилди. Ошол кошумча берилген 26 миң гектар жер менен Кыргыз өлкөсүнүн “Центеррадагы” акциясынын үлүшү 15 пайыздан 33 пайызга көтөрүлгөн.”, – деди Алимбеков.

 Маалымат катары, “Сары-Чат – Ээр-Таш” мамлекеттик коругунун аянты 134 миң гектар. Коруктун аймагында узундугу 14 километрден ашкан эң ири Петров мөңгүлөрү бар. Мамлекеттик корук 1995-жылы түзүлгөн. Ошол кездеги анын чек арасы такталган токтомдо Коёнду, Кара-Сай жана Үч-Көл аймактары корукка киргизилген.

 Комментарий: Кыргызстан бийлиги эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары ири мамлекеттер берүүчү жардам акчаларын алуу үмүтүндө колонизатор мамлекеттер тарабынан түзүлгөн эл аралык мыйзамдардын маани-маңызын карап отурбастан, туш келген эл аралык келишимдерге кол коё берген.

АКШ башчылыгында түзүлгөн Бириккен Улуттар Уюму жалаң гана ири мамлекеттердин кызыкчылыктарын коргоочү эл аралык мыйзамдарды кабыл алуу менен Кыргызстан сыяктуу агрардык мамлекеттерди саясий жана экономикалык көз карандылык абалда, жакырчылыктан башын чыгарбастан, сырьё базасы катары кармап турууга кызмат кылып келүүдө.

 Кыргызстан өкмөтү “Центерра Голд Инк.” компаниясы менен түзгөн келишимдер да эл аралык мыйзамдар менен корголгондуктан, кыргыз өкмөтүнүн бул мыйзамдарды буза албайт. Эгерде кыргыз өкмөтү келишимдеги шарттарды аткаруудан баш тартса, колонизатор мамлекеттердин компаниялары эл аралык соттор аркылуу Кыргызстанга өтө чоң өлчөмдө штраф салат. Кыргызстан өкмөтү бир катар чет элдик компаниялар менен түзүлгөн келишимдерди токтотуп койгону себептүү эл аралык сот Кыргызстанга жүз миллиондогон доллардык айып пул салган. Мисалы, үстүбүздөгү жылдын август айында эл аралык арбитираждык сот Канаданын “Stans Energy​ Corp.”компаниясы менен түзүлгөн Куттуу-Сай кени боюнча келишимди токтотуп койгону себептүү кыргыз өкмөтүн 24 миллион доллар айыпка жыкты.

 Кыргызстан өкмөтү менен “Центерра Голд Инк.” компаниясынын  ортосунда түзүлгөн 2009-жылдагы келишим да толук аткарылбаганы үчүн компания Кыргызстанды эл аралык сотко берген. Ал сотто Кыргызстан утуп чыкпастыгы жүз пайызга белгилүү болгондуктан, кыргыз өкмөтү мурунку келишимге кайтууга токтом кылган окшойт. Мындан тышкары, 27-августта кыргыз өкмөтү жана “Кумтөр” алтын кенин иштетип жаткан “Центерра Голд Инк.” компаниясы ортосунда эки жыл мурда түзүлгөн стратегиялык макулдашуу күчүнө кирди. Компания тараптар ортосундагы соттук жараян токтотулганын билдирди.

 Сапар Исаков премьер-министр болуп турганда кол коюлган стратегиялык макулдашууда “Центерра” кыргыз тарапка 87 миллион доллар берүүгө макул болгон болсо, эми бул цифра 150 миллион долларга көтөрүлүп, 2026-жылга чейин  төлөнө турган болду. Учурдагы премьер-министр Абылгазиевдин айтымында, мурунку келишим менен учурда түзүлгөн келишимдин алкагында 63 миллион доллар кошумча каражат алууга жетишилген.

Ооба, кошумча каражат алыныптыр. А бирок, 16 миң гектар жерибиз кетиптир го. Мындан тышкары, компания алтын казып алуу жараянында айлана-чөйрөгө тийгизген зыяндын ордун толтуруу мүмкүнбү? 

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here