Кумтөрдөгү неоколонизаторлук
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт менен «Centerra Gold Inc.» компаниясынын ортосундагы Стратегиялык макулдашуу күчүнө киргенин билдирди.
Анын айтымында, «Кумтөрдүн» ИДПдагы үлүшү 9%га жакын. 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында «Кумтөр» 9,37 тонна алтын өндүрдү. Белгилүү болгондой, жогорудагы документке 2017-жылдын 11-сентябрында мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдун учурунда кол коюлган. Макулдашуу боюнча 2026-жылга чейин Кыргызстанга жалпы суммасы 87 млн. доллар каражат келип түшмөк. Жаңы келишимде деле эч нерсе өзгөрбөгөнү, болгону айтылган каражат 150 млн. долларга көтөрүлгөнү айтылды.
Төмөндө Кумтөр кени боюнча түзүлгөн генералдык келишимдерге токтолуп өтөбүз: Кумтөр кени 1978-жылы табылып, 1980-1990-жылдары чалгындоо иштери жүргүзүлүп, геологиялык картасы түзүлгөн. 1991-жылы түбү литвалык Канада жараны Борис Бирштейн Чыңгыз Айтматовдун сунушу менен президент Акаевдин кеңешчиси болуп дайындалган. Анын “Сиабеко” деген фирмасынын ортомчулугунда Кумтөрдү иштетүү канадалык “Камеко” компаниясына берилген. Канадалык тарап менен сүйлөшүүлөрдү өкмөт башчы Насирдин Исанов жүргүзгөн. Бирок, Исанов менен Бирштейн отурган унаа кырсыкка учурап, өкмөт башчы көз жумган. Бирштейн менен айдоочу болсо жеңил жараат менен аман калышкан. Бул сырдуу өлүм дале табышмактуу бойдон калып келет. Ушундан кийин өкмөт башчы болгон Турсунбек Чыңгышев 1992-жылы 3-декабрда “Камеко” менен генералдык макулдашууга кол койгон. Натыйжада, «Кумтөр голд компани» акционердик коому түзүлгөн. Анын акцияларынын үчтөн бир бөлүгү «Камеко» компаниясынын, ал эми үчтөн эки бөлүгү Кыргызстан өкмөтүнүн менчигинде болгон. Кыргызстан менен канадалыктар 1993-жылы Кумтөр боюнча биринчи келишимге жетишкенде, Директорлор кеңешинде Кыргызстан өкүлдөрү төрагалык кылган. Бирок, инвесторлор кенди иштетүүчү «Кумтор Оперейтинг Компанини» түзүп, Директорлор кеңешинде төрагалык кылган кыргызстандыктар ага эч кандай таасир эте албай калган. 1994-жылы кенди иштетүүнүн техника-экономикалык негиздемеси иштелип чыккан. Долбоордо 276 млн. доллар каралганына карабастан, иш жүзүндө 452 млн. доллар сарпталды деп, канадалыктар 175 млн. доллардан ашык каражатты омуруп алышкан. Биргелешкен ишкананы курууга 175 млн. доллар ашыкча акча кеткени тууралуу чуу чыкканда «Камеко» да, анын кыргызстандык “адвокаттары” да ал акчанын кайда кеткенин тактап беришкен эмес. Баарынан кызыгы, фабрика курууга жумшалды делген бул каражат чет элдик банктан 452 миллион АКШ доллары өлчөмүндө пайыздуу насыя болуп алынган. Кредитти болсо “Камеко” компаниясы биздин эле Кумтөр кенди күрөөгө коюп алган. Кийин Кыргызстандын 1 тонна 800 килограмм алтыны “насыя алуу үчүн күрөөгө коюлат” деген шылтоо менен Бирштейндин менчик учагында сыртка кетип, ошол бойдон дайынсыз жоголгон. Ошол кездеги “Кыргызалтындын” жетекчисинин айтымында, аталган алтын “тараза жоктугунан” көз божомол менен берилген. Жогорудагы 452 млн. доллар кийин үстөгү менен 650 млн. доллар кылып кайтарып берилген. Бирок, бул карыз кенден өндүрүлгөн каражат менен жабылса да, фабрикадагы техникалар Кыргызстандын менчигине өтпөй калган. Бул боюнча төмөндө да токтолуп өтөбүз. Дагы бир жагдай, бул кредиттен сырткары чалгындоо жана өнүктүрүү иштери үчүн 45 млн. доллар сарпталган. Кумтөрдөгү Кыргызстандын үлүшү 3/2 болгондуктан, бул сарп-каражаттын да 3/2си т.а. 30 млн. доллар кыргыз тараптын мойнуна илинген. Жогорудагы карыздар акталганга чейин канадалыктар долбоордо белгиленген 14 тоннадан ашыкча түрдө, жылына 24-25 тоннадан алтын казып, салыксыз жылдарды пайдаланып калган. Ошентип, Кумтөр кени иштегенден тартып 2003-жылга чейин Кыргызстан пайда көрбөдү. Долбоорго ылайык, республикага кенден алынган таза кирешенин эсебинен 400 миллион доллар түшүш керек болчу, салыктардын эсебинен дагы 400 миллион доллар түшмөк. Бирок, акыркы беш жарым жылдын аралыгында Кумтөрдөн Кыргызстанга болгону 56 миллион доллар гана каражат түшкөн. Болгондо да бул акчанын көпчүлүгү салыктан түшкөн. Ал эми дивидендден болсо «Камеко» Кыргызстанга 6 млн. доллар гана карматкан. 2002-жылы «Камеко» Кыргызстанга “Кумтөрдү” реструктуризациялоо сунушун киргизген. Мында “реструктуризация” термини менен Кумтөрдөгү Кыргызстандын үлүшүн сатып алуу жымсалданып айтылган. «Камеко» буга карата “Кумтөр менен Монголия, АКШда иштетип жаткан башка алтын кендерин бириктирип, бир компания түзүү аркылуу баалуу кагаздар базарына чыгабыз” деген шылтоону ойлоп тапкан. Негизи реструктуризациядан көздөлгөн максат “Кумтөрдөн” Кыргызстанга түшчү пайданын жана ишкананын Кыргызстанга өтүп кетишинин жолун бууш болгон. Негизи, “Кумтөр” Кыргызстан менчигине 2007-жылы 10-майда толугу менен өтүшү керек болчу. Бирок, Канада колонизаторлору ага жеткирбей туруп, “Кумтөрдү” “реструктуризациялап” салды. Анда кыргыз өкмөтү өзүнө тиешелүү жөнөкөй акцияларды өткөрүп берсе, «Камеко» анын ордуна ага өзгөчө акция берери белгиленген. “Артыкчылыктуу акция» дегени болсо – киреше болсо аласың, болбосо албайсың, ал эми башкарууга болсо катышпайсың деген сөз. Ал эми кирешени болсо башкаруучулар белгилейт. 2003-жылы өкмөт башчы Николай Танаев менен “Камекодогу” директорлор кеңешинин мүчөсү, президенттин уулу Айдар Акаев “Кумтөр” келишимин кайрадан карап чыгууга макулдук беришкен. О.э. парламенттин каршылыгына карабастан, Танаев өкмөттүн токтому менен реструктуризацияны ишке ашырган. Ошентип, 2003-жылы Кыргыз өкмөтү менен Канаданын «Камеко» корпорациясы «Сентерра голд» аттуу компания түзүштү. Эки тараптуу макулдашууга ылайык, 716 тонна алтын запасы бар Кумтөр кени, Монголиянын 43 тонна алтыны бар “Бороо” жана болжолдуу 50 тоннадай алтыны бар “Гацуурт” кендери, Американын Невада штатындагы 30 тоннадай алтыны бар “Рен” кени кирет. Негизи, “Центерра голд инк” компаниясы түзүлгөндө Кыргыз Өкмөтү 69 пайыз үлүшкө ээ болушу керек болчу. Себеби, Кумтөрдөгү алтындын запасы жанагы аты аталган башка кендерди кошкондо 6 эсе көп экенине карабастан, Кыргызстан 32 пайыз гана үлүшкө ээ болуп калган. Калган 68 пайыз үлүш канадалык ишкерлерге өтүп кеткен. Андан да жаманы, Кумтөрдөн бул учурда жылына 14-18 тонна таза алтын өндүрүлүп жаткан. Ал эми, чет жактагы кендер эми гана чалгындалган болчу. 2004-жылы болсо өкмөт «Центеррадагы» 30% үлүштүн ичиндеги жөнөкөй акциялардын 16%ын 85 миллион долларга сатып жиберди. Ушуну менен Кыргызстандын “Сентеррадагы” үлүшү 17%га түшүп калды. 2009-жылы, Игорь Чудинов өкмөт башчы болуп турганда, Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча жаңы келишимдерге кол коюлду. Анда да Кыргызстан үчүн жалаң гана пайдалар болору айтылып жатты. Мисалы, Кыргызстандын алтын кендеги 16 пайыз акциясы 33кө жете турган болду. Өндүрүлгөн прокдукциянын 18 пайызы да казынага түшүп турмак болду. Бирок, 2009-жылкы келишимдин зыяндуу жактары да кийин, 2010-жылкы төңкөрүштөн соң ачыкка чыкты. Мисалы, 2003-жылкы макулдашууга жалпысынан 180 тонна алтын эле киргизилген болсо. 2009-жылкы макулдашууда кайра ага кошумча 200 тонна алтын казып алууга уруксат берилген. Бул алтындар казылышы үчүн 26 миң гектар жер кошумча берилген. Анын 16 миң гектары «Сары-Чат – Ээр-Таш» мамлекеттик коругунун аймагына кирген. 2010-жылдагы төңкөрүштөн кийин кайрадан Кумтөр маселеси козголуп, аны улутташтыруу маселеси катуу көтөрүлдү. 2012-жылы өкмөттүн токтому менен жогорудагы келишимдер жокко чыгарылды. Бул маселени чечүү үчүн белсенген бир нече өкмөт алмашты. Кийин Сапар Исаковдун учуруна келип, Кыргызстандын үлүшү 29%, Центерраныкы болсо 71% деп белгиленген жаңы келишим түзүлдү. Исаковдун жетишкендиги болсо, жаратылышты коргоо үчүн фонд түзүп, ага Центерра 50 миллион доллар бөлүп берүүсү болуп калды. Мындан тышкары, Центерра буга чейин жылына 310 миң доллар берип келсе, мындан ары жыл сайын 2,7 миллион доллар бере турган болду. Негизи, 2012-жылы мамлекеттик комиссия “Кумтөр” иштеп баштагандан бери экологияга 7 млрд. сомдук зыян жеткиргенин аныкташкан. Бул боюнча иш жергиликтүү да эл аралык да соттордо каралып жаткан. Бирок Сапар Исаковдун өкмөтү расмий түрдө “өкмөттүн Кумтөргө доосу жок” деп келишимге жазып койду. Мындан тышкары, чет элдиктердин өлкөгө кирип чыгуусу да ээн-эркин болуусуна кепилдик берилди. Абылгазиевдин акыркы келишиминде да бул талаптар сакталып калды. А түгүл, 2009-жылы берилип кеткен 26 миң гектар жерди Кумтөргө кайтарып берүүгө макулдук берилгени ачыкка чыгып кетти. Мындан башка дагы кыянаттыктар албетте жакынкы убакытта ачыкка чыгаары анык болуп калды. Белгилей кетсек, 2019-жылдын 1-январына карата кендеги алтындын кору 140 тоннага чейин деп болжолдонгон. Ушул убакка чейин 345 тонна таза алтын ташылып кеткен. Ал эми чалгындоо иштери башталган жылдары аймакта 716 тонна алтын, 388 тонна күмүш, 54 885 тонна вольфрамдын запасы аныкталган. А бирок, келишим алтындын үстүндө гана түзүлүп, калган минералдар бекер ташылып кетүүдө. Жыйынтыктап айтканда, Кумтөр кени иштеп баштагандан бери чет элдик компания гана түшүмүн көрүп келүүдө. Андан калган жуктарын болсо жергиликтүү аткаминерлер ортомчу болуп бөлүшүп алууда. Карапайым элге болсо мамлекет “Центерраны” эң ири салык төлөөчү компания катары көрсөтүп көз боёмочулук кылууда. Болбосо, ушул күнгө чейин элдин колуна бул алтын кенден эч кандай үлүш берилбеген. Анткени, бүгүн биз жашап жаткан капиталисттик система дал ушул капиталисттердин гана укугун коргоп, аларга дүйнөнүн кай жеринде болсо да шарт түзүү үчүн курулган. Ал эми карапайым эл алардын арзан жумушчу күчү катары каралат. Негизи Исламий көз караштан алганда, кен байлыктар жалпы элдики болуп, андан түшкөн пайда элдин колуна түз тийип турушу шарт. Ошондой эле, жалпы элдик мүлккө мамлекет дагы, чет элдик компания дагы, жеке адам дагы ээлик кыла албайт.
Мумтаз Маверанахрий