Тажикстан бийлиги өлкөдө төрөлүүнүн санын азайтууга токтом кылды

402
0

Тажикстан бийлиги өлкөдө төрөлүүнүн санын азайтууга токтом кылды

Тажикстан өкмөтү 2019-2022-жылдарга болжолдонгон репродуктивдүү саламаттык программасын тастыктады.

 Мамлекеттик программада негизинен үй-бүлөнү бекемдөөгө чакыруу, кыз-келиндердин саламаттыгын жакшыртуу, жыныстык мамиле тарбиясы жана кошбойлуулуктун алдын алуу иштери камтылган.

Мамлекеттик программада келишинче, үй-бүлөнү пландаштыруу маселесинде өкмөт тараптан аткарылган иш-чаралар жакшы натыйжа берип, 100 миңге чейин пландаштырылбаган кошбойлуулуктун алды алынды. Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлигинин адистери репродуктивдүү саламаттыкты боюнча 2019-2022-жылдарга болжолдонгон мамлекеттик программанын ишке ашырылуусу жакынкы үч жылда 450 миңден ашуун пландаштырылбаган кошбойлуулуктун алдын алат деп болжошууда.

Былтыр күз мезгилинде Дүйнөлүк банк Тажикстанга жакырчылык деңгээлин төмөндөтүү максатында төрөлүүнү чектөө сунушун киргизген эле. Дүйнөлүк банктын адистери Тажикстандагы жакырчылык, жумушсуздук жана миграция жогорку деңгээлде экендигине демографялык өсүү себеп деген тыянак чыгарышкан.

Учурда Тажикстанда бир аялга төрт бала туура келет.

Адистердин билдиришинче, улут сакталып турушу үчүн бир аялга орточо эсеп менен 2,1 бала туура келиши керек. 2016-жылы Европа Союзунда төрөлүү коэффициенти 1,6га барабар болгон. Бул көрсөткүч Ирландияда (2,02), Францияда (1,96), Британияда (1,91),Германияда (1,41) болгон. АКШда жакынкы мезгилге чейин бир аялга 2,4 бала туура келчү. А бирок, акыркы эки жылда бул көрсөткүч бир топ төмөндөп кеткен.

 Батыш мамлекеттеринде демографиялык кризис жүз берип жатканы себептүү, алар исламий өлкөлөрдө бул көрсөткүч ашып бара жатканын көбүртүп көрсөтүү аркылуу мусулман өлкөлөрдө “үй-бүлөнү пландаштыруу”, “аялдардын саламаттыгы”, “пландаштырылбаган кошбойлуулуктун алдын алуу” деген шылтоолор менен мусулман үй-бүлөлөрдө төрөлүүнү чектөөгө аракет кылып, исламга каршы изилдөөлөрдү өткөрүп келишүүдө.

АКШнын “Pew” изилдөө борборунун божомолуна ылайык, төрөлүү жагынан 2035-жылга барып мусулмандардын саны насронийлерден ашып кетет. Бул нерсе Исламды дүйнөдөгү эң бир кеңири жайылган динге айландырат.

Борбордун билдиришинче, төрөлүүнүн саны боюнча азырынча насронийлер алдыда. Бирок аталган борбордун иликтөөлөрүбул абал 2035-жылга чейин уланбастыгын көрсөттү. Себеби, 2010-2015-жылдар аралыгында дүйнө жүзүндөгү төрөлүүнүн 31 %ы мусулмандарга туура келген.

 Колонизатор кафирлердин кызыкчылыктарына кызмат кылуучу Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта фонду сыяктуу уюмдар да исламий өлкөлөргө, же алардын тили менен айтканда “үчүнчү дүйнө” мамлекеттерине жардам берүүдө жакырчылык, жумушсуздук жана башка факторлорду шылтоолоп, малай өкмөттөрдөн төрөлүүнү чектөөнү талап кылышат жана ушул аркылуу өздөрүнчө мусулмандардын санын азайтмакчы болушат. Өзбекстан диктатору Каримов да “аялдардын саламаттыгын жакшыртуу” шылтоосу менен 2009-жылдын 13-апрели жана 1-июлунда эки буйрук чыгарган жана ошол буйруктун негизинде аялдарды мажбурий стерилизациялоо (бычуу) иштери аткарылган. Аталган буйруктун негизинде, 2010-жылдын өзүндө эле 80000ден ашык аял стерилизацияланган.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here