Ооганстан: «Талибан» өкмөттүн курамына кириши мүмкүн
12-августта АКШ менен «Талибан» кыймылынын кезектеги сүйлөшүүсү аяктады. Бул тууралуу «Рейтерс» агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн 8-айлампасы 3-августта Катардын борбору Дохада башталган. Вашингтон «Талибан» кыймылы менен келишим 1-сентябрга чейин жыйынтыкталып калышы мүмкүн экенин билдирген. Келишимдин негизинде Ооганстанда курамына талибдер да кирген өкмөт курала турган болсо, 28-сентябрга белгиленген президенттик шайлоо жылдырылышы мүмкүн.
Ал эми, Ооганстан президенти Ашраф Гани сентябрь айына белгиленген президенттик шайлоону убагында өткөрүш керек экенин айтууда. Анын айтымында, өлкөдө шайлоо аркылуу бийликке келген мыйзамдуу жана күчтүү өкмөт болбосо ооган эли тынчтыкты толук орното албайт. Ошондой эле мындай тынчтыкты Ооган Ислам Республикасы менен “Талибан” кыймылынын ортосунда гана камсыз кылса болот.
Америка жана НАТО Ооганстанда 18 жылдан бери согуш алып барса да ийгиликке жетише албады. Талибан кыймылы 2001-жылы Американын Ооганстанга бастырып кириши менен бийликтен кулаган эле. Ошентсе да Америка Ооганстандагы малайларына туруктуулукту камсыздап бере албады. Бул да анын ийгиликсиздикке учураганын билдирип турат. Америка бул согушта жылына 23 миллиард доллар жумшаса да, Кабулдагы Америка малайы болгон өкмөттүн эч кандай таасири калбады. Ошондуктан, Америка бүткүл аракетин талибанды өкмөткө аралаштырууга жумшап жатат. Мына ушундайча Америка Ооганстандагы аскерий чыгашаларын кыскартууну жана коркунуч жаралган учурда гана аскерий базаларын ишке салууну каалап жатат. Бул үчүн кайрадан Пакистанды ортомчу катары колдонмокчу. Пакистан буга чейин Ооган өкмөтү менен “Ислам партиясы” келишимге жетишүүсүнө зор салым кошкон. Ал учурда “Ислам партиясы” Ооган өкмөтүнө “Талибан” кыймылындай эле коркунуч жаратып турган.
Андыктан, “Талибан” кыймылы Пакистандын малай акимдерине сүйөнүп калуудан же Пакистан армия жетекчилиги тарабынан Ооганстанга карата жумшак мамиле кылуусуна азгырылбашы керек. Тарыхтан ибрат алуу зарыл. Пакистандагы малай акимдер болбогондо Америка Ооганстанга кадам коё алмак эмес. Пакистан өкмөтүнүн “Талибанга” карата учурдагы жаңы саясаты, Ооганстанда ашыкча аскерий чыгашага учурабастан, Ооган өкмөтүн кулап калуудан сактоо. Бул максатын ишке ашыруу сценарийин Америка Пакистанга тапшырууда. Заалимлдерге сүйөнбөгүлө! Эгер андай кылсаңар, тозок оту кармайт. Силерге Аллахтан бөлөк жардамчы болбойт жана жардам да ала албай каласыңар!
Мумтаз Маверанахрий