Ушунча жылдар өттү, саясий максатта берилип жаткан уу-заар акчалар Шам козголоңун кыйратууну улантууда

371
0

Ушунча жылдар өттү, саясий максатта берилип жаткан уу-заар акчалар Шам козголоңун кыйратууну улантууда

Устаз Ахмад Абдулваххаб

Саясий максатта берилип жаткан акчалардын терс акыбети жана коркунучу баарына жаркын көрүнүп калганына карабастан, анын кооптуулугу жөнүндө көптөгөн макалалар жазылса да, бул акчаны алуудан тынымсыз эскертүүгө туура келүүдө. Анткени, Шам козголоңу башталгандан бери ушунча жыл өткөнүнө карабастан, аны кыйратып, аракетин шал кылып жаткан нерсе дал ушул акчалар болуп калууда. Шамдагы бул мубарак, пакиза, теңдешсиз козголоң бардык кооп-коркучтарга бет маңдай туруп, зулумдан жана тагуттан азат болуу, Исламдын адилет башкаруусун орнотуу жолунда бардык мал-жанын жумшоого даяр болуп, Башар Асад режимине каршы табигый көрүнүштө башталды. Ошондо Батыш аны жок кылуу үчүн болгон күчүн жана мүмкүнчүлүгүн сапарбар кылды, тизгиндөө үчүн бардык ыкма-каражаттарды колдонду. Бул ыкмалардын эң кооптуусу – саясий максатта берилип жаткан акчалар. Ушул акчалар өлкөбүздөгү бардык мусибаттарыбызга мусибат кошту. Саясий максатта берилип жаткан бул ыплас акчалар маселебизди дагы да чаташтырды, канкор режимдин өмүрүн узартып, ага мүмкүнчүлүк берди.

Ыплас акчаларды берүү ыкмасы хак менен батылдын ортосундагы күрөштө жаңылык эмес, бул нерсе Расулуллах ﷺга карата да колдонулган. Расулуллах ﷺды даъваттан буруп, тизгиндөө үчүн Курайш ага байлык сунуштаган. Утба ибн Робиа Набий ﷺга: «Эй абамдын баласы, асмандан алып келген бул ишиң үчүн байлык кааласаң, байлыктарыбыздан чогултуп берип, сени бизден да бай киши кылалы. Сый-урмат кааласаң, сени өзүбүзгө саййид кылып, сенсиз бир ишти чечпеген улуубуз кылып алалы. Эгер, падышалыкты кааласаң, сени өзүбүзгө падыша кылып алалы. Эгер, бул алып келген нерсең, көзүңө көрүнүп жаткан нерсе болуп, андан айыга албай жаткан болсоң, табиб таап, сени сакайтуу үчүн байлыгыбызды сарптайлы», – деди. Расулуллах ﷺ Утбанын сөзүн акырына чейин тыңдап турду, кийин: «Сүйлөп бүттүңбү, Абу Валид?», деди. Ал: «Ооба», – дегенде: «Эми, мени тыңда», – деди. Утба «Башта» дегенде: «Бисмиллахир Рохманир Рохим», – деп Аллахтын ушул аятын тилават кылды:

﴿حم + تَنزِيلٌ مِنْ الرَّحْمَانِ الرَّحِيمِ + كِتَابٌ فُصِّلَتْ آيَاتُهُ قُرْآنًا عَرَبِيًّا لِقَوْمٍ يَعْلَمُونَ + بَشِيرًا وَنَذِيرًا فَأَعْرَضَ أَكْثَرُهُمْ فَهُمْ لاَ يَسْمَعُونَ﴾

«Ха, Мим. (Бул Куръан) мээримдүү жана ырайымдуу (Аллах) тарабынан түшүрүлгөн. Ал биле турган коом үчүн (муминдерге) кушкабар берүүчү жана (кафирлерди азаптан) эскертүүчү – арабий Куръан абалында (түшүрүлүп), аяттары ирээттүү баян кылынган Китеп. Кийин көпчүлүгү жүз үйрүштү, демек алар угушпайт»                                                        [41:1-4]

Расулуллах сураны сажда аятына чейин окуп, кийин саждаи тилават кылды. Андан соң: «Эй Абу Валид, мына ушуларды уктуң, эми өзүң чечесиң», – деди. Ошентип, Расулуллах ﷺ Мугиранын бардык сунуштарынан баш тартты жана тузакка түшпөдү. Бул болсо, биз үчүн сабак, жолубузду көрсөтүп берген белги, ушундай учурларда позицияны билдирген баян болот.

«Бирер козголоңду бузмакчы болсоң, аны акчага күмөп сал» деген сөз бар. Чынында ошондой болду. Шам козголоңу саясий максатта берилип жаткан уу-заар акчаларга көмүлүп, козголоң кырсыктуу натыйжага келди, туура багытынан ооп, башка жолго бурулуп кетти. Анткени, козголоң режимди өз уясында кулатуу үчүн борбор Дамаск тарапка багыт алуунун ордуна, алыскы аймактарга жайылып, кулатуудан алыстады, негизи, режимди кулатуу козголоңдун өзгөргүс максаттарынын бири эле. Бул акчалар согуш майданындагы жамаат жетекчилеринин токтомдорун кишендеди. Натыйжада, фронттор «колдоо көрсөткөн» мамлекеттердин буйругу менен ачылып, буйругу менен жабылды. Халаб, Гута, Даръа сыңары көптөгөн региондор душманга тапшырылды. Анткени, акчасы бар токтом чыгарып калды!

Бу уу-заар акчалар учурда да козголоңду кемирип жатат. Мен бул макалада саясий максатта берилип жаткан акчалар турмуштун саясий, маалымат, кайрымдуулук сыяктуу бардык көрүнүштөрүнө терс таасир кылганын кеңири баяндамакчы эмесмин. Анткени, бул акчалар кандай акыбеттерге алып келгени баарына ачык-айкын. Ошондуктан, козголоңдун денесинде пайда болгон мындай шишикти тамыры менен алып салып, денени тазалоо, оболу, Аллах Азза ва Жаллага, кийин өз күчүбүзгө таянуубуз зарыл. Мына ошондо токтомдорубузду өзүбүз чыгарабыз, көз карандысыз болуп, эмне кылуу керектигин өзүбүз чечебиз.

Кээ бир адамдар «Анда, иштерибизди кантип каржылайбыз» деши мүмкүн. Ага жооп мындай: кимде-ким саясий максатта берилип жаткан акчалардын кооптуулугун, акыбетте, бул акчалар ушунча берилген курмандыктардын, шейиттердин канын текке кетирерин, бизди кайра зулумга, адилетсиздикке жана кулдукка саларын жакшы түшүнгөн болсо, анда, бул шайтандын жибин үзүү шарт. Аны кармоонун акыбети кырсыкка алып келгени ачык-айкын болду, аны кармоого эч кандай шылтоо жок. Андыктан, Аллахтын бекем арканын кармап, ырыскыдан кабатырланбоо керек. Анткени, ырыскы Аллах Субханахунун колунда. Расулуллах ﷺ айтат:

«جُعِلَ رِزْقِي تَحْتَ ظِلِّ رُمْحِي»

«Менин ырыскым, найзамдын саясына байланган». Ким Аллахтын арканын кармаса, ага Аллах Субханаху ва Тааланын фазилети жетишерлик, Аллах ага душмандары үстүнөн нусрат берет. Негизи, колу ачык март кишилер көп. Алар биздин калыс жолубузду жана улуу Роббибизге, кийин өзүбүзгө таянып жатканыбызды көрүшсө, алар биз үчүн мал-жандарын аябашына күмөн жок. Буга мисалдар абдан көп. Мисалы, жакында Шам калкы үчүн март инсандар көптөгөн садакаларды кылышты, жада калса кыз балдар да алтын сөйкөлөрүн ихсан кылышты. Демек, уу-заар акчанын ордун басуучу байлык көп. Аллахка мактоо болсун, ичкериде олжолор көп, ичкери жана тышкарыда март мусулмандар көп. Бизге зарыл нерсе байлык эмес, туура чечим. Ошондуктан «колдоо көрсөткөн» мамлекеттер бизге сунган жиптерди үзүп, душманыбыздын айла-амалынан кутулуу үчүн туура токтом кабыл алуубуз керек.

Аллах Таала айтат:

﴿وَقَدْ مَكَرُوا مَكْرَهُمْ وَعِنْدَ اللَّهِ مَكْرُهُمْ وَإِنْ كَانَ مَكْرُهُمْ لِتَزُولَ مِنْهُ الْجِبَالُ + فَلَا تَحْسَبَنَّ اللَّهَ مُخْلِفَ وَعْدِهِ رُسُلَهُ إِنَّ اللَّهَ عَزِيزٌ ذُو انْتِقَامٍ﴾

«Алар өздөрүнүн айла-амалдарын кылышты. (Бирок) эгер алардын айла-амалдары себептүү тоолор урап кетсе да, алардын (бу) айла-амалдары Аллахтын алдында. Сен эч качан Аллах Өз пайгамбарларына берген убадасынан таюучу деп ойлобогун. Албетте, Аллах кудуреттүү жана өч алуучу»                                                                                                                [14:46-47]

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here