Өзбекстан Кытайдын Шинжаңдагы саясатын колдоду
Өзбекстан БУУда Кытайдын Шинжаңдагы уйгурларга карата мамилесин колдогон кайрылууга кол койду. Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Кытай тышкы иштер министрлигин маалымат катчысы 29-июлда: “Жакында БУУнун Женевадагы штабында 50 мамлекеттин элчиси Кытайдын Шинжаң маселесиндеги позициясын колдоп, БУУнун адам укуктары кеңешинин (UNHRC) президенти жана Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарына биргелешкен кайрылууга кол коюшкан”, – деди.
Кытайдын Шинжаңдагы уйгурларга жана башка улуттук азчылыктарга карата саясатын колдогон 50 мамлекеттин арасында Өзбекстан да бар. Борбор Азиядан Өзбекстандан тышкары, Түркмөнстан менен Тажикстан да колдогон.
“Кытайды колдогон 50 мамлекеттин БУУдагы элчиси Кытай адам укуктары жаатында ийгиликтерге жетишкенин алкыштаган. Алар Кытайдын контр-терроризм жана дерадикалдаштыруу саясатын, айрыкча, кайра тарбиялоо борборлорунун ишмердүүлүгү натыйжасында Шинжаңга туруктуулук орногонун о.э. акыркы үч жылда бир да теракт болбогонун моюнга алышууда”, – деди Кытай тышкы иштер министрлигин маалымат катчысы Хуа Чунинг.
Июлдун башында БУУнун Адам укуктары кеңешиндеги 22 мамлекет Кытайдын Шинжаңдагы уйгурларга мамилесин сындаган кайрылууга кол коюшкан. Алардын көпчүлүгү Батыш мамлекеттери болуп, арасында бир да исламий өлкөнүн өкүлү жок эле.
Андан соң,12-июлда Саудия, Россия жана башка 35 мамлекет БУУда Кытайдын Шинжаңдагы уйгурларга карата мамилесин колдогон кайрылууга кол коюшкан. Кытай тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, ал 35 мамлекетке бүгүнкү күндө дагы 15 мамлекет кошулган.
Расулуллах соллаллоху алайхи ва саллам:
“Жеп тойбос соргоктор өз табагына таштанганы сыяктуу жакында улуттар бардык тараптан силердин үстүңөргө таштанат, дегенде, я Расулалла, ошол кезде саныбыз аз болгондугунан ушундай болобу? – дешти. Ал зат: Силер ал убакта көп болосуңар. Душмандарыңардын калбдарынан коркунуч көтөрүлөт, силердин калбыңарды болсо вахн ээлейт, деди. Ошондо: Вахн эмне? – деп суралганда, ал зат: Дүйнөнү жакшы көрүү, өлүмдү жаман көрүү, деди. (Абу Давуд риваяты).
Чындыгында, Пайгамбарыбыз мындан 1400 жыл мурда башарат кылган абал жүз берүүдө. Кафирлер дүйнөдөгү 1,5 миллиарддан ашуун мусулмандын үстүнөн каалаган ишти кылышууда. Мусулмандардын мындай абалга түшүп калышына алардын Исламды бекем кармаганы эмес, тескерисинче Исламдан алыстап, жакшылыкка буюруп, жамандыктан кайтаруудан о.э. акимдерди мухасаба кылуудан баш тартышканы себеп болууда. Үстүбүзгө орнотуп коюлган куурчак акимдер мусулмандарга зулум, кыянат кылууну улантып жатса да, биз аларды мухасаба кылуудан жоопкер экенибизди сезбей койдук. Ошол себептен да бул акимдер Ислам жана мусулмандарга каршы болуп жаткан күрөшкө сүкүт сактаганы жетишпегендей, бул күрөштүн алдыңкы сабына чыгып алышты. Сирияда жүз миңдеген мусулман кыргын кылынганда, Бирма (Мьянмар)да нажас бутпарастар рохинжа мусулмандарын массалык түрдө кыргын кылганда, Аллахтын наалатына дуушар болгон яхудий коому Палестинада муслималарды өлтүрүп, Масжидул Аксаны акаарат кылганда… сүкүт сактаганыбыз сыяктуу эле, Кытайда миллиондогон мусулмандар акыйкатсыздык менен камакка алынганда да сүкүт сактап жатабыз. Ушул сүкүт сактообуз себептүү үстүбүздөгү рувайбиза акимдер биздин атыбыздан Кытай зулумун колдоп жатышат…
Расулуллох соллаллоху алайхи ва саллам айтат:
“Жаным Анын колунда болгон Затка ант болсун! Же жакшылыкка буюруп, мункар – күнөө иштерден кайтарасыңар, же (эгерде амри маъруф жана нахий мункарды кылбасаңар) жакында Аллах силердин үстүңөргө Өзүнүн укубатын– балээ-азаптарды жиберет. Анан, (ошол кезде) силер Ал Затка дуба-илтижа кылсаңар да (дубаңар) кабыл болбойт!”.(Имам Термизий риваяты).
Эй мусулмандар, биз пайгамбарыбыз Мухаммад соллаллоху алайхи ва саллам көрсөтүп берген жол менен Халифалык мамлекетин тикелемейинче мындай кордуктан кутула албайбыз. Мусулмандар калканы болгон Халифалык кайрадан тикеленмейинче ар кандай төмөн кимсе мусулмандарга жана Ислам баалуулуктарына каршы барууга батына берет. Анткени, мусулмандарды эле эмес, бүтүндөй адамзатты Ислам адилеттүүлүгүнө алып чыгууга Халифалык мамлекети гана кудуреттүү!
Абдурахман Адилов