Өзбекстан Кытайды колдоду

402
0

Өзбекстан Кытайды колдоду

Өзбекстан БУУда Кытайдын Шинжаңдагы уйгурларга карата мамилесин колдогон кайрылууга кол койду. Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министрлиги кабарлады.

 Кытай тышкы иштер министрлигин маалымат катчысы 29-июлда: “Жакында БУУнун Женевадагы штабында 50 мамлекеттин элчиси Кытайдын Шинжаң маселесиндеги позициясын колдоп, БУУнун адам укуктары кеңешинин (UNHRC) президенти жана Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарына биргелешкен кайрылууга кол коюшкан”, – деди.

Кытайдын Шинжаңдагы уйгурларга жана башка улуттук азчылыктарга карата саясатын колдогон 50 мамлекеттин арасында Өзбекстан да бар. Борбор Азиядан Өзбекстандан тышкары, Түркмөнстан менен Тажикстан да колдогон.

 “Кытайды колдогон 50 мамлекеттин БУУдагы элчиси Кытай адам укуктары жаатында ийгиликтерге жетишкенин алкыштаган. Алар Кытайдын контр-терроризм жана дерадикалдаштыруу саясатын, айрыкча, кайра тарбиялоо борборлорунун ишмердүүлүгү натыйжасында Шинжаңга туруктуулук орногонун о.э. акыркы үч жылда бир да теракт болбогонун моюнга алышууда”, – деди Кытай тышкы иштер министрлигин маалымат катчысы Хуа Чунинг.

Комментарий:  Кытайдын БУУ аркылуу өзүнүн демократиялык баалуулуктарга тескери саясаты жана аракеттерине дүйнөдөгү мамлекеттердин позицияларын шайкеш келтириши жана аларды бул аракеттерди колдоого мажбурлай алышы, эл аралык саясат өзгөрүп жатканына ишара кылабы? Кытай АКШдан кийинки экинчи мамлекет макамына чыгып алдыбы? Буга чейин, АКШ БУУ аркылуу дүйнө мамлекеттерин өз кызыкчылыгы тарапка буруп, аларды башка жетекчи мамлекеттердин кызыкчылыгына жана өз идеологиясына тескери аракеттерине мажбурий көндүрөт эле.

Кытай дүйнө жүзү экономикалык жана каржылык кризиске түшүп бара жатканынан пайдаланып, алсыз мамлекеттерди карызга батыруу менен аларды экономикалык колония кылууда. Кытайга экономикалык жактан көз каранды болуп бара жаткан бул мамлекеттер эми анын дүйнөлүк идеология принциптерине тескери болгон саясатын да колдой башташты. Кытай Ислам жана мусулмандарга каршы бул жийиркеничтүү долбоорун “терроризмдин алдын алуу” деп атамакчы болууда. Ал өзүнүн бул долбооруна эл аралык саясатта расмий түс берип, аны легалдаштырып алмакчы болууда. Ошол аркылуу бул долбоорун Орто Азия сыяктуу жанындагы мамлекеттерге көчүрүүнү көздөп жатат. Кытай үчүн бул долбоор ал өлкөлөргө түздөн-түз же кыйыр  түрдө көчүп өтүшүнүн айырмасы жок. Маанилүүсү “терроризм”ге каршы күрөштө эл аралык коомчулук каралаган мыйзамсыз чараларды мыйзамдаштырып алуу.

Өзбекстан менен Тажикстандын президенттери да Кытайдын бул долбоорун колдогон документке кол коюшту. Алар, Кытайдын Ислам жана мусулмандарга каршы бул кылмышты ишке ашыруусуна салым кошушту. Дүйнөдөгү мусулмандар социалдык тармактар аркылуу аларды каралап жатышат. Үммөт, Мирзиёев жана Рахмондун бул аракеттерин – кудайсыз Кытай жетекчилигинин мусулмандарга зулумун колдошун – Ислам жана үммөт үчүн кыянат деп баалады!

Ислам жана мусулмандар үчүн дүйнөлүк башкаруу системасынын башына кайсы кафир мамлекет келишинин, биринчи же ага атаандаш экинчи мамлекет пайда болушунун айырмасы жок. Бирок,  алардын бири  Ислам жана мусулмандарга каршы, ал тургай кафир калктарга каршы зулумду күчөтө турган болсо, ага кыпындай болсо да салым кошуу арам. Боордоштор, мамиле билдирели! Анткени ушул аркылуу кыямат күнү ушул кыянатчы жетекчилерге сүкүт сактап ыраазы болгондор менен же ушул акимдер менен бирге тирилип калуудан кутулуп калсак ажеп эмес! 

Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here