Хасан Насруллах! Куралдарыңар яхудий вужудуна эмес, мусулмандардын көкүрөгүнө багытталган болсо, кантип Куддуста намаз окуйсуң?!

425
0

Хасан Насруллах! Куралдарыңар яхудий вужудуна эмес, мусулмандардын көкүрөгүнө багытталган болсо, кантип Куддуста намаз окуйсуң?!

«Манар» телеканалында Ирандын Ливандагы Хизбинин башкы катчысы Хасан Насруллах кайрылуу жасады. Анын айтымында, бүгүнкү күндө каршылык кыймылы болуп көрбөгөндөй күчтүү болуп, яхудий вужудунда анын ракеталарынын бутасына кирбеген майдан жок имиш. Кийин Хасан Насруллах АКШнын Иранга каршы согушу бүткүл регионду ойрон кылышын баса белгилеп, Куддуста намаз окумакчы экендигин билдирди.

Роя гезити:

Мусулмандар назарындагы маселе мечит маселеси гана эмес, Аллахтын маклуктары ичинде эң арамзалары басып алган исламий жер маселеси. Бүкүл Фалестин жана басым алынган бүткүл жер жөнүндө сүйлөбөстөн, болгону мечит жөнүндө гана сүйлөө шаръий өкүмгө тескери болуп эсептелет. Себеби, шаръий өкүм аны толук азат кылууну буюрат. Сөздү мечитке жана ал вакф жери экендигине чектөө – Аллахка жана момундарга кыянат. О.э. бул Куддус жана вакф жери маселесин башка Фалестин маселелеринен бөлүү аркылуу АКШ жетектеген эл аралык пландарды кабыл алуу болуп саналат. Себеби, маселе мечит маселеси да, аны оңдоо маселеси да эмес. Жок, маселе шаръий өкүмдүн басып алынган жердерге карата маселеси. Фалестинди азат кылуу сыймыгына Аллахтын калыс жана чынчыл пенделери гана жетишет. Бул бакытка ыплас бир режимди коргоп мусулмандардын канына бөлөнгөн жана намыстарына тийген ыплас колдор эмес, момундардын пакиза колдору жетишет. Аны азат кылуу сыймыгына өзүнүн илманий экенин тан алган режимдин коргоочулары да, мусулмандар арасында мазхабчылык уругун эгип, жалган шылтоолор менен согуш баштаган, ооздорунан Куддус күнүн белгилөөчү кыйкырыктар чыгып жаткан кимселер эч качан жетишпейт!

Сен, Хасан, кантип Куддуста намаз окуйсуң, деги, сен турган минбар Шам калкынын баш сөөктөрүнүн үстүнө курулган болсо, кыйналган Умматты тебелеп хутба окуп жаткан болсоң?! Сен аскерлериңди Фалестинди жана Аксаны азат кылуу үчүн эмес, Шам калкын кырган кылуу үчүн жибердиң. Оозуңдан курулай сөздөрдү угуп жатабыз. Сен Батыш кызыкчылыгын камсыздаган саясий максаттардан башка тарапка аракеттенбей жатасың, Тегерандын буйругу негизинде гана кадам шилтеп жатасың.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here