Бишкекте дагы кайра Орто Азиядагы “экстремизм” маселеси талкууланууда

461
0

Бишкекте дагы кайра Орто Азиядагы “экстремизм” маселеси талкууланууда

3-4-июль күндөрү Бишкекте “Зордукчул экстремизмге каршы күрөшүү жана алдын алуу: коомчулук менен өнөктөштүктү жана ведомстволор аралык кызматташтыкты бекемдөө” аймактык семинары болуп өттү.

Ушул жылдын февраль айында Бишкекте “диний чөйрөдө мамлекеттик саясатты жайылтуудагы медианын орду” маселеси талкууланган эле.

 Март айында Кыргызстан дин комиссиясынын демилгеси менен: мамлекет менен диний уюмдардын өз ара кызматташуусу, конфессиялар аралык кызматташтык, радикализация менен экстремисттик идеологияны жайылтуудан эскертүү боюнча иш-чаралар өткөрүү жаатында тегерек стол уюштурулган.

Апрелде “Орто Азиядагы экстремизм менен күрөшүү боюнча лидерлер талкуусу” аттуу долбоор алкагында жыйын болуп өткөн.

14-июнь күнү Бишкекте ШКУ саммити болуп өттү. Саммитте Кытай жетекчиси Си Цзиньпин “биргеликте үч жамандыкка: сепаратизм, терроризм, экстремизмге каршы күрөшүүбүз керек” деди. Кыргызстан президенти Жээнбеков муну колдоп, Кыргызстан сепаратизм, терроризм жана экстремизмге каршы Кытай менен бир позицияда экенин билдирди.

3-4-июль күндөрү Бишкекте “Зордукчул экстремизмге каршы күрөшүү жана алдын алуу: коомчулук менен өнөктөштүктү жана ведомстволор аралык кызматташтыкты бекемдөө” аймактык семинары болуп өттү.

Бул жыйын Атамбаевдин “Жээнбеков кетсин” деген талаптар астында өткөрүп жаткан митинги менен бир күнгө туура келди.

“Экстремизм” алардын аныктамасы менен айтканда, “бийликти күч менен басып алууга шай турган же ушуга аракет кылып жаткан адам же топ”.

Мына 3-июль күнү Бишкекте “Соке (президент) болбоду (кетсин)” деген талап астында уюштурулган митинг болуп өттү. Бул митинг – мамлекет ичинде туруп бийликти тааныбаймын деген, мамлекеттик сотко барбаймын деп билдирүү берген, айланасына адамдарды топтоп алып, алар менен өзүн мамлекеттен коргоп жаткан экс-президент Атамбаев тарабынан уюштурулду. Атамбаев өз сөзүндө учурдагы саясий элита жана жетекчи топ (президент) бийликтен кетиши керек экенин, алардын ордуна өзүнүн айланасындагы митинг катышуучуларынын өкүлдөрү келиши керектигин ачык белгиледи.

“Экстремизм” бир куфр термини болуп, ал ушул учурда жалаң гана Исламга жана мусулмандарга каршы иштетилип жатат. Акаевди бийликтен кууп, мандатты Россиядан туруп кабыл алган Текебаев “биз бийликти туура эмес (экстремистик) жол менен алдык” деп тан алган эле. Ошого карабастан, эл аралык саясат аларды легитимдүү бийлик катары тан алды. Кийин, ошондо бийликке келгендер да өздөрүнөн кийинкилер тарабынан так эле ушундай жол менен мамлекеттен кууп чыгарылды!

Жогорудагыдай семинарлардын, конференциялардын көптүгүнө жана олуттуулугуна карап, Кыргызстан бийлиги куду исламий топтор тарабынан тартып алынып жаткандай сезилип кетет. Балким, эл аралык саясат же Кыргызстан бийлиги бирер максатты көздөп дүйнө коомчулугу аң-сезиминде ушундай бир элес пайда кылмакчы болуп жаткандыр. Кандай болгон күндө да “экстремизм” термини жалаң гана Ислам дининин өкүлдөрүнө карата иштетилип жатат. Башкалар тарабынан, ал тургай, ушул семинар өтүп жаткан шаардын дал өзүндө – ушул терминге түшө турган (экстремисттик) аракеттер алып барылып жатса да – аларга этибар берилбейт. Тескерисинче, эл аралык саясат басымы астында алардын демократиялык акы-укуктары мамлекет тарабынан кепилдениши талап кылынат.

Демек, ушундан тыянак кылсак, ар кандай дүйнөлүк башкаруу системасы ичинде башка башкаруу системаларына каршы күрөшүү механизмдери бар. “Экстремизм, терроризм…” терминдери артында демократияга негизделген капиталисттик дүйнөлүк башкаруу системасынын Исламий дүйнөлүк башкаруу системасына (мабдаъсына) каршы механизминин негиздери жатат. Бул терминдер элдик кызыкчылыктан келип чыккан бүткүл дүйнөлүк т.а. белгилүү бир кылмыштарга каршы каратылган инсаний кызыкчылыктарды коргоочу экени жалган. Алар жалаң гана материалдык пайда алып келиш же Исламдын дүйнөлүк башкаруу системасына кайтышынын алдын алыш үчүн иштетилет.

Ошондуктан, мусулмандар бу терминдерден пайдалануулары жана бири-бирлерин ушундай атамалар менен атап, куфрга кызмат кылуулары харам! Бул сыяктуу терминдердин коомубузга кирип келишине жол бербешибиз керек, мындай атамаларды, ал тургай, күндөлүк жашообузда колдонбошубуз керек! Момундун ушундай мамилесинин өзү Ислам жана мусулмандарга пайда жана даъват деп этибар кылынат! Турмушта болуп жаткан ар бир саясий абал, кырдаалдарда Ислам жана мусулмандардын кызыкчылыгы негизинен келип чыгып иш кылалы, бурадарлар! Ассаламу алайкум.

Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here