Кылмышкер Россия Крымда татар мусулмандарын, өзгөчө, Хизб ут-Тахрир мүчөлөрүн репрессия кылууда

300
0

Кылмышкер Россия Крымда татар мусулмандарын, өзгөчө, Хизб ут-Тахрир мүчөлөрүн репрессия кылууда

«Арабул Явм» сайты хижрий 1440-жылы 24-рамазан, миладий 2019-жылы 29-май күнү мындай маалымат таратты:

«Британияда чыккан «Таймс» гезити «Крым татарлары Россиянын тынымсыз репрессиясынан коркууда» деген аталышта жарыялаган макалада «орус режиминин Крым татарларына каршы тынымсыз алып барып жаткан камакка алуу кампаниясы алкагында жакында камакка алуулар болгону» баса белгиленген. Крымдагы татар мусуландары Россия беш жыл мурда референдум өткөрүү аркылуу өзүнө кошуп алган жарым аралдагы калктын 12 пайызын түзөт.

«Учурда 80ден ашуун татар Россия камактарынын курманы болушкан. Алардын көпчүлүгү «Хизб ут-Тахрир мүчөсү» деген айып менен сот жараянын күтүп жатышат», деп айтылат макалада. Белгилүү болгондой, Хизб ут-Тахрир Украинада уруксат берилген партия болсо да, Россия аны террорчу уюмдардын тизмесине киргизген.

Макалада айтылышынча, «Бул партия татарлар арасында коммунисттик түзүм кулашы артынан пайда болгон. Советтер Союзу татарларды Сталин заманында Орто Азияга сүргүн кылган. 1991-жылы алар өз мекенине кайтышкан, бирок, кайра эле славяндардын соккуларына бута болушту. Бирок, Хизб ут-Тахрир мүчөлөрү болгону бир нече миңди түзүшкөнүнө карабастан, бирок, мыкты уюшкан уюм болуп эсептелет».

Роя гезити:

Кылмышкер Россия режими мыйзамбузуу жана мусулмандарды жек көрүү саясатын алып баруу менен, Өзбекстандагы өлгөн тогут Каримовдун тажрыйбасын колдонуп баштады. Шексиз, бул режим соттор, тергөөлөр, протоколдор, күбөлүктөр о.э. эксперттер аркылуу алып барып жаткан иштери жалган экени жаркын көрүндү. Алардан максат – Ислам жана мусулмандарга каршы алып барып жаткан күрөшүнө мыйзамдуулук түсүн берүү. Мындан тышкары, бул мамлекеттин атайын кызматы камактагы Хизб мүчөлөрүн эркиндикке чыгарбоо милдетин алышкан. Ушул себептен улам, алардын камак мөөнөтү аяктаганда кайра эле мөөнөт кошуп жатышат, Хизб мүчөлөрү өз даъватын токтотпосо, аларды камактан чыгарбай кармап турууга аркет кылышууда.

Роя гезити, №237, 2019-жыл, 5-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here