Уран казып алууга тыюу салуу жөнүндөгү мыйзам долбоору каралат

452
0

Уран казып алууга тыюу салуу жөнүндөгү мыйзам долбоору каралат

 Жогорку Кеңешке “Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан ишке тыюу салуу жөнүндө” мыйзам долбоору киргизилди. Бул тууралуу парламенттин сайтында кабарланды. 

Мыйзам долбоору айлана-чөйрөнү сактоо, калктын ден соолугун, ошондой эле “Ысык-Көл” биосфералык аймагындагы флораны жана фаунаны радиоактивдүү булгоо тобокелдигинен коргоо максатында иштелип чыккан.        

Мыйзам долбоорунун авторлору уран, торий кендерин чалгындоого жана иштетүүгө тыюу салууну сунуштап жатышат. Ушул мыйзам күчүнө киргенге чейин берилген уран, торий кендерин издөө жана чалгындоо боюнча геологиялык-издөө, геологиялык-чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиялардын күчү аларда көрсөтүлгөн колдонуу мөөнөтүнө карабастан токтотулат.

Буга чейин “ЮрАзия” компаниясы Ысык-Көл облусундагы Таш-Булак уран-торий кенин иштетмекчи болгон. Бирок, Кыргызстан жарандары долбоорго катуу каршылык көрсөтүшүп, Бишкек жана Балыкчы шаарларында кенди иштетүүгө каршы нааразылык акциялары болуп өткөн. Ошондон кийин парламент депутаттары өкмөткө Кыргызстан аймагында уран кенин чалгындоо жана иштетүүгө тыюу салуу боюнча тапшырма беришкен. Натыйжада, министрлер кабинети уран радиоактивдүү элементин чалгындоого жана иштетүүгө тыюу салган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here