Шайлоо жана тизгиндөө, адаштыруу ыкмалары

630
0

Шайлоо жана тизгиндөө, адаштыруу ыкмалары

Акыркы жылдарда, өзгөчө, Уммат пикирий ойгонуп, саясий майданда исламий агымдар активдүү жана сезилээрлик түрдө көрүнө баштады. О.э. Уммат өзүнүн жаман абалына каршы козголоң көтөрүп, мусулман өлкөлөрүндөгү саясий режимдердин зулум-зомбулугуна каршы бутка турду. Ошондон кийин, мусулмандар желкесине минип алган режимдер жаңы ыкманы колдонууга өтүштү. Белгилүү болгондой, алардын мурдагы ыкмалары исламий аракетти жок кылууга, зулумдан кутулуу жана Ислам Умматын өзүнүн татыктуу макамына көтөрүү аракеттеринен чалгытууга багытталган эле. Эми, залим режимдер бул эски ыкмаларына кошумча жаңы ыкманы – шайлоо идеясын кошушту. Бул шайлоо ыкмасы саясий майданда, өзгөчө, мусулман өлкөлөрүндөгү козголоң жалындаган саясий майдандарда ишке салынууда. Мисалы, мындай шайлоону кече Кинана Мисири менен Тунистеги акимдер көтөрүп чыгышкан болсо, бүгүн Алжир акимдери режимдин зомбулугуна жана коррупциясына каршы козголгон элдин талаптарын тизгиндеп алууга урунуп, оболу улуттук диалогду, кийин шайлоо пикирин тыгыштырышууда. Ко-ош, мына ушундай коррупциячыл режим турганда эзилген мазлум калк бул шайлоо аркылуу зулумду жоё алабы?! Эмнеге мусулмандар мындай айла-амалдуу ыкмага алданышууда?!

Мунун жообу катары ушуну айтабыз, түпкүлүгүндө, шайлоо – бул бир катар тандоолордун арасынан эң жакшысын тандоо. Жавхарийдин «Сихах» китебинде мындай делет: «Шайлоо – тандоо. Мисалы, ээсин шайлады т.а. тандады дегендей». Башкаруу жана мекеме жаатындагы шайлоо – бул бир топ адамдардын арасынан абзелин шайлоо амалияты. Шайланган адамдар элдин өкүлү катары башкаруу жана мекемеге таандык өкүмдөрдү колдонушу керек. Т.а. ушул адамдар өз мафкурасына ылайык же ушул мафкурага негизделген өкүмдөргө ылайык өзүлөрүнө тийишелүү башкаруу менен шугулданышат.

Шайлоо жана тандоо маселесинде Ислам шариатында өзүнчө өкүмдөр бар, ал Батыш түзүмүндөгү шайлоолордон да, мусулман өлкөлөрүндө колдонулуп жаткан ыплас түзүмдөрдөн да айырмаланат. Ислам шариатындагы шайлоо эч кандай кысым жана мажбурлоосуз эркин өткөрүлөт. Ар бир адам – эгер, өзүн жөндөмдүү деп билсе же башка мусулмандар аны жөндөмдүү деп эсептешсе – шайлоого өз талапкерлигин коюу жана шайлануу укугуна ээ. Ушул шарт менен – Ислам мафкурасы жана өкүмдөрү шайлоодо көтөрүлүп жаткан маселеге негиз болушу кажет.

Кантип мусулман өлкөлөрүндө тизгиндөө, адаштыруу жана туура аракеттен чалгытуу жараяны ишке ашырылууда, кантип эски коррупция күчөп, шайланган парламент аркылуу ага кезектеги жаңы коррупция кошулуп жатат?! Анткени, бул режимдер өтө көптөгөн нерселер менен алдоого, айла-амал жана адаштырууга негизделген режимдер. Ушул алдоо, айла-амал жана адаштырууларга мисалдарды келтиребиз:

  1. Адамдарды шайлоо оюну менен алек кылып, алардын өкмөттөгү залим топтордон өч алуу туйгусун өчүрүү. Т.а. адамдар өкмөттөгү залим топтор мыйзам жана ыкмалар жардамында сызып берген шайлоо менен алек болуп, коррупция темасынан чалгышат.
  2. Коомго фитна уругун чачуу. Бул фитна ушундай: солкулдап кулоого жакындашкан жана коррупцияга малынган аткаминерлер олтурган бийлик креслолорун ээлөө үчүн адамдар мансап талашып жатканда режимдер өзүнүн коопсуздук кызматтарынын жардамында ушул атаандашып жаткан топтордун арасында фитна чыгарат. Бул, ыплас үгүттөөлөр аркылуу же кол салуу жана жасалма коркутуулар менен ишке ашырылат.
  3. Өкүмдар топ коррупцияга жана адашууга малынганына карабастан, аларды шайлоодо коом катышуусу ушул коррупцияны дагы да бекемдеп, өмүрүн узартат. О.э. бул коррупциячыл режимге жакын болгон жана аны колдоп-кубаттап жаткан армия командачыларынын өмүрүн да узартат. Түпкүлүгүндө, коррупциянын коррупциясына шерик болуу эмес, адамдар аны кулатышы же четке чыгарышы шарт.
  4. Эски илманий мыйзамдарды бекемдөө жана «терроризмге» каршы күрөш боюнча жаңы мыйзамдарды кошуу, исламий баалуулуктардан баш тартуу, мас кылуучу ичимдиктер менен гемосексуализмге уруксат берүү, жаңы шайланган жетекчилер аркылуу өлкөнү эл аралык карыздарга байлоо, мал-мүлктү абдан даярдалган ыплас жолдор менен уурдоого мыйзамдуулук түсүн берүү.
  5. Шайланган парламенттер аркылуу оппозиция деген нерсени пайда кылып, коррупцияны күчөтүү, тамырын бекемдөө, колдоп-кубаттоо жана «мыйзамдаштыруу». Ушул коррупция өзгөрүүсүз калып, президенттик кызматка отурган адамга келсек, ал да коррупционерлердин жана эл аралык кылмышкердин мыйзам кербенине ээрчибей койбойт.
  6. Үмүттөрдү өчүрүү, элдик аракетке жана коррупциячыл тогуттарга каршы козголоңго ишеничсиздик пайда кылуу. Т.а. адамдар алар шайлаган өкүлдөр коррупция кербенине ээрчип, алар да коррупционерге айланганын көрүп, ишенимди жоготушат. Муну менен коррупция жалаң режимге жана жетекчилерге гана чектелбей, чөйрөсү дагы да кеңейип, коомдун чоң бөлүгүн өз ичине алат. Мына ошондо калктын басымы азаят, өч алуу максаты басылат.

Мына ушундай иштер менен адамдарды адаштыруу жана негизги максаттарынан т.а. коррупцияны кулатуудан чалгытуу иши жүрүүдө. Ал эми, шайлоо коррупцияны кулатып, аны алмаштыруунун ордуна, тескерисинче анын кылмыштарын жабуу жана жашыруу менен ага шерик болуп жатат.

Кинана Мисиринде Хусни Мубарак тактыдан түшүшү артынан 2012-жылы 11-сентябрь күнү миллиондогон мусулмандар аянтка чыгышты жана шариятты колдонуу талабын коюшту. Режим болсо, шайлоо деген жалган оюн баштап, адамдардын туйгусун өчүрүп, туура жолдон адаштырды жана алардын өкүлдөрүн коррупцияга шерик кылды. Ошондо режим көздөгөн фитна жүз берди… адамдарды кыргын кылды… коррупциячыл режимди кулатуу үчүн козголгон калктын толкунун басууга жетишти.

Тунисте да ушундай болду. Шайлоо деген жалган оюнга исламий агым киргизилди. Акыбетте, ал да режимдин шеригине айланып, коррупциясына жардам бере турган, коррупция, уурулук жана Эл аралык Валюта Фондунун кучагына кирүү сыяктуу жаңы кылмыштардын бетин жаба турган болду.

Бүгүн Алжир калкын да кудум Мисир жана Тунис калкын алдашкан ошол ыкма менен алдашмакчы. Учурда көтөрүлүп жаткан Улуттук диалог жана адамдардан өкүл шайлоо келерки шайлоонун т.а. эң чоң алдоо баскычынын киришүүсү болот. Бул шайлоо деген нерсе коррупционер режимди кулатууга тоскоол болуп жатат жана коррупцияны улантууга, бул кылмыштарды, мыйзамдарды сактап калууга мүмкүнчүлүк жаратып жатат. Ошондой болгон соң, эй Алжир калкы, эй зулумга, карамүртөздүккө жана паракордукка каршы козголгондор, өтө сергек болгула! Аң-сезимдүү болуп, канкор кылмышкер режимдин эмне кылмакчы экенин аңдап түшүнгүлө. Бардык нерседен да эң биринчи максатыңар – режимди түп-тамыры менен кулатуу болсун. Анын коррупциясына шерик болууга да, коррупциясы астында шайлоо өткөрүлүшүнө да такыр жол бербегиле. Расулуллах ﷺ айтат:

«لَا يُلْدَغُ الْمُؤْمِنُ مِنْ جُحْرٍ وَاحِدٍ مَرَّتَيْنِ»

«Момун бир тешиктен эки ирет чактырбайт».

Умар Фарук разияллаху анху: «Мусулман алдабайт да, алданбайт дагы», – деген.

Сөзүбүздүн аягында ушуну айтабыз, Ислам Умматы шайлоо деген жалганга алданбашы, аны менен алек болуп калбашы, жада калса, шайлоого катышпашы керек. Себеби, бул шайлоо – улуу максаттан чалгытуучу оюн. Улуу максат – бул режимди коррупциячыл саясий чөйрөсү менен кошо кулатуу. Ушундай кылмышкер малай режимдин парламентине же өкмөтүнө кошулуу ал кылмышкерлердин өмүрүн узартат, аны колдоп-кубаттайт, айрылып айыптары көрүнүп калган максасын жамайт. Умматыбыздын жоопкерчилигинде мындай жуундукор режимдерди кулатуу менен кеңири көлөмдүү ыңкылабий өзгөрүү жасоо, Исламды колдонуу жана ушул жолдо аракет кылып жаткан калыс инсандардын айланасына чогулуу вазыйпасы турат. Роббибиз хак сүйлөйт:

﴿قُلْ هَٰذِهِ سَبِيلِي أَدْعُو إِلَى اللَّهِ عَلَىٰ بَصِيرَةٍ أَنَا وَمَنِ اتَّبَعَنِي وَسُبْحَانَ اللَّهِ وَمَا أَنَا مِنَ الْمُشْرِكِينَ﴾

«Айткын: Менин жолум ушул. Мен Аллахка даъват кыламын. Мен жана мени ээрчиген кишилер анык ишенимге ээбиз. Аллахты аруулаймын. Мен мушриктерден эмесмин»                      [12:108]

Аллахка дуа кылып, Ислам Умматын туура түпкү өзгөрүү жасоо ниъматы менен сыйлашын, акимдердин айла-амалын жана адашууларын Умматтан алыс кылышын сурайбыз.

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here