Дмитрий Медведев Өзбекстанга барат
Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев 29-30-май күндөрү расмий сапар менен Өзбекстанга барат жана 30-майда Ташкентте болуп өтүүчү Өзбекстан-Россия өкмөт башчылары деңгээлиндеги биргелешкен комиссиянын жыйынына катышат. Бул тууралуу Россия өкмөтүнүн маалымат кызматына таянып ТАСС кабарлады.
“Дмитрий Медведев менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Россия – Өзбекстан өкмөт башчылары деңгээлиндеги биргелешкен комиссиянын жыйынын өткөрүшөт. О.э. РФ өкмөт башчысынын Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушуусу да пландаштырылган”, – деп айтылат кабарда.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө соода-экономикалык, инвестициялык, илимий жана маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташтыктын маанилүү маселелери талкууланат.
Мындан тышкары, тараптар энергетика, өнөржай, транспорт, жогорку технологиялар жана айыл-чарба тармактарында биргелешкен ири долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашат.
Сапардын алкагында түрдүү тармактардагы кызматташтыкка тиешелүү документтерге кол коюлат.