Дмитрий Медведев Өзбекстанга барат

598
0

Дмитрий Медведев Өзбекстанга барат

Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев 29-30-май күндөрү расмий сапар менен Өзбекстанга барат жана 30-майда Ташкентте болуп өтүүчү Өзбекстан-Россия өкмөт башчылары деңгээлиндеги биргелешкен комиссиянын жыйынына катышат. Бул тууралуу Россия өкмөтүнүн маалымат кызматына таянып ТАСС кабарлады.

 “Дмитрий Медведев менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Россия – Өзбекстан өкмөт башчылары деңгээлиндеги биргелешкен комиссиянын жыйынын өткөрүшөт. О.э. РФ өкмөт башчысынын Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушуусу да пландаштырылган”,  – деп айтылат кабарда.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө соода-экономикалык, инвестициялык, илимий жана маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташтыктын маанилүү маселелери талкууланат.

Мындан тышкары, тараптар энергетика, өнөржай, транспорт, жогорку технологиялар жана айыл-чарба тармактарында биргелешкен ири долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашат.

Сапардын алкагында түрдүү тармактардагы кызматташтыкка тиешелүү документтерге кол коюлат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here