Башир режими исламий болчу деген сөзгө жооп

433
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Башир режими исламий болчу деген сөзгө жооп

Устаз Мухаммад Жами (Абу Айман)

Хизб-ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы расмий сүйлөөчүсүнүн жардамчысы

Ушул күндөрдө Исламга каршы сөздөрдү угуп жатабыз. Коррупциячыл Башир режими исламий болгон имиш. Кызыктай бир сөздөрдү айтып жүрүшөт, мисалы: «Башир режими Исламды жаман көрсөтүп койду» жана «Бизди Ислам менен алдай албайсыңар» деген сыяктуу. Алар ушинтип шаръий өкүмдү айтып жаткан же окуяларга Ислам негизинде карап жаткан кишилерге чабуул кылышууда. Жада калса, алардын бири аятта илим алууга далил катары көрсөтүлгөн «اقِرَأْ» калимасына чабуул кылды. Анын айтымында, мындай далил кылып көрсөтүү Кизанийдин (т.а. ихванчылардын) ыкмасы имиш. Субханаллах! Ошондуктан, бул сыяктуу сөздөргө жооп беришибиз жана кескин раддия билдиришибиз керек болууда.

Кизан башка, Ислам башка. Экөөсү бири-бирине бүтүндөй тескери, ортосунда окшоштук жок. Ислам өзүнүн нусус жана булактары менен ааламдар Роббисинин дини. Ислам сооб иш кылгандардын сообу менен да, күнөө кылгандардын күнөөсү менен да өлчөнбөйт. Ислам ким жакшылык кылса да, жамандык кылса да өзүнө деп жазып койгон. Ошондуктан, жогорудагыгылардын баары далилсиз, акылга сыйгыс сөздөр болуп, далилге да, күбөлүккө да жарабайт. Мен аларга раддиямды мындай суроолор менен баштаймын: Башир режими исламий беле? Башир Исламды колдонгонбу? 2005-жылы илманий конституциянын кабыл алынганын кандай түшүндүрсө болот? Судан Республикасы эмне дегени? Эмне үчүн Башир партиялардын Исламга негизделишине тыюу салган? Башир режими Исламды Судан калкынын өздүгүнө айланттыбы? Исламда парламент жана мыйзамчылык палатасы деген нерсе барбы? Эл аралык Валюта Фондуна жана анын Судан экономикасын ойрон кылган көрсөтмөлөрүнө амал кылууга Ислам жана шарият уруксат береби? Ислам Американын Судан иштерине аралашышына уруксат береби… ж.б.у.с..

Бул сымал суроолор өтө көп, аларга жооп берсең, Баширди исламий деп бекем турган кишилерди көрүп жакаңды кармайсың. Негизи, Башир режими илманий болчу. Себеби, ал илманий дастур жана башкаруу формасын кабыл алган. Негизи, колонизаторлуктан тартып ушул күнгө чейин Судандагы режимдердин бири да Ислам менен өкүм жүргүзүшпөдү. Колонизаторлор киргизген 1953-жылдагы конституциядан баштап, 2005-жылдагы конституцияга чейинки бардык конституцияларды үйрөнүп чыксаң, баары анык илманий конституция экенине күбө болосуң. Бул конституциялардын эч биринде Ислам тилге алынбаган, болгону жарандардын кайсы динге таандыктыгы айтылган жерде гана учкай сөз бар. Же болбосо Ислам каада-салттар жана үрп-адаттар менен бир айтылган, мисалы «улуу итикаддар» деп жатышкандай. Т.а Аллах Азза ва Жалланын дини болгон Ислам адамдын адашуудагы бутпарастык дини жана адамдардын каада-салттары менен бир катарга коюлган. Мындай жалган, алдоо жана адаштыруулар – өкмөттө болобу, оппозициядабы, айырмасыз – колонизаторлорго малай болгон акимдердин куралы. Алар ушинтип Судан калкынын Исламга болгон сүйүүсүн адаштырышмакчы. Судан колонизаторлуктан азат болгондон тартып бүгүнкү күнгө чейин Суданды эч бир исламий мамлекет исламий дастур менен башкарбады жана бул четке каккыс акыйкат. 2005-жылдагы конституцияны далил катары көрсөтөлү, илманийлер ошол жылдагы конституцияны исламий деп айтып жатышат. Акыйкатта болсо, анда Судан Республикасы эгемендүү суверендүү демократиялык мамлекет деп жазылган. О.э. анда «Бул конституция – мамлекеттин Жогорку Мыйзамы», «Эл – бийлик булагы», «Демократия, саясий көп партиялуулук – башкаруунун негизи», «Адам укуктарын эл аралык конвенцияларга жана келишимдерге ылайык коргоо» деген сымал сөздөр бар.

Улуттук диалогдун «Башкаруу маселелери жана диалогдун натыйжалары» деген тема астында берилген корутундусунда: «Ислам, каада-салт жана улуу итикад – Судан мамлекетинин мыйзамчылыгынын булагы», – деп келген. Ошентип, бүткүл дүйнө Роббиси тарабынан түшүрүлгөн улуу Исламыбыз адам тарабынан ойлоп табылган каада-салттар жана адашкан итикаддар менен бир катарга коюлду, бул Ислам жана мусулмандарды акаараттоо болуп эсептелет. Себеби, эч кандай түзүм Исламга тең боло албайт, эч кандай инсаний адашкан пикир жана жол анын улуулук даражасына жете албайт.

О.э. Башир режими Судан калкынын шахсиясын Ислам-мусулмандар эмес, судандыктар деп белгиледи, себеби, судандыктар дегенде мусулман да, кайрымусулман да кирип кетет. Мына ушунун өзү Башир режиминин исламий эместигине жетиштүү далил. Улуттук диалогдун тыянактарында «судандыктар – бул Суданга таандык адамдар» деп келет. О.э. «Судан калкынын шахсиясы – судандын жана ушуну коргогон мыйзамдар иштелип чыгат» деп баса белгиленген. Колонизаторлор улутчулдук деген нерсени алып келишти, Сайкс-Пико келишими аркылуу жана «бөлүп салып, өкүмдар бол» саясатын аткарып, өлкөнү бөлүп ыдыратышты. Негизи, Ислам мусулмандардын шахсиясын катъий белгилеп, улут, уруу жана тегине карабастан, Ислам-мусулмандарга чектеп койгон. Аллах Таала айтат:

إِنَّمَا الْمُؤْمِنُونَ إِخْوَةٌ

«Албетте, муминдер ага-инилер» [49:10]

وَاعْتَصِمُواْ بِحَبْلِ اللَّهِ جَمِيعاً وَلاَ تَفَرَّقُواْ

«Бардыгыңар Аллахтын арканына байлангыла жана бөлүнбөгүлө» [3:103]

Расулуллах ﷺ айтат:

«مَثَلُ الْمُؤْمِنِينَ فِى تَوَادِّهِمْ وَتَرَاحُمِهِمْ وَتَعَاطُفِهِمْ مَثَلُ الْجَسَدِ إِذَا اشْتَكَى مِنْهُ عُضْوٌ تَدَاعَى لَهُ سَائِرُ الْجَسَدِ بِالسَّهَرِ وَالْحُمَّى»

«Момундардын өз ара мамилелери, ырайымдуулуктары жана бири-бирине жан тартуусу кудум бир денеге окшойт. Эгер, анын бирээр мүчөсү ооруп калса, калган мүчөлөрү да ысытмалап, уйкусуз болуп чыгат».

Баширдин «Улуттук Конгресс» партиясы да исламий эмес. Ал илманий партия болуп, бул партиянын мүчөсү мусулман болушу шарт кылынбаган. Алар бул партияны мусулман жана кайрымусулмандарды жамдоочу тамыр дешкен.

Башир партиялар жөнүндөгү мыйзамда партиялардын Исламга негизделишине тыюу салган. Мисалы, Хизб ут-Тахрирге Баширдин 2005-жылдагы конституциясындагы партиялар жөнүндөгү мыйзамына ылайык уруксат берилбеген. Ал мыйзамда мындай делет: «Бул мыйзам саясий партиялардын, уюмдардын, профсоюздардын, эмгек союздарынын, коомдордун түзүлүшүн жана катталышын демократиялык коомдун талаптарына ылайык тартиптештирет». «Эч бир уюм улуттук даражада, же өлкө түштүгү даражасында, же мамлекеттик даражада саясий партия катары аракет кылууга акысы жок, ал үчүн ушул шарттар коюлган: а) ар бир судандык – динине, же этникалык тегине, же болбосо туулган жерине карабастан – уюмдун мүчөсү болсун; б) ушул конституцияга тескери келбей турган дастуру болсун».

Көпчүлүк адамдар унчукпай жаткан маанилүү нерсе – бул Судандагы башкаруу «Судан республикасы» деп аталганы. Бул бардык расмий документтерде бар: туулгандыгы туурасында күбөлүк, жарандыкты билдирген күбөлүк (паспорт), виза, улуттук номур…. сыяктуу. Бул да Башир режими демократиялык болгонуна ачык далил. Себеби, республикалык башкаруу мыйзамчылыкты адамзат Роббисине эмес, республикага т.а. парламентке аркылуу инсанга берген демократиялык башкаруу. Мындай абал Баширдин бийлиги учурунда ачык-айкын эле, бул, Башир өзү чыгарган токтомдор менен өкүм жүргүзгөн формада болгонбу же бирер демократиялык партия башкаруу формасында болгонбу, мунун айырмасы жок. Себеби, булардын баары ар иштен кабардар Аллахтын өкүм жүргүзүшү эмес, адамдын өкүм жүргүзүшү болот. Түштүктү бөлүү, Дарфур согуштары, жана башка согуштар, харам рибаны халал кылуу, ар кандай салык жана бажы салыктарын салуу, өзгөчө кырдаал жарыя кылуу… булардын баары шаръий өкүмдөргө тескери келишине карабастан, парламентке сунушталган, ал жердегилер шаръий өкүмдөрдү жана катъий нусустарды сокур тыйынга теңебестен, аларды кабыл алышкан! Андыктан, ушундай нерселерден кийин Башир режими кантип исламий болсун?!

Бул далилдерден кийин мындай дейбиз, Башир конституциясы мына ушундай, өкүм жүргүзүү пикири жана башкаруу негиздери ушундай. Конституцияда башкаруу демократиялык илманий республикалык башкаруу экени тан алынган. Ко-ош, эмне үчүн кээ бир адамдар Башир режими исламий болгон деген сөздү бекем кармашууда?! Демек, алар ушул эки адамдын бири: Исламды билбеген жахилдер же өз долбоорлорун ишке ашыруу максатында Исламды четтетип, Исламды бурмалап жаткандар. Мусулмандар шаръий өкүмдөрдү аң-сезимдүү таризде билишсе, алар ушул долбоорлорун эч качан ишке ашыра алышпайт. Анткени, Ислам өкүмдөрү алардын мындай аракетине жол бербейт, тескерисинче, бузуку кылмыштарын тезинен ортого чыгарат. Ошондуктан, алар «исламчылар» маскасы астында Исламга айла-амал кылуудан башка чарасы калбады. Бирок, ушул нерсе далилденди, бул «исламчылар» илманий түзүмдү кабыл алышкандыктан, колонизаторлор адамдарды алдап, Судандагы элчиликтери аркылуу бийликти дагы эле башкарып келүүдө, калыс адамдардан турган бирер көз карандысыз өкмөттүн андан кутулушуна жана байлыктарды талап-тоноп жаткан колдорго балта чабышына жол бербей жатат. Бул колонизатор Исламды чүмбөт кылып алдоо аркылуу жана Исламга душмандык кылуу аркылуу өзүнүн өкүмдарлыгын улантууну каалап жатат. Бирок, ар эки абалда тең Ислам таза, пакиза, нурдуу жана тунук боюнча калат.

Демек, «сакалдуу» илманийлердин башкаруусу болобу, элчиканалар аркылуу башкарылган режим болобу, жетишет, илманий башкарууну токтоткула. Биз, Судан калкы, сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад ﷺдын:

«عَليْكُمْ بسُنَّتِي وسُنَّةِ الخُلَفاءِ الرَّاشِدِينَ المَهْدِيِّينَ عَضُّوا عَلَيْهَا بالنَّواجِذِ»

«Менин суннатымды жана менден кийинки рошид халифалардын суннатын бекем кармап, азуу тиштериңер менен тиштегиле», – деген осуятын аткарып, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекети астында Исламдын тикеленишин жана өкүмдөрү колдонулушун арзуу кылып күтүп жатабыз. Аллах каалагандай, адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы Умматка айланалы.

Роя гезити, №234, 2019-жыл, 15-май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here