Жалал-Абадда диний радикалдашуунун зыянын түшүндүргөн иш-чаралар өткөрүлүүдө
Жалал-Абад облусунун бардык район жана шаарларында дин аалымдары менен эксперттер жергиликтүү тургундарга, имам-хатибдерге жана жаштарга диний экстремизмдин, терроризмдин жана радикализмдин алдын алуу боюнча атайын окутуу жүргүзүп жатышат. Облустук милициянын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, иш-чара учурунда катышуучуларга «Хизб ут-Тахрир», «Акромия» диний-экстремисттик жана «Йакын инкар» диний агымынын ишмердүүлүгү, алардын коомдогу жана мыйзамга каршы терс көрүнүштөрү жөнүндө кеңири баяндалууда. Жолугушуулар маданият үйлөрүндө, мечиттерде уюштурулган. Булак, “Азаттык радиосу”
Эске сала кетсек, Кыргызстанда 21 жамааттын ишине жана идеяларын жайылтуусуна тыюу салынган.
“Мээлүүн (салттуу) Ислам” долбоору коомго кирүүгө аракет кыла баштады! “Мээлүүн Ислам” долбоору, улуттук үрп-адат, каада-салттарды Исламий идеология жана Исламий баалуулуктардан жогору коюу негизине курулган. Бул үрп-адаттар ичинде Исламий, кайрыисламий, ал тургай куфрга ишара кылуучулары да бар. “Мээлүүн Ислам” мусулмандарды учурдагы куфр коому менен өнөктөш болууга, ал тургай ушул коомду өнүктүрүү үчүн активдүү аракет кылууга чакырат! Динди да ушул коомду өнүктүрүүдө курал катары пайдаланууга чакырат. Мисалы, Россияда диний аалым болуп таанылган бир топ адамдар жаңы жылды же башка куфр майрамдарын белгилөө арам эместигин шаръий таъвилдер менен далилдөөгө аракет кылышканы сыяктуу.
“Мээлүүн Ислам” куфр жашоосуна шаръий түс берүү максатында жогорудагы сыяктуу талкууларды жана илимий иш-чараларды өткөрөт. Алардын бул дүйнөкарашын макулдабаган же колдобогон башка мусулмандарды “экстремист, террорист жана радикал” деп аташат! Атайын мыйзамдарды иштеп чыгышып, “Мээлүү Исламдын” катарын кеңейтүү максатында мусулмандарды коркутуу жана алдоо жолдору менен пландуу иштерди аткарышат. “Мээлүүн Ислам” куфр долбоору болуп, учурда дүйнө жүзүндө Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштүн ушул ыкмасы пайдаланылууда! Ал тургай, Саудия жана Мисирдеги Исламий окуу жайлардын окуу программалары да бүтүндөй өзгөртүлүп, мээлүүндүккө ылайыкташтырылды.
Кыргызстанда да бир топ жылдардан бери өкмөттүк деңгээлде атайылап пландуу иштер аткарылууда. Бир топ жылдардан бери атайын калыптанып келе жаткан бул долбоор, эми иш жүзүндө коомго кирүүгө аракет кыла баштады. Бул жерде маселе – коом аны кандай кабыл алышында! Албетте, бул долбоорго аалымдар жана имамдар тартылышат. Мусулмандар алар аркылуу адаштырылбаса, куфрдун өзү бул ишти аткара албайт! Ошондуктан, бул долбоордун негизги курмандыктары аалымдар жанан имамдар болушу күтүлүүдө. Ушундан келип чыгып, аларды динде бекем турууга жана Аллахтан таква кылып, куфр менен ар кандай кызматташтыктан баш тартууга чакырабыз. Бул сыноо сиздер үчүн дүйнө жана акыретте пайдалуу боло турган көрүнүштө аяктасын, аамиин!
Урматтуу аалымдар жана момун мусулман даватчы боордоштор. Куфр акылыбызды, андан соң жүрөгүбүздү фатх кылбай туруп, ишеним жана динибизди кор кыла албайт! Тарыхта Исламий мамлекет да алгач пикирий жетекчилик (турмушту акыйдага байлоо) негизинен чалгып, ар бир ишти Аллахтын ыраазылыгы негизине курууга кайдыгер болуп калгандан кийин материалдык жактан кор абалга түшүп, натыйжада дин жашообуздан алыстаган! “Мээлүүн Ислам” – бул мусулмандарды Исламий идеологиядан чалгытуу максатында иштелип чыккан куфрдун ири долбоорлорунан болуп, Исламий ойгонуунун алдын алуу максатын көздөйт. Себеби, Исламий идеология амалдарыбыздан алысташы менен динибиз жашоодон алыстайт. Качан гана жашообузду Акыйдабызга байласак, ал дагы кайрадан жашообузга кайтып келет, инша Аллах! Кафир жана мунафыктар муну каалашпаса да!
Динди ыйманыбыздан келип чыккан таква коргойт! Себеби, Аллахтын нусраты дилибиздеги таквага жана ыймандан келип чыккан амалдарыбызга берилет. Ошондуктан, жетекчилер жана аалымдардын позиция жана пикирлерин ар дайым көзөмөлдөп, мухасаба кылып турбасак, куфр аларды өзүнө тартып барууда! Жетекчилер жана аалымдарыбыз айрым сөздөрү куфрга же ширкке ыктап жатканына көңүл бурбастан, коркуудан өздөрүн жоготуп, кыянат баткагына батып бара жатышат! Биз аалым жана имамдарыбыз тарапта болуп, аларга ар дайым колдоо көрсөтүп, аларды Аллахтан таква кылууга, сабыр кылууга чакырып туралы. Себеби, бул күрөш адамдар ортосунда эмес, Ислам менен куфр ишеними жана идеологиялары ортосунда жүрүп жатат. Куфр алдоо жолу менен алгач аалымдарды, андан соң, мусулмандарды өзүнө тартууну максат кылды. Биз биримдигибизди сактабасак, албетте жеңилип калабыз! Биримдигибиз болсо, Ислам идеологиясы негизинде Пайгамбарыбыз с.а.в. сийраты негизинде биригүү менен жүзөгө чыгат.
Урматтуу боордоштор, куфрдун мээлүүн долбоорун четке кагалы! Бул долбоор эки дүйнө кордугуна алып барат, мындан Аллах сактасын!
Абдураззак.