АКШнын чеңгелинен чыгууга умтулган Германия

422
0

16-майда Германия канцлери Ангела Меркель маанилүү маселелер боюнча билдирүү берди. Анын сөздөрүнөн Германия аста-секин болсо да Американын чеңгелинен чыгууга умтула баштаганын байкоого болот. Абалдын өзгөргөнү жөнүндө Меркель мындай дейт: «Европа өзгөрүп бара жаткан дүйнөдө өз ордун табышы керек. Бул дүйнөдө Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин жаралган вакиъ эми жок» (golos-ameriki.ru, 16.05.19). Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Германияны союздаштар өз ара бөлүп алышкан. Акыр акыбетте анын чыгышына СССР, батышына АКШ кожоюндук кылып калган эле. СССР урардын алдында эки Германия биригип, союзга болгон көз карандылыктан чыккан. Эми болсо АКШ таасиринен азат болмокчу.

Жалгыз экономикалык өнүгүүнүн өзү гана саясий эркти, көз карандысыздыкты, тең тайлашууну камсыздай албайт. Себеби, экономикалык жактан абдан өнүккөн Япония сыяктуу мамлекеттер дүйнөлүк саясатта АКШны ээрчүүгө мажбур. Бүгүн Германия да, экономикалык жактан өнүккөн болушуна карабастан, аскерий күчү алсыз, ядролук державалардын катарына кирбейт. Ошондуктан, бул жагдай Германиянын АКШ чеңгелинен чыгуусуна терс таасирин тийгизүүдө. Меркель муну тан алып айтат: «Азырынча биздин саясий күчүбүз биздин экономикалык мүмкүнчүлүктөрүбүзгө дал келбейт» (golos-ameriki.ru, 16.05.19).

Меркел Франция президенти Макрон менен көп маселелерде, алардын катарында, биргеликте «АКШсыз алга багыт алууда» бир пикирде экенин айтты. («Анадолу», 16.05.19).

Ага карабастан, АКШ «азуусун көрсөтүп», Европанын, өзгөчө Германиянын өзүнчө саясат алып баруусуна жол бербөөгө умтулууда. Мисалы, АКШ Россиядан Германияга газ алып өтчү «Түндүк агым – 2» добоорун ишке ашырбоого бар күчүн жумшап жатат. АКШда «Түндүк агым – 2» газ түтүгүнүн курулушуна катышкан Европа кемелерине каршы санкцияларды колдонуу жөнүндө мыйзам долбоору түзүлдү. Эгер, АКШ Сенаты бул мыйзамды кабыл алса, «Түндүк агым – 2» долбооруна катышкан компанияларга карата АКШ тарабынан санкциялар колдонулушу мүмкүн. Мындан мурун АКШнын Германиядагы элчиси «Түндүк агым – 2» долбоору себептүү Германия компанияларына карата санкциялар колдонулушу мүмкүн деп билдирүү берген. Германия парламенти Бундестаг америкалык элчинин билдирүүсүн кескин сынга алды. Депутат Клаус Эрнст мындай дейт: «Германиядагы америкалык элчинин аракеттери жарамсыз, кудум биз АКШнын колониясы сыяктуу элес пайда болууда».

Андан тышкары, Евросоюз коргоо жаатында НАТОдон бөлөк аскерий күчтөрдү түзүүгө кадамдарды шилтеди. Ал эми, Европарламент 13 млрд еврого жеткен Европа коргонуу фондун түзүүгө уруксат берди. АКШ Евросоюздун бул пландарына каршы. Бул жөнүндө АКШ коргоо министринин орун басары мындай дейт: «АКШ Европа коргоо фондунун уставы кабыл алынганына терең тынчсыздануу билдирет».

Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here