Транспорт министрлиги банктан алынган 9.5 миллион доллар чет элдик консультанттарга төлөнүшүн тастыктады
Транспорт министринин орун басары Жогорку Кеңеште отчёт берип жатып, “Азия өнүктүрүү банкы” жол куруу үчүн гранттык негизде берген 9.5 миллион доллардын 7.16 миллиону чет өлкөлүк консультация кызматы үчүн берилерин айтты. Министрлик гранттын калган бөлүгү да долбоордун жетекчилигине, башкача айтканда, консультациялык кеңешке берилишин тастыктады. Министрдин орунбасары билдиргендей, конкурстук негизде тандалып алынуучу консультативдик топ чет элдик компаниялардан болушу шарт.
Министрдин орунбасары: “Азия өнүктүрүү банкы курулуш үчүн акча бербейт. Консультативдик топтор аркылуу долбоорду көзөмөлдөө үчүн гана грант берет”, – деди.
Суроо: Жол куруу үчүн ушунча каражатка чет өлкөдөн консультациялык топ чакыруунун эмне кереги бар?
Жооп: Эл аралык глобалдык саясий жана экономикалык система ушул негизде курулган….. антпесе жол курууга грант берилбейт!
Кыргызстандын жалпы карызы 4.5 миллиардга жетти. Ошого карабастан, өкмөт жол куруу үчүн карыз алууну улантууда. Коррупцияга батып калган министрлик жол курулушуна жумшалган каражаттарды бир нече эсеге ашырып көрсөттү. Ошондуктан, транспорт министрлиги Кыргызстандагы коррупция аябай күчөгөн тармак болуп эсептелет. Алар жолдорду сапатсыз куруп жаткандыктан, куруп бүткөнгө чейин башталган тарабы кайрадан оңдоого муктаж болуп калууда. Т.а. жол куруу иштери аягы көрүнбөгөн айлампага жараянга айланып калат. Өкмөт эл аралык банктардан өнөржай үчүн же өзүбүздөн чыгып жаткан сырьёлорду кайрадан иштетүү үчүн карыз алууга аракет кылып да койбойт. Инвестор жана донор мамлекеттер да бул коррупциялашкан схемага кызыкдар.
Эл аралык гранттарды эл аралык саясат көзөмөлдөйт. Эл аралык саясат дүйнөлүк глобалдашкан экономикалык түзүмдү кармап туруу максатында, бай донор мамлекеттер тарабынан артта калган агрардык мамлекеттер үчүн жол курулушу, таза суу, канализация сыяктуу тармактарды куруу же оңдоп-түзөө иштерине грант катары каражаттарды бөлүп турат. Гранттар 3-дүйнө мамлекеттерине, жогорудагы сыяктуу, керексиз тармактарга, Батышка караштуу компаниялардын өздөрү дагы кайрадан алып кете турган келишимдерге, же мамлекетти өнүктүрбөй, карызга батыруучу тармактарга гана бөлүнөт.
Эгерде ушул гранттар болбогондо, исламий өлкөлөр өз кызыкчылыгын өз күчү менен жүзөгө чыгаруу жолунда оор жана жеңил өнөржайды өнүктүрүүгө мажбур болушмак! Куфр жетекчилерине кул болуп, тапкан каражаттарыбызды алар менен бөлүшүп, же аларга жөн эле алдырып коюп олтурбайт элек! Жер астындагы жана жер бетиндеги байлыктарыбыздын керектүүсүн казып алып, өз муктаждыгыбызга жумшаган болор элек.
Батыш дүйнөсүндө адамдардын жогорку жашоо деңгээлин камсыздоо биздин мойнубузда болгондуктан, бүгүнкү күндө бизден алып чыгып кетип жаткан энергетика ресурстары жана башка сырьёлор өзүбүздө таңкыс болууда. Т.а. Батыш колонизаторлугу дүйнөдө кош стандарттуу жашоо деңгээлин кармап туруу максатында, бизди энергия булактарын жана сырьё жеткирип турууга мажбур кылууда.
Өнүгүү себептүү алардын биздин ресурстарга болгон талабы да күчөп барууда. Натыйжада бири-бири менен сырьё базаларын талашып ар түрдүү согуштарды жана террордук операцияларды уюштуруп жатышат. Негизгиси, алар биздин өз сырьёлорубузду өзүбүз кайра иштете албастыгыбызга кызыкдар экендигинде. Ал тургай жолду да өзүбүз кура албайбыз!
Кызык жери, кыргыз бийлиги менен депутаттар ушул тыянакка ыраазы. “Жолду өзүбүз курсак болбойбу” деген нерсе алардын оюна да келбей жатат! Себеби, саясатчыларды багыттап жаткан саясий чөйрөнүн табиятында эл аралык светтик башкаруу системасынын кемчиликтерин көрүү, анын зулумдарын четке кагуу жана өз калкынын кызыкычылыгы жолунда ал зулумдардын алдын алууга үндөөчү идеология жок! Миллиондогон карызга батып жол салдырабыз. Андан соң карызды төлөй албастан, карыздын ордуна жерлерибизди же башка кызыкчылыктарыбызды куфр мамлекеттерине берип жиберебиз!..
Абдураззак