АКШ Башар Асадды сактап калуу жолунда…
(АКШ өз малайы Башар Асадды сактап калуу үчүн Россия, Иран жана Түркияны ишке салган делсе, ишенбегендер бар…)
«Анадолу» 2019-жылы 13-майда мындай маалымат жарыялады:
«2015-жылы Барак Обама АКШ президенти болуп турганда, Башар Асад режимин бийликте калтыруу үчүн мүмкүн болгон бардык нерсени кылды. Бул жөнүндө Обама доорунда Пентагондун кеңешчиси болгон Эндрю Эксум АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын тышкы иштер боюнча комитетинин жыйынында айтты.
Анын айтышынча, Башар Асад режиминин капыстан кулоо ыктымалы жаралганда, Обама Сирия боюнча Россия менен сүйлөшүүлөрдү баштоону буйрук кылган.
Эксум айтат: «Ал учурда Сирия боюнча Россия менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү пикири Пентагондо колдоого алынбаган, бирок, президенттин түздөн-түз буйругу келгенден кийин биз бул үчүн колдон келген бардык нерсени жасадык».
Бул кеңешчинин сөзүнө ылайык, 2015-жылы жайында Пентагон АКШ менен Россиянын тиешелүү мекемелери ортосунда сүйлөшүү уюштурган. «Обама Башар Асад режими кулашы Сирияда кең көлөмдүү башаламандыкка себеп болуп, «Израилдин» коопсуздугуна коркунуч алып келет деп тынчсызданган», – дейт Эксум.
Эксумдун айтымында, мына ушундай тынчсыздануу себебинен Обама Россия менен сүйлөшүүлөрдү баштоону буйруган, акыбетте Сирияда Асад режими бийликте калган». Цитата бүттү.
Бул кабар да биз мурунтан айтып келген бир акыйкатты тастыктап турат, ал акыйкат: Асад –АКШнын малайы, ошондуктан, АКШ аны сактап калуу үчүн Сирияга Түркияны, Иранды, Россияны киргизди. Бүгүн да Сирияда болуп жаткан аскерий, саясий окуялардын баарын АКШ көзөмөлдөп турат. АКШнын максаты – Сирияда динсиз-светтик бийликти сактап калуу. Түркия Асадга каршы чыккан жамааттарды азгырып, алдап жатса; Иран менен Россия калыс мужихаддерге жана катардагы калкка каршы согушуп жатат. Алардын баары Асад режимин сактап калууга жана Сирияда илманий системаны бекемдөөгө аракет кылып жатышат. Женева, Астана, Сочи конференцияларынын баары – Сирия элине каршы тузак. Чынында, Сирия козголоңу көптөгөн душмандар менен рувайбиза-мунафыктардын чыныгы жүздөрүн ачты!
Абдулхак