Акш менен Европа ажырымы улам чоңоюуда

327
0

Акш менен Европа ажырымы улам чоңоюуда

Румыниянын Сибиу шаарында Евросоюздун бейформалдуу саммити өтүүдө. Бейшемби күнү саммитте басма сөз жыйынында Европарламенттин башчысы Антонио Таяни Евросоюздун Коопсуздук Кеңешин түзүүнү сунуштады.

«Антонио Таяни айтат: «Коргоо саясатына келсек, биз үчүн Коопсуздук Кеңеши идеясы аркылуу тышкы саясатты бекемдөө маанилүү, бул Коопсуздук Кеңешин Евросоюздун тышкы иштер жана тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү жетектеши керек». Ушуга байланышуу Таяни «Евросоюз кээ бир маселелерде чечим кабыл алууда бир добуштуулукту токтотушу керек» экенин баса белгиледи. Ал: «Биз добуш берүүдө көпчүлүктүн добушу менен чечим кабыл алуу принцибине өтүүбүз зарыл», – деп кошумчалады» (ТАСС, 09.05.19).

Евросоюздун башчылары минтип чыркырап жатканын себеби бар, анткени айрым маанилүү маселелерде Евросоюздун кээ бир өлкөлөрү жалпы Евросоюздун саясатына моюн сунбай, тескерисинче каршылык кылышат. Ошентип, бул өлкөлөр Евросоюзда маанилүү маселелерде чечим кабыл алууда өз таасирин өткөрүшөт. Бул өлкөлөрдүн көпчүлүгү Чыгыш Европа мамлекеттери. Бул өлкөлөрдө АКШнын таасири күчтүү, ал эми АКШ ушул өлкөлөр аркылуу Евросоюзга, анын тышкы жана ички саясатына таасир өткөрүп келет. Албетте АКШ Евросоюзду алсыратууга, жада калса, ыдыратып жиберүүгө кызыкдар. Евросоюздун лидерлери мына ушинип бул көрүнүшкө чекит коюунун жолун издешүүдө.

Андан тышкары, шейшемби күнү АКШ мамкатчысы Помпео Германия канцлери Меркель менен пландалган жолугушуудан баш тартып, Иракка учуп кетти. Бул, дипломатияда өтө оройлук жана текеберлик болуп, АКШ менен Евросоюздун (өзгөчө Германиянын) ажырымын көрсөтүп турат.

Бул окуя туурасында Германиянын «Süddeutsche Zeitung» (07.05.19) гезити мындай дейт: «Дипломатия дүйнөсүндө оройлук да болот. Бул, тышкы иштер министрлери маанилүү эл аралык жолугушууларга катышпаганда болот… Ушул шейшемби күнү АКШ мамкатчысы Помпео канцлер Ангела Меркель жана немис кесиптеши Хайко Маас менен жолугушуусуна бир нече саат калганда Берлинге болгон сапарын токтотту. Муну кечирүү кыйын… немис-америка достугу деп аябай макталган нерсе таш-талканып чыгып талкаланды».

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here