Индия Россиядан Т-90 C танкаларын сатып алууну пландаштырууда
Индия армиясы Пакистан менен чек арадагы аскерий бөлүктөрүн күчөтүү үчүн куралданууга 464 даана Т-90 С “Бхишма” танкын алат. Бул тууралуу “Economic Times” басылмасы кабарлады.
134,5 млрд рупийге (2 млрд доллар) бааланып жаткан танктар 2022-жылдан 2026-жылга чейин куралданууга берилет. 64 танктан турган алгачкы партия 30-40 айдын ичинде жеткирип берилиши мүмкүн. Учурда Индия армиясында 1070 даана ушундай танк бар.
Кабарда келишинче, кошунасы куралдарын модернизация кылып жаткан бир учурда Индия да өз аскерин күчөтүүдө. Пакистан да Россиядан ушундай 360 танк сатып алууну пландаштырууда.
Белгилүү болгондой, Индия менен Пакистан ортосундагы мамиле февралда Индиянын Жамму жана Кашмир штатында аскерлер бара жаткан автоколоннага кол салуудан кийин курчуп кеткен. Ошондо аскерлер бара жаткан автомобилге чабуул кылынып, терактын натыйжасында 45 адам каза болгон.
Индия күчтөрү буга жооп иретинде Пакистан аймагындагы согушкерлердин лагерин бомбалаган. Ошондон кийин Индия менен Пакистандын аскерий-аба күчтөрү ортосунда атышуулар болгон.