Түркия банктарындагы карыздар кризиси: Риба кризиси, Аллах жана Пайгамбары тарабынан боло турган согуш

325
0

Түркия банктарындагы карыздар кризиси: Риба кризиси, Аллах жана Пайгамбары тарабынан боло турган согуш

Доктор Мухаммад Жийланий

«Рейтер» агенттиги финансылык базар рейтингин анализдеген «STANDARD and POORS» компаниясына таянып билдиришинче, Түркия банктары төлөм мөөнөтү өтүп кеткен карыздар кризисин башынан өткөрүүдө. Себеби, банктардан алынган жалпы карыздардын 8%ын ушул мөөнөтү өтүп кеткен карыздар түзөт. Ошондуктан, Түркия экономикасы келечекте өтө оор проблемаларга жүз тутушу мүмкүн. 188 миллиард түрк лирасы өлчөмүндөгү мөөнөтү өтүп кеткен карыздын баары же бир бөлүгү ишеничсиз карызга айланып калышы мүмкүн. Анткени, бул каражат 2353 миллиард лира өлчөмүндөгү банктар тарабынан берилген жалпы карыздардын 8 %ын түзөт.

Мөөнөтү өтүп кеткен карыздар төмөнкүдөй болот, мөөнөтүнөн 90 күн өтүп кетет, бирок, карыз алуучулар карыздан, же карыз активинен, же экөөсүнөн келип чыккан пайызды-рибаны төлөөгө кудуреттүү боло албай калышат. Бүгүнкү күндө мөөнөтү өтүп кеткен карыздардын көрсөткүчү дүйнөдөгү эң чоң көрсөткүч болуп эсептелүүдө. «STANDARD аnd POORS» отчётуна ылайык, мөөнөтү өтүп кеткен карыздар өлчөмүнүн көтөрүлүп кетиши жана бир жыл мурдагыга караганда эки эсеге өсүшү түрк лирасынын баасы төмөндөп кетишинин табигый натыйжасы болуп эсептелет. Түрк лирасынын долларга карата баасы бир жыл мурдагыга караганда болжол менен 30 %га төмөндөп кеткен.

Эгер, Түркия финансылык жанеа экономикалык абалды оңдобосо, «STANDARD аnd POORS» кредит кыйматын төмөндөтүшү мүмкүн. Серепчилердин божомолунча, түрк лирасы келе жаткан үч жыл аралыгында бир долларга 6.88 лирага чейин түшүшү керек.

Ар кандай финансылык банк системасы, алардын катарында Түркияда мөөнөтү өтүп кеткен карыздар чоң таасирге ээ. Себеби, ал банктардын кредит акысына долбоорлорду туруктуу каржылай алышынын негизги көрсөткүчү болот. Карыз алуучулар карыздарды же алардын пайыздарын жана кызматтарын төлөй албай калганда, банкка кайтып жаткан акчалар азайып бара берет.

Карыз алуучулар 188 миллиард лираны төлөй албай калса, банктар өз ишин токтотпоо жана карыз берүүнү улантуу үчүн карыз суроочуларга бере турган карыз кыйматын ушул карыздарды төлөө талап кылынган жылдарда 188 миллиард лирага төмөндөтүүгө мажбур болот. Эгер, жылдык карыз төлөө кыйматынын мөөнөтү өтүп кеткен карыздар кыйматы (188 миллиард лира) мисалы 20 %ына тең келсе т.а. 37,6 миллиард лира болсо, жалпы карыздардын төлөө керек болгон кыйматы 470 миллиард лираны түзсө, банк 470-37,6=432,4 миллиард лира өлчөмүндө карыз бериши мүмкүн. Бирок, Грецияда болгондой кредит жетишпестиги 50 % болсо, анда банктар 197 миллиард лира т.а. 36 миллиард доллар бере алат. Бул Түркия экономикасындай үлкөн экономикага жетиштүү эмес. О.э. бул өндүрүштү жана акчанын айлануусун шал кылышын түшүндүрөт.

Эске сасмак, карыздар проблемасы жана кризиси, бүгүнкүдөй 8 % даражада да, Түркия экономикасында өтө көптөгөн долбоорлордун ишке ашырылышында проблема жаратышы мүмкүн. Өзгөчө, ушул түрдүү долбоорлордун көпчүлүгү ар түрдүү кредиттерден турат. Акыбетте, белгилүү бир кредит проблемасы башка кредиттер проблемасына алып бара берет жана ушул сыяктуу… Мөөнөтү өтүп кеткен карыздардын өлчөмү болжол менен жыл ичинде 4 %дан 8 % пайызга көтөрүлүшүнүн себеби да ушул болсо керек. Эгер 2008-жылдагы кризис убагындагы мөөнөтү өтүп кеткен карыздарга назар салсак, ал аста-секин өсүп, 2010-жылы эң бийик чокуга чыканын көрөбүз. Муну төмөндөгү таризде баян кылуу мүмкүн:

Файыз жана адамдардын байлыгы акысына иштеген банктар зыян көрүп жатканда риба кредиттерге жана долбоорлорду риба менен каржылоого таянган экономика кулап бара берет. Бул нерсе дүйнөдөгү экономикалар, алардын катарында Түркиянын бүгүнкү экономикасына сокку берет. Адамдар өздөрү күбө болуп турган экономиканын ойрон болушунан жана байлыктары текке кетишинен сабак алышпайт жана мына ошол иштерин аткара беришет. Алар банктарга жана риба жайларына жеткен кыйрону көрүп турушса да ибрат алышпайт. Аллах Таала айтат:

﴿ثُمَّ دَمَّرْنَا الْآخَرِينَ * وَإِنَّكُمْ لَتَمُرُّونَ عَلَيْهِم مُّصْبِحِينَ * وَبِاللَّيْلِ أَفَلَا تَعْقِلُونَ﴾

«Соңунда башкаларды жок кылдык. Чындыгында, силер эртели-кеч алардын үстүнөн өтүп турасыңар. Акыры акыл жүгүртпөйсүңөрбү?!» [37:136-138]

وَكَأَيِّن مِّنْ آيَةٍ فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ يَمُرُّونَ عَلَيْهَا وَهُمْ عَنْهَا مُعْرِضُونَ

«Асмандар жана жерде канчалаган аят-белгилер бар. (Бирок) алар бул аяттардан жүз үйрүгөн бойдон өтүп кете беришет» [12:105]

Кантип, Түркия жана башка исламий өлкөлөрдөгү мусулмандар риба эң чоң балээ экенин, риба алардын байлыктарын жок кылышын жана экономикаларын ойрон кылышын түшүнүшпөйт? Алар Аллах Тааланын ушул аятын түшүнүшпөйбү:

وَمَا آتَيْتُم مِّن رِّبًا لِّيَرْبُوَ فِي أَمْوَالِ النَّاسِ فَلَا يَرْبُو عِندَ اللَّهِ

«Силер адамдардын малдары ичинде артыкча болуп (кайтуусу) үчүн берген сүткордуктан турган акча-малыңар Аллах назарында артыкча (сооб) алышыңарга себеп болбойт» [30:39]

Алар адамдардын байлыктары акысына көбөйө турган жана өндүрүшкө жана ресурстарга байланышы бобогон риба акысына өсө турган мал кыйроо экенин билишпейби? Бул сыяктуу малдар кыйратуучу от экенин билишпейби?

Аллах жана акырет күнүнө ыйман келтирген киши адамзатка жолугушу мүмкүн болгон эң катуу согуш Азиз жана Улуу Аллах тарабынан болгон согуш экенин, бул согуштан кутулуу мүмкүн эмесин билбейби? Аллах Таала Өз китебинде риба жеген жана риба акысына малын көбөйткөн кимселерге каршы согуш жарыялады:

يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اتَّقُوا اللَّهَ وَذَرُوا مَا بَقِيَ مِنَ الرِّبَا إِن كُنتُم مُّؤْمِنِينَ * فَإِن لَّمْ تَفْعَلُوا فَأْذَنُوا بِحَرْبٍ مِّنَ اللَّهِ وَرَسُولِهِ ۖ وَإِن تُبْتُمْ فَلَكُمْ رُءُوسُ أَمْوَالِكُمْ لَا تَظْلِمُونَ وَلَا تُظْلَمُونَ

«Эй момундар, Аллахтан корккула жана эгер чыныгы момун болсоңор, риба саркындыларын таштагыла. Эми, эгер (буйругубузду) аткарбасаңар, анда Аллах жана Расулу тарабынан болуучу согушту угуп-билип койгула! Эгер тообо кылсаңар, мал-мүлкүңөр өзүңөргө — залим да, мазлум да болбойсуңар» [2:278-279]

Риба банк системасы капиталисттик экономика системасынын бир бөлүгү. Ал илманий демократиялык түзүм менен бирге, динди жана Исламды адамдардын турмушунан жана иштеринен алыстатуу акыйдасынан келип чыккан. Бул сыяктуу балээден, чоң мусибаттан жана кыйроодон исламий экономикалык түзүмдү колдонуу аркылуу кутулуу мүмкүн. Исламий экономикалык түзүм саясий түзүм жана Пайгамбарлык минхажы негизиндеги исламий мамлекет менен бирге. О.э. ал Аллах Тааланы шериксиз маъбуд, кудай жана Робби деп ишенген аклий акыйдадан келип чыккан. Мусулмандар халифасы Түркия жана башка исламий өлкөлөрдөгү адамдар алдында ушул түзүм жана акыйда менен турат. Расулуллах ﷺ айтат:

«أَلَا كُلُّ رِباً مَوْضُوعٌ»

«Ар кандай риба бекер» т.а. риба акысына түзүлгөн келишимге баш ийилбейт.

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here