Шри-Ланка: жардыруулар
21-апрелде Шри-Ланка өлкөсүндө бир катар жардыруулар жүз берди. Маалымат каражаттары 300дөн ашуун адам өлгөнүн кабарлап жатышат. Бул жардыруулар көптөгөн суроолорду ортого салды. Эмне үчүн? Эмне максатта?
XVI кылымдан тартып бул аралга португалдар келди, кийин алардын ордун голландиялыктар ээледи. 1802-жылы Британия аралдан голландиялыктарды сүрүп чыгарып, Шри-Ланканы Британиянын колониясы деп жарыялады. 1948-жылы өлкө Британиянын доминиону катары калып, Доминион Цейлон деген аталышта «көз карандысыздык» алды. 1972-жылы өлкөнүн ысымы Шри-Ланкага өзгөрүп, доминиондуктан чыкты, бирок Улуттар шериктештигинин мүчөсү болду.
Шри-Ланка калкынын саны 22 миллионго жетет, алардын 70%ы бутпарастар (сингалдар), 12%ы индуисттер (тамилдер), 10%ы мусулмандар, 7%ы христиандар.
1983-жылдан 2009-жылга чейин өлкөдө айыгышкан жарандык согуш болгон. Бийлик менен тамилдер ортосундагы бул согушта 70 000 адам набыт болуп, 140 000 адам дайынсыз жоголгон. Бийликтин тамилдерге каршы дискриминациясы тамилдердин бийликке каршы чыгуусуна себеп болгон: 1948-жылы мыйзам 900 000 тамилдин жарандыгын бекер кылган, 1956-жылы сингал тили жалгыз расмий тил деп таанылган, 1970-жылы жаңы таалим саясаты тамилдердин жогорку окуу жайларга кирүүсүнө тоскоолдук жараткан. «Сингалдар бардык тамилдерди террорист деп билишет, бүгүнкү күнгө чейин аларга баскынчылар катары карашат» («Le Figaro», 2019-жыл, 21-апрель).
Учурда өлкөдө радикалдуу бутпарас топтор өсүп күчөп жаткан маал. Алар Шри-Ланканы накта бутпарас өлкө деп таанып, өлкөнү «башкалардан» тазалоо үчүн аракет кылып келишет, бийлик болсо алардын көптөгөн зомбулук иш-аракеттерине көз жумган. Бутпарастар бир гана тамилдерге эмес, мусулмандарга да, христиандарга кол салышат.
2012-жылы «Бутпарас күчүнүн кошууну» (Боду Бала Сена – ББС) деген уюм түзүлгөн. Учурда бул уюмдун башчысы Галагода Атте Гнанасара. Өлкөдө бул уюмду жактагандардын саны көп.
2012-жылы ББСчылар христиан пастордун үйүнө кол салышты. Ал эми, бир ай өтүп бутпарас монахтар жетектеген аламан Коломбо шаарында коллежге чабуул жасап, алар муну профессорлор мусулман абитуриенттерге жакшы баа коюп жатышат деп жүйөлөшкөн.
2012-жылы миңдеген бутпарастар жана монахтар чогулган митингде Гнанасара мындай деди: «Бул өлкөнү бутпарастар-сингалдар тикелеген жана ал бутпарастардын өлкөсү бойдон калышы керек» (lenta.ru, 2016-жыл, 6-июнь).
2014-жылы июнь айында бутпарас монахтар жетектеген аламан мусулмандардын дүкөндөрүн жана унааларын өрттөшкөн. Гнанасара бул талап-тоноочулукка маашыркап турган бутпарастарга минтип кайрылган: «Сингалдардан турган полиция биз тарапта. Сингалдардан турган армияны да унутпашыбыз керек. Эгер, бир мусулман же бөтөн бирөө сингалга тийише турган болсо, биз аны өлтүрөбүз» (lenta.ru, 2016-жыл, 6-июнь). Гнанасаранын мындай тан алуусу да бар: «Биз – экстремистпиз жана улутчулбуз» («Der Standard», 2019-жыл, 22-апрель).
ББС рохинжа мусулмандарын кыргын кылууга чакырган Мьянмадагы «969» уюму менен тыгыз байланыш орнотуп келет. «969» уюмун Ашин Виратху жетектейт, ал да мусулмандарга каршы душмандыгы менен белгилүү. Виратху өзүнүн бул душмандыгын минтип түшүндүрөт: «Сиз жакшылыктын жана сүйүүнүн үлгүсү болушуңуз мүмкүн, бирок кутурган иттин жанында уктабаш керек. Эгер, биз күчсүз болсок, мусулмандар бүт жерибизди басып алышат». (lenta.ru, 2016-жыл, 6-июнь). 2014-жылы сентябрда Ашин Виратху Шри-Ланканын Коломбо шаарында уюштурулган конференцияга катышып, ББС уюмун колдоого аларын билдирди.
Шри-Ланкадагы христиандар да бутпарастар тарабынан кемсинтүүлөргө жана кысымдарга тынымсыз кабылып келет. NCEAL деп аталган жергиликтүү чиркөөнүн башкармалыгы маалымдашынча, бутпарас монахтар христиан ырасымдарын өткөрүүгө ар дайым тоскоолдук кылып келишет. «2018-жылы христиандарга жана алардын уюмдарына каршы 86 зомбулук жана коркутуу окуялары катталган» («Der Standard», 2019-жыл, 22-апрель).
Белгилүү болгондой, бул өлкөдө мусулмандар менен христиандар ортосунда душмандык болбогон.
«Бул үрөй учурган окуялар. Жада калса, бийлик менен тамилдер ортосундагы 30 жылга созулган жарандык согушта да оор акыбеттерге алып келген мындай так тартиптештирилген чабуулдар болбогон… Аралда мурун мусулмандар эч качан башка коомдорго, өзгөчө христиандарга чабуул кылышпаган. Шри-Ланкада «Тамил-Илам» уюмунун мүчөлөрү гана өзүн жардырган терактыларды кылышкан» («Le Figaro», 2019-жыл, 22-апрель).
Бүгүнкү күндө «теракттар» мамлекеттердин эң сүйүктүү инструментине айланды. Элди баш ийдирүүнүн, макул эместерди сотсуз камакка алуунун, элге жакпаган саясатты ишке ашыруунун, кимдир бирөөлөрдү жаман көрсөтүүнүн мыкты куралы – бул теракттар.
«Белгилүү болгондой, Мьянма коому абдан коркутулган абалда болчу жана мунун баарынын кунун мусулмандар төлөштү. Натыйжада, миллиондогон мусулмандар өз жерлеринен айрылышты жана массалык түрдө башка өлкөлөргө качууга мажбур болушту. Эгер, Шри-Ланкадагы теракттарда да – ИГИЛ же башка уюмдар себептүү – мусулмандар күнөөлүү деп табылса, бул өтө оор натыйжаларга алып келет. Бул теракттарда өлгөндөр жана жаралангандар абдан көп болгондуктан, токтом чыгаруучу туура ой жүгүрткөн адамдарды да оңой эле манипуляция кылууга болот» («Yeni Şafak», Абдулла Агар, 2019-жыл, 21-апрель).
Абдулхак