Экинчи жолу өтүүчү “Бир алкак – бир жол” форумуна 37 мамлекеттин башчылары катышат
Экинчи жолу өткөрүлө турган “Бир алкак – бир жол ” форумуна 37 мамлекеттин президенттери жана премьер-министрлери катышат. Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министри Ван И билдирди.
Ван И: “Экинчи жолу өтүүчү “Бир алкак – бир жол” форуму 25-27-апрель күндөрү Пекинде өткөрүлөт жана ушул жылы Кытайда өткөрүлүүчү эл аралык иш-чаралардын эң негизгиси болот. Ага 37 мамлекеттин жетекчилери катышат”, – деген.
Анын айтымында, форумга Эл аралык валюта фондунун төрайымы Кристин Лагард жана БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш да катышат.
Ван Инин билдиришинче, форумдун программасы түрдүү иш-чараларга бай болот. 25-апрелде 12 тематикалык форум жана конференция, 26-апрелде салтанаттуу ачылыш ырасымы, ал эми 27- апрелде жалпы жыйын болот. Бардык иш-чараларга Кытайдын жетекчиси Си Цзиньпин төрагалык кылат.
Биринчи форум Пекинде 2017-жылдын май айында болуп өтүп, ага 29 мамлекеттин башчылары катышкан.
“Бир алкак – бир жол ” концепциясы – Борбор Азия, Европа жана Африканын 60тан ашуун мамлекетин байланыштыруучу соода-транспорт жолдорун куруу боюнча Кытайдын демилгеси болуп, ушул мамлекеттер менен Кытайдын ортосундагы соода алакасын өнүктүрүүнү көздөйт.