Россия Украинанын жаңы санкцияларына жооп кайтарды

399
0

Россия Украинанын жаңы санкцияларына жооп кайтарды

Россия Украинанын жаңы санкцияларына жооп кайтарды. Бул тууралуу РИА “Новости” кабарлаган.

РФ премьер-министри Дмитрий Медведев: “Биз өз кызыкчылыктарыбызды коргоого мажбурбуз. Мен өкмөттүн тийиштүү токтомуна кол койдум”, – деген.

2019-жылдын 1-июнунан баштап Россия Украинага көмүр, нефть жана нефть продукцияларын жеткирип берүүгө тыюу салды. Аталган товарларды атайын уруксат негизинде гана жеткирип берүү мүмкүн болот.

О.э. Россия Украинанын машина куруу, жеңил өнөржай жана металл иштетүү тармагынын продукцияларына тыюу салган.

 Белгилүү болгондой, Украина өкмөтү өткөн аптада Россияга каршы санкциялар тизмесин кеңейткен.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here