АКШ Россияга каршы туруу үчүн роботтошкон кемелер флотун түзөт
АКШ аскер-деңиз күчтөрү 2024-жылга барып роботтоштурулган кемелерден пайдалануу менен флотунун санын көбөйтөт. Булардын бардыгы Россия жана Кытай менен атаандаштыкка туруштук берүү максатында ишке ашырылат. Бул тууралуу “National Interest” басылмасына таянып “Sputnik” кабарлады.
Айрыкча, АКШ суу бетинде жүрүүчү автоматташтырылган ири кемелерди жана 9 даана ири роботтоштурулган субмариналарды сатып алуу үчүн 4 миллиард доллардын тегерегинде каражат бөлүүнү пландаштырууда. Убактысы келгенде бул каражаттардын көлөмү кескин көбөйүшү божомол кылынууда.
Басылма кабарлагандай, АКШ аскер-деңиз күчтөрүнүн жогорку даражалуу жетекчилери “жүздөгөн деңизчилер кызмат кылып жаткан Американын ири кемелери Россия жана Кытай ракеталары каршысында алсыз” деп тынчсызданганы үчүн ушундай флот түзүүгө муктаждык пайда болгон.
Америка армиясынын контр-адмиралы Рэнди Крайтс басылмага берген интервьюсунда, жаңы роботтоштурулган кемелердин функциясы “аныктоо жана чабуул кылуу” экендигин билдирген.
Контр-адмиралдын айтымында, автоматташтырылган кемелер куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат кылып жаткан кемелерге салыштырганда арзан, көлөмү кичине жана башкаруу тараптан өз алдынча болот. Мындан тышкары, АКШ учурда автоматташтырылган кемелер флотилиясы жана суу астында жүрүүчү кемелерди башкаруу борбору катары кызмат кылуучу жаңы ракеталуу фрегатты иштеп чыгаруу менен алек болууда. Мындай фрегаттардын саны кийинчерээк 20га жеткирилет. Алгачкы фрегат үчүн 2020-жылдын аскерий бюджетинин алкагында 1,3 миллиард доллар каражат бөлүү пландаштырылган.